Атооч сөздөр деп зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атоочторду айтабыз. Грамматикалык белгилери боюнча этиштин кыймыл атооч жана атоочтук өзгөчө формалары да атоочтор сыяктуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Акыркылары, кыймыл атооч менен атоочтуктар – туунду формалар. Ошондуктан, булардагы сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби да атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартибиндей эле болот. Кыймыл атоочтор менен атоочтуктардан мисал келтиргенде биерде алардын этиш уңгулары эске алынбады, анткени, жогоруда айтылгандай, алардагы мүчөлөрдүн жайгашыш орун тартиби кыймыл атооч, атоочтук болуп турган негиздерден башталат.

Атооч негиздерге (уңгуларга) уланды мүчө жалгангандан кийин эч качан куранды мүчө жалганбайт. Демек, курандылар жалганса, негизге гана жалганