Сын атооч - заттын өңүн, түсүн, сынын, сапатын, даамын, формасын жана башка көрсөтүп, кандай? кайсы? деген суроолорго жооп берген сөздөр сын атооч деп аталат.

 

М и с а л ы: кызыл, сары, жашыл, таттуу, ачуу, тоголок, жумшак жана башка. Сын атооч сүйлөм ичинде көбүнчө баяндоочтук, аныктоочтук, бышыктоочтук милдетти аткарат: Мисалы: Акылдуунун сөзү кыска (кыска — баяндооч). Жакшы адамдын белгиси эл камы үчүн жүгүрөт, жаман адам белгиси өз камы үчүн күйүнөт (жакшы, жаман - аныктооч). Бали, азаматтар, жакшы иштедиңер (жакшы -бышыктооч).

Источник:
Теги: