Атоо кызматын аткарган тилдин негизги материалдык бирдиги сөз болуп эсептелет. Сөз эмнеден куралат, башкача айтканда, сөздүн тутумунда эмнелер бар, сөздүн тутуму эмнелерден турат? Сөздүн чыныгы ички табиятын аныктоо үчүн мына ушул суроолорго жооп бериш керек.

Сөз – тилдин эң негизги материалдык бирдиги. Сөздө анын ички табиятын мүнөздөгөн маани-мазмуну жана сырткы турпатын мүнөздөгөн тыбыштык түзүлүшү болуп, бири-биринен ажырагыс эки тарабы бар.

Сөздүн бири-биринен ажырагыс ушул эки тарабына саресеп салып көрөлү.

1). Сөздүн ички табиятын мүнөздөгөн маани-мазмуну болот деп айттык. Ар бир сөз өзүнүн мааниси же маанилери менен жашайт. Ал ошол маанилери менен сөз болот дагы, биз тилди пайдаланганда айта турган оюбузду туюндурат. Маани болбосо, сөз болбойт. Сөздүн маанилери лексикалык маанилер жана грамматикалык маанилер болуп экиге бөлүнөт.

Сөздүн лексикалык маанилери тууралуу тил илиминин лексикология бөлүмүндө кеңири айтылган. Ал эми грамматикалык маанилери тууралуу жогоруда грамматика бөлүмүндө сөз болду.

2). Сөздүн сырткы турпатын мүнөздөгөн тыбыштык түзүлүшү болот деп айттык. Сөздөрдүн сырткы турпатын анын тыбыштык түзүлүшү, муун түзүлүшү жана морфемалык түзүлүшү деп үч башка карайбыз.

а). Тыбыштык түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги сөздөр бир эле тыбыштан жана эки же андан көп тыбыштардан да курала берет. Мисалы: ээ(үй ээси), оо (жүк ооду), уу (ууга чыктык), уу (уу ичти) деген сөздөрдүн ар бири бир эле тыбыштан турат. Ал эми уй, ай, тоо, өт, ак, ут-, же-, ал- деген сөздөрдүн ар бири эки тыбыштан турса, ата, эне, сен, баш, жүн, тон, кел-, жүр-, кой- деген сөздөрдүн ар бири үч тыбыштан, арка, эрке, март, чана, кара, айыл, ырда-, отто-, тарт-, сана- деген сөздөрдүн ар бири төрт тыбыштан, китеп, улага, жашыл, мойун, койун, токой, менен, айкын, байка-, чайка- деген сөздөрдүн ар бири беш тыбыштан турат. Алты тыбыштан (каймак, кыштак, салмак, мамиле, кереге), жети тыбыштан (жөнөкөй, камылга, керебет), сегиз тыбыштан (замандаш, жагалмай, күрсүлдө-) жана андан көп тыбыштардан турган сөздөргө да мисалдар келтирүүгө болот.

Сөздөрдүн канча тыбыштан тургандыгы грамматикада анча мааниге ээ боло бербейт.

б). Муун түзүлүшү боюнча да сөздөр бир муундуу, эки же андан көп муундуу болот. Муун – тилдеги сөздөрдүн айтылыш ыргактары болуп эсептелет. Муундун ачык муун, жабык муун, туюк муун деген үч түрү бар. Булар тууралуу азыркы кыргыз тилинин фонетика бөлүмүндө айтылган.

в). Морфемалык түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги сөздөр ар бири өз алдынча мааниге жана кызматка ээ болгон мүчөлөрдөн турат. Сөздүн тутумундагы мына ушул мүчөлөр анын морфологиялык жактан түзүлүшүн (курулушун) шарттайт.

Морфема сөздүн андан ары тутумдарга (мүчөлөргө) бөлүнбөй, кандайдыр маани берип турган эң кичинекей морфологиялык бирдиги болуп эсептелет. Мисалы: Алатоо көрккө келбейт эл болбосо. (Барпы) Мисалдагы Алатоо деген татаал сөздүн тутумундагы жөнөкөй сөздөрдүн ар бири бирден гана морфемадан (мүчөдөн) турат, көрк-кө деген сөз эки морфемадан (мүчөдөн) турат, кел-бе-й-т деген сөз төрт морфемадан (мүчөдөн) турат, эл деген сөз бир морфемадан (мүчөдөн) турат, бол-бо-со деген сөз үч морфемадан (мүчөдөн) турат.

Кээ бир сөздөр мүчөлөнбөйт, башкача айтканда, тутумунда бир эле мүчө (морфема) болот: ой, сан, жаа, тоо, жылкы, кайт-, ут-, ме-, жан-, ээ, суу, ата, той, ой, алты, чапан, саман ж.б. Кээ бир сөздөр болсо, тарыхый өсүп-өнүгүшү, башкача айтканда, келип чыгышы изилденип, белгилүү болгондо гана мүчөлөнөт, морфемаларга ажырайт.

Мисалы: сүйлө деген сөз эки мүчөдөн турат. Биринчи мүчөсү сөз, бул – уңгусу (салыштыр: өзбекче сузла), ал эми экинчи мүчөсү курандысы, -ла; жорго деген сөз да тарыхый келип чыгышы боюнча мүчөлөнөт: жор- деген унгу жорт-(жортуп келатат) деген сөздө сакталып турат, мындагыаркылуу мамиленин көрсөткүчү; салыщтырсак, монгол тилинде жор- «бас-, жүр-» деген маанида колдонулат. Ал эми -га этиштен атооч жасоочу өнүмсүз куранды, бул куранды билге – «акылман», тилке деген сөздөрдүн тутумунда да бар (бил- ге, тил-ке).

Көпчүлүк сөздөр кыргыз тилинде оңой эле мүчөлөнөт (морфемаларга ажырайт): ойло (ой-ло), жаанда (жаа-н-да), китепканачы (китеп-кана-чы) ж.б.