Кыргыз тилинде жаңыдан жасалган сөздөр бир топ арбын. Алардын ар кандай ыктар, амалдар менен жасалгандыгына карай өзүнчө бөтөнчөлүктөрү бар. Мисалы: малчы, басма, ачыткы, сына-, көбөй- деген сөздөр негизге куранды мүчөлөрдүн жалганышы менен жасалса, байке, таята, быйыл, аткулак, Каракол, Жаныбек деген сөздөр эки сөздүн кошулуп, лексикалык бир маани билдириши аркылуу жасалган. Ошентип, сөздөрдүн жасалыш ыгындагы айырмачылыктарга карата кыргыз тилинде сөз жасоонун эки жолу болот: сөз жасоонун морфологиялык жолу жана сөз жасоонун синтаксистик жолу.

Тил илиминде айтылып жүргөн сөз жасоонун лексика-семантикалык жолун С. Давлетов лексикалык маанилер алкагында карап, лексикологиянын обөектиси деп эсептейт. Биз да ушул көз карашты колдоп, төмөндө сөз жасоонун аталган эки жолу тууралуу сөз кылабыз.

Сөз жасоонун морфологиялык жолу

Негизге куранды мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун морфологиялык жолу деп аталат. Мисалы: саанчы, илимпоз, энелик, түймө, тоют, тончон, ырда-, сана-, байы-, көбөй-, көнүк-, тамчыла-, тарсылда-, чыркыра- ж.б. сөздөр куранды мүчөлөрдүн (-чы, -поз, -лык, -ма, -ыт, -чан, -ла, -ай, -ык, -а, -ы, -чыла, -ылда, -ыра) жардамы аркылуу морфологиялык ык менен жасалды.

Сөз жасоонун морфологиялык жолу менен жасалган туунду сөздөр кыргыз тилинде абдан көп. Морфологиялык жол менен сөз жасай турган курандылар да мол.

Куранды мүчөлөр, алардын бөлүнүштөрү жана башка касиеттери жогоруда «курандылар» деген темада кеңири айтылды. Мына ошол курандылар аркылуу сөздөрдүн жасалышына мисалдар жана курандылардын маанилери төмөндө тиешелүу сөз түркүмдөрүндө кеңири айтылат.

 

Сөз жасоонун синтаксистик жолу

Эки же андан көп сөздөрдүн биригиши аркылуу жаңы сөздөрдүн жасалыш ыгы сөз жасоонун синтаксистик жолу деп аталат.

Мисалы: агайын, кайната, бүгүн, айбалта, кумшекер, ашказан, үй-жай, ата-бала, кыз-кыркын, курал-жарак, баш бак-, кол кой-, көз сал-, Сагыналы, Мукамбеткалый, Сатыбалды, Арчатору, Аккыя, Онбиржылга, Чатыркөл ж.б. сөздөр эки (үч) сөздүн биригип бир маани бериши аркылуу жасалган, башкача айтканда, сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалган. Кыргыз тилинде мындай ык менен жасалган сөздөр өтө көп.

Мисалы, зат атоочтор: кыларкан, таяке, оозеки, жетата, көккытан, аткулак, бакажалбырак, ташкөмүр, бала-бакыра, ыйкы-тыйкы, күч-кубат, Сатыбалды, Токтобүбү, Турусбек, Ысыккөл, Шамалдысай, Чоңсарой, Акталаа ж.б.

Сын атоочтор: боз ала, жээрде кашка, кызыл ала ж.б.

Сан атоочтор: он бир, кырк сегиз, бир жүз отуз беш, алты миң сегиз жүз токсон төрт, экиден бир, үч-үчтөн, төрттөн бир, төрт-беш, жыйырма-отуз, бирин-серин ж.б.

Ат атоочтор: кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч бир, ар ким, ар нерсе, алда ким, эмне кылып жатат? ж.б.

Этиштер: ала кел-, бара бер-, келе бер-, байкай кой-, окуп чык-, тоюп ал-, ырдап кой-, капа бол-, көз сал-, тил ал-, кол кой-, жол чал-, тырп эт-, жарк эт-, чү де-, кош де-, жылт кой-, чөк түш- ж.б.

Тактоочтор: ары-бери, бат-бат, бетме-бет, анча-мынча, эртели-кеч, анда-санда, алда кайда, ар дайым ж.б.

Синтаксистик жол менен жасалган сөздөр – татаал сөздөр. Ошондуктан, төмөндө татаал сөздөрдүн түрдүү касиеттерине, түрлөрүнө өзүнчө токтолобуз.

Татаал сөздөр

Татаал сөздөр жөнөкөй сөздөрдөн тутумдук түзүлүшү менен айырмаланат. Бирок, булар деле тутумунда эки же андан көп сөз болгонуна карабай лексикалык бир гана маанини билдирет. Демек, татаал сөздөр сүйлөмдө сүйлөмдүн бир эле мүчөсүнүн милдетин аткарат. Татаал сөздөрдүн айрым топтору жөнөкөй сөздөрдөн грамматикалык маанилери боюнча да айырмаланат.

Мисалы: киши-кара, бала- чака, мал-сал, эгин-тегин деген сыяктуу татаал сөздөрдө дайыма көптүк сан мааниси кошо болот.

Татаал сөздөрдүн грамматикалык жактан уюшулушу өтө ар түрдүү. Эки же андан көп компоненттерден тургандыктан алардын ортосунда бири- бирин байланыштырып турган синтаксистик байланыш бар. Ошондуктан, аларды грамматикалык жактан уюшулушу жана тутумдук түзүлүшү боюнча төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп карайбыз:

1. Ыкташуу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр. Кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн басымдуу бөлүгү ушул ык менен уюшулган. Аларды биз тутумундагы сөздөрдүн (негиздердин) маанисине, мүнөзүнө жана түркүмдүк өзгөчөлүгүнө жараша андан ары дагы бөлүштүрөбүз:

а) жалаң атоочтордун айкашынан турган татаал сөздөр:

каржилик, таштүлөк, өнөржай, ашказан, бүгүн, чоңата, Соңкөл, Ылайталаа, Сарыжаз, Жоошбай, Алмагүл, Турганбай, илимий даража, айылдык кеңеш, беш айлык, эл аралык ж.б.

б) атоочтор менен этиштердин айкашынан турган татаал сөздөр: кол сал-, жакшы көр-, жок кыл-, өч ал-, дем ал-, баш ий-, пайда бол-, баш бак- ж.б.

в) чакчылдар менен байланышып уюшулган татаал сөздөр:

бара бер-, жаза сал-, тура тур-, кийе кой-, окуп жибер-, кайтып кел-, байкай кой- ж.б.

г) тактоочтор менен айкашып уюшулган татаал сөздөр:

тез тез, ары бери, алда кайда ж.б.

д) тууранды сөздөр менен байланышып уюшулган татаал сөздөр: тарс эт-, жылт эт-, чү де-, жылт кой- ж.б.

2. Таандык байланыш менен уюшулган татаал сөздөр:

бирдин айы, бештин айы, шайлоо комиссиясы, төрөт үйү, окуу бөлүмү ж.б.

3. Башкаруу байланышы менен уюшулган татаал сөздөр:

жолго сал-, жандан кеч-, көзгө түш-, колго сал-, күнүн көр-, тилден кал-, жокко чыгар-, баш жаз-, жооп бер-, өкүттө кал-  ж.б.

4. Тең байланыш аркылуу уюшулган татаал сөздөр. Мындай ык менен уюшулган татаал сөздөр да кыргыз тилинде бир топ арбын. Булар да өз ара бири-биринен айырмаланган топторго бөлүнөт:

а) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани берип турган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: тоо-таш, курал-жарак, күч-кубат, азап-тозок, алыш-бериш, эрди-катын, кадыр-барк, ал-абал, кылык-жорук, ит-куш, курт-кумурска ж.б.

