апсай этиш. Чач, сакал, муруту калың болуп өсүп кетүү, ка лың түк басуу. Апсайган картаң чал менен кантип к н өткөрүүгө болот? (Абдукаримов). |
апсайт апсай этишинин аркылуу мамилеси. |
апсаң : апсаң-апсаң этүү — апсайган кебетеси менен ол доксон, ыгы-жөнү жок көрүнүштө болуу. |
апсаңда этиш. Апсаң-апсаң этүү. |
апсаңдат апсаңда этишинин аркылуу мамилеси. |
апсаңдоо апсаңда этишинин кыймыл атоочу. |
апси туурасы: напси. |
апсый апсай менен бирдей. |
апта зат. Бир жума, жети күн. Өзгөчө эгин жыйын келгенд аптасы менен үй бетин көрбөй,.. эгин төгүп станци яда жүрчүбүз (Айтматов). |
аптаба зат. диал. Колго суу куюучу узун моюндуу жез кумга н, чайнек. Аптабага суу көтөрүп бай колуна суу куй ганы [жигиттердин бири] өргөөгө кирет (Сыдыкбеков |
аптама аптаба менен бирдей. |
аптап зат. Ысык илеп, күндүн илеби, ысык тап. Кеч кирип к еле жатканы менен, күндүн аптабы али кайта элек (А йтматов). |
аптаптуу сын. Аптабы бар, илептүү, ысык. |
аптарыйка зат. сүйл. Авторитет. |
аптарыят зат. сүйл. Авторитет. |
аптека зат. Рецепт боюнча дары-дармек даярдай турган жан а дары-дармек сата турган мекеме. |
аптечка зат. Биринчи жардам көрсөтүү үчүн колдонулуучу д рылардын жыйындысы жана ушундай дарылардын жыйы ндысы бар шкафча, коробка. Жол аптечкасы. |
аптиек зат. тар. Курандын жетинчи бөлүгү, революцияга че инки эски мектептерде окуу-жазууга үйрөтүүчү ок у куралы катарында колдонулган китеп. |
аптоо диал. аптап менен бирдей. |
аптыгуу аптык этишинин кыймыл атоочу. |
аптык этиш. Сүйлөгөндө, тамактанганда шашылган, энтикк н, эркин дем ала албай калган сыяктуу абалда болу у. Токтокан кардыккан үнү менен кайрадан аптыгып |
аптыктыр аптык этишинин аркылуу мамилеси. |
апчуу апчы этишинин кыймыл атоочу. |
апчы этиш. Чапчуу, аткуу. Токтогул селт дей түшүп, эки к олу менен апчый кармады (Аалы). Бек апчып билет са ган төш чөнтөгүн, Жаш баатыр жыгылыптыр ушул жер |
апчыт апчы этишинин аркылуу мамилеси. |
апыл : апыл-тапыл — тез, ылдам,
шапа-шупа. Апыл-тапыл камынып, Аттанды колдун баардыгы (Тоголок Молдо). |
апылда этиш. 1. Токтоно албоо, алып учуу, алеп-желеп болуу. Жүрөгүм токтоно албай, апылдады («Советтик Кы гызстан»). 2. Мактанып, опуруп-жапырып сүйлөө. |
апылдат этиш. Чоң-чоң сугунуу. Апылдатып ашады. |
апылдоо апылда этишинин кыймыл атоочу. |
апыраңда этиш. Бапыраңдаган, карбаластаган аракетте болуу ; ушундай кебетеде сүйлөө. Апыраңдап болбойсуң, Ж , арак,.. ичкен массыңбы? (Калык). |
апыраңдат апыраңда этишинин аркылуу мамилеси. |
апыраңдоо апыраңда этишинин кыймыл атоочу. |
апырт этиш. Ашырып сүйлөө, кошуп күчөтүп сүйлөө, чыныгы болгон абалынан, чыныгы көрүнүшүнөн ашырып жибер үү. Темир да апыртып айтып мактанбады (Сыдыкбеков |
апыртма зат. Апыртылып, кошулуп айтылган сөз. Кечиргиле, ж олдоштор, Апыртма болсо сөзүмдө (Шүкүрбеков). |
апыртмалуу сын. Апыртмасы бар, ашырып айтылган. Апыртмалуу а амга Алыстан чыккан чаң жакшы («Мендирман») . |
апыртуу апырт этишинин кыймыл атоочу. |
апырык : апырык-сапырык же апырык менен сапырык — опур -топур чачылган, ополоң-тополоң таштап жыйылбага . Өтүкчүнүн үйү — апырык менен сапырык (макал). |
апырылт апырт менен бирдей. |
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: