«Сөз жасоо тиби дегенибиз – туунду сөздөрдүн айрым-айрым топторго бириктирүүгө мүмкүнчүлүк берген формалдык-семантикалык түзүлүш схемасы (формуласы)» деп жазат С. Давлетов13. Бул деген бир типте жасалган сөздөрдүн негиздери бир түркүмдө болуп, бардыгынын курандысы бир эле куранды дегендик болуп саналат. Мисалы: сынык, чирик, жарык, жабык, бузук, өсүк деген сөздөрдүн уңгулары (сын-, чири-, жары-, жап-, буз-, өс-) бир түркүмдөгү сөздөр, бардыгы этиштер, ал эми булардан бир эле куранды мүчө (-ык) жаңы сөз жаратып жатат, натыйжада бул сөздөр бир эле лексика-грамматикалык жалпылыкта турат, башкача айтканда, жасалган сөздөрдүн бардыгы зат атоочтор. Демек, бул сөздөр - бир типте жасалган сөздөр.

Дагы бир мисал келтирели: байла-, сүйлө-, сыйла-, ыйла-деген туунду сөздөр да сөз жасоонун бирдей тиби менен жасалган. Анткени, негиздери (боо, сөз, сый, ый) - зат атоочтор, бардыгында тең бир эле куранды (-ла) катышып турат, натыйжада жасалган жаңы сөздөрдүн бардыгы этиштер.

Келтирилген мисалдарды С. Давлетов жазгандай кылып схемага келтирсек, төмөндөгүдөй болот.

Биринчи мисал этиштик негиздер + куранды -ык = атооч сөздөр

Экинчи мисал атооч негиздер + куранды -ла = этиш сөздөр

Ошентип, сөз жасоонун тиби үчүн төмөнкүдөй жалпылыктардын болушу шарт:

  1. жасала турган сөздөрдүн негиздеринин бирдей сөз түркүмүндө турушу;
  2. негиз менен жаңыдан жасалган сөздүн ортосунда маанилик жалпылыктын болушу, башкача айтканда, жаңы сөздүн маанисинин негиз берген маани менен байланышып турушу;
  3. жаңыдан жасалган сөздөрдөгү сөз жасоо маанисинин бирдей болушу;
  4. жаңыдан жасалган сөздөрдү алардын негиздеринен айырмалоочу грамматикалык каражаттардын (курандылардын) бирдей болушу;
  5. жаңыдан жасалган сөздөрдүн бирдей сөз түркүмүндө болушу.

Мисалы: оймо, чийме, сүзмө, түймө, сайма, кырма деген сөздөрдүн жасалышы бир типте болду, анткени, буларда жогорудагы беш шарт сакталып турат.

  • бардыгынын негиздери(ой-, чий-, сүз-, түй-, сай-, кыр-) бирдей сөз түркүмүндө (этиш) турат;
  • жасалган сөздөрдүн мааниси негиздердин мааниси менен байланышат: ой- оймо, чий- чийме, сүз- сүзмө, түй- түймө, сай-сайма, кыр- кырма;
  • жасалган сөздөрдүн сөз жасоо мааниси бирдей - «негиздин маанисинин натыйжасы катары туюндурулган зат» деген маани бардыгына таандык;
  • жасалган сөздөрдү алардын негиздеринен -ма курандысы, бир эле каражат айырмалап турат, башкача айтканда, бул сөздөрдүн бардыгы бир куранды менен жасалган;
  • жаңыдан жасалган сөздөр бирдей сөз түркүмүндө турат, бардыгы – зат атоочтор.