б) түгөйлөрүнүн бири лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: кыз-кыркын, китеп-митеп, бала-бакыра, эгин-тегин, кийим-кечек ж.б.

в) түгөйлөрүнүн бардыгы лексикалык маани бере албаган сөздөрдөн (негиздерден) уюшулган татаал сөздөр: ыйкы-тыйкы, ыпыр-сыпыр, олку-солку, быт-чыт, үрөң-бараң ж.б.

Тутумдук түзүлүшү боюнча кыргыз тилиндеги татаал сөздөрдүн үч түрү бар. Алар: кош сөздөр, кошмок сөздөр жана кыскартылган сөздөр.

 

Кош сөздөр

Маанилик же уйкаштык жагынан жупташып келип бир гана лексикалык мааниге ээ болгон татаал сөздөр кош сөздөр деп аталат. Мисалы: күч-кубат, бала-чака, алдым-жуттут, алай-дүлөй, чымын-чиркей ж.б.

Кош сөздөр түгөйлөрүнүн (компоненттеринин) берген маанилерине жараша өз ара топторго бөлүнөт.

1. Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло алган кош сөздөр: ата-эне, жер-суу, короо-короо, таңгак-таңгак, өйдө-төмөн, кайгы-капа, жан-жаныбар, соода-сатык, кой-эчки ж.б. Кош сөздөрдүн бул тобун С. Давлетов андан ары дагы үчкө бөлгөн:

а) Карама-каршы кош сөздөр. Түгөйлөрү өз ара карама-каршы мааниде болуп кош сөз жаралат: оң-терс, чоң-кичине, кары-жаш, улуу-кичүү, жакшы-жаман, асты-үстү, алды-арты, күн-түн, дос-душман.

б) Маанилеш кош сөздөр. Т үгөйлөрү өз ара бири-бирине синоним маанилерде келип кош сөз жаралат: сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, жарды-жалчы, кедей-кембагал, алдуу-күчтүү, ачык-айкын.

в) Түркүмдөш кош сөздөр. Түгөйлөрүнүн экөө тең бир текте же бир сөз түркүмүндө келип, кош сөз жаралат: алма-өрүк (экөө тең жемиш), идиш-аяк (экөө тең буюм), курт-кумурска, казан-аяк, чымын-чиркей, музоо-торпок, кой-козу, кулун-тай ж.б.

2. Түгөйлөрүнүн бири өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган кош сөздөр: аке-жаке, айыл-апа, жорук-жосун, жаман-жуман, жыт-жыбыр, жоон-жолпу, будуң-чаң, оңой-олтоң, кең-кесири, кийим-кечек ж.б.

3. Түгөйлөрүнүн бардыгы өз алдынча лексикалык мааниге ээ боло албаган кош сөздөр: оргу-баргы, уйгу-туйгу, үрүл-бүрүл, илең-салаң, кым-куут, бака-шака, акыр-чикир, быт-чыт ж.б.

Кош сөздөрдү жалпы категориялык грамматикалык маанилерине карай да өзүнчө топторго бөлүштүрөбүз.

  1. Жалпылап топтоштуруу маанилерин билдирген кош сөздөр: бала-бакыра, эли-журт, агайын-тууган, жер-суу, чымын-чиркей, азык-түлүк, ыпыр-сыпыр ж.б.
  2. Болжолдоп чамалоо маанилерин билдирген кош сөздөр: беш-алты, бирин-серин, отуз-кырк, аз-маз, жарым-жарты ж.б.
  3. Чектөө, жиктөө маанилерин билдирген кош сөздөр: алды-арты, алыс-жакын, ак-кара, тарам-тарам, узун-узун, бетме-бет, жекеме-жеке, теңме-тең ж.б.
  4. Ойдун, процесстин кайталанышын, созулушун билдирген кош сөздөр: бара-бара, кайта-кайта, жыла-жыла, сылай-сылай, бырс-бырс, улам-улам, ыйлап-сыктап ж.б. 
  5. Күчөтүү, сапатты арттыруу маанилерин билдирген кош сөздөр: чоң-чоң, узун-узун, көп-көп, түрмөк-түрмөк, машине-машине ж.б.

Кош сөздөр татаал сөздөрдүн башка түрлөрүнөн жазылышы боюнча араларына дефис (-) коюлуп жазылышы менен да айырмаланат. Булар жупташып бириккен татаал сөздөр. Дефис бириктирүү маанисине ээ. Дефис аркылуу кош сөздөрдүн эки же андан көп тутумдары биригип турат.

Кошмок сөздөр

Тутумдашкан эки же андан көп сөздүн (негиздин) ортосундагы синтаксистик байланыш мааниси солгундап же жоголуп, алар биригип лексикалык бир гана мааниге ээ болуп калат. Мына ушундай татаал сөздөр кошмок сөздөр деп аталат.

Мисалы: айбалта, аткулак, балчелек, колжазма, ишбилги, аккөңүл, ачкүсөн, көккытан, эчкемер, көзайнек, демалыш, чыпетме, атбагар, орунбасар, Мукамбеткалый, Тилебалды, Жетөгүз, Салкынтөр, Базаркоргон ж.б.

Кошмок сөздөрдө тутумдарынын жекече тургандагы маанилери эске алына бербейт. Алар биригип бир маани берет. Бирок, кандайдыр деңгээлде кошмок сөздүн тутумундагы жөнөкөй сөздөрдүн мааниси менен кошмок сөз маанисинде байланыштын болушу мүмкүн.

Кыргыз тилинде кошмок сөздөр өтө эле көп. Алардын уюшулуш, куралыш, түзүлүш өзгөчөлүктөрү да өтө ар түрдүү. Анткени, кошмок сөздөр дээрлик бардык сөз түркүмдөрүн камтып, бир тобу эки башка сөз түркүмүнө жата турган сөздөрдүн (негиздердин) биригишинен келип чыккан.

Кошмок сөздөрдө экиден ашык лексикалык маанидеги сөздөр биригип, башка лексикалык маани жаратат да, башкача грамматикалык маанилердин жаралышына негиз болуп кызмат кылуу милдетин аткарат. Булардын мына ушундай татаал табияты кыргыз тил илиминде азырынча өз изилдөөчүсүн күтүп келет. Ошондуктан, биз кошмок сөздөрдү бул эмгегибизде тигиндей-мындай деп топторго бөлүштүргөн жокпуз. Кошмок сөздөрдүн бөлүнүшү боюнча Б. Ө. Орузбаеванын16 эмгегин кароону сунуш кылабыз.

Кыргыз тилинде кошмок сөздөрдүн жазылышы да бир беткей эмес. Бир тобу бириктирилип жазылса, башкалары бөлөк-бөлөк жазылат. Чынында эле кулак сал-, дит бак-, кол кой-, ала кел-, таап ал- деген өңдүү этиштерди, кара сур, кызыл ала, кара күрөң, мала кызыл деген сыяктуу сын атоочторду, он беш, отуз сегиз, эки жүз элүү алты, эки жарым өңдүү сан атоочторду, кимдир бирөө, кайсы бир, эч качан, эч кандай сыяктуу ат атоочторду, ар дайым, ар убак, алда кайда, алда качан өңдүү тактоочторду, ойлоп табуучу, башкы командачы, пайдалуу кен, кенже лейтенант, маданий турмуш, Кыргыз улуттук университети, Бириккен улуттар уюму деген сыяктуу зат атоочторду бириктирип жазуу бир топ опурталдуу.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясында кошмок сөздөрдүн көпчүлүгүн бириктирип жазуу сунуш кылынган. Аткулак, аттиш, акмай, алакөөдөн, ачкөз, ачарбак, бакажалбырак, биртууган, бешилик, бозулан, баңгизат, жансоога, жибеккурт, желаргы, жетата, зымтор, ишөргүү, ишсапар, көзайнек, карөзгөй, көкжал, колжазма, кызкуумай, кырарка, канталамай, кумшекер, күнкарама, көзайнек, окчонтой, орунбасар, сүттикен, чегара, эрсайыш, эстутум, Карабулак, Кызкүйөө, Кудайберген, Семизбел, Таабалды, /чтерек, Чымкоргон сыяктуу кошмок сөздөр таята, таяке, чоңене, быйыл, бүгүн, көкмээ, оозеки, басмайыл, чүгой, төөматек, жанбаш деген кошмок сөздөрдөй эле биригип, лексикалашып, бир маани берип турат. Булардын бардыгы ушул турпаты менен жазылып, ар кандай сөздүктөрдө ар бири ушул турпаты менен өз-өзүнчө макала болуп келип, реестрге чыгып жазылууга укуктуу.

 

Кыскартылган сөздөр

Сөздөрдүн кыскартылып биригишинен жасалган татаал сөздөр кыскартылган сөздөр деп аталат. Мисалы: шаарком, профсоюз, КР, БУУ ж.б. Мындай сөздөр кыргыз тилинде анча көп эмес. Анткени, булар ойлоп табылып жасалган татаал сөздөр. Кыскартып жазуу сөздүн же сөздөрдүн кайсы муунунан, кайсы тамгасынан кыскартуу ыңгайына жараша жүрөт да, чыгармачылык менен ой жүгүртүүнү талап кылат. Кыргыз тилинде азырынча мындай салт калыптана элек, көбүнчө башка тилдерден өздөштүрүлгөн сөздөр менен кыскартылган сөздөр жаралат. Кыскартууларда, айрыкча муун же сөздүн тыбыштык башка бөлүктөрүнөн кыскартууларда грамматикалык бирдиктүү эреже иштелип чыга элек.

Кыргыз тилинде сөздөр эки жол менен кыскартылып бириктирилип татаал сөздөр уюшулуп жүрөт.

1. Сөздөрдүн тутумундагы муундардан, морфемалардан кыскартып бириктирүү аркылуу уюшулуп кыскартылган сөздөр. Мисалы: боршайком (борбордук шайлоо комиссиясы), шайлооком (шайлоо комиссиясы), облсот (областтык сот), райборбор (райондун борбору), ЖоКе (Жогорку Кеңеш), райакимчилик (райондук акимчилик), ЖаМУ (Жалалабат мамлекеттик университети), БатМУ (Баткен мамлекеттик университети) ж.б.

Кыскартылган сөздөрдүн жаралышындагы бул ыкма азыркы кыргыз тилинде анча өнүгө бербей келет. ХХ кылымда пайда болгон Кыргызмамбас, Кыргызокуупедмамбас сыяктуу сөздөр эскирип архаизмдерге айланып калды.

2. Баш тамгаларды бириктирүү аркылуу уюшулган кыскартылган сөздөр. Мисалы: БУУ (Бириккен улуттар уюму), КР (Кыргыз Республикасы), КУУ (Кыргыз улуттук университети), ИИМ (Ички иштер министрлиги), ТИМ (Тышкы иштер министрлиги), БГУ (Бишкек гуманитардык университети), ж.б. (жана башка), ж.б.у.с. (жана башка ушул сыяктуу), б.а. (башкача айтканда), б.э.ч. (биздин эрага чейин) ж.б.

Баш тамгаларынан кыскартылган сөздөрдө татаал сөз болуп, анын эки уңгусунун тең баш тамгалары кыскартылса, экинчи уңгунун баш тамгасы кичине тамга менен жазылат. Мисалы: ЖаМУ (Жалалабат мамлекеттик университети) ж.б.

Кыскартылган сөздөрдүн жаралышындагы бул ыкма азыркы кыргыз тилинде өз ордуна ээ болуп калыптанып баратат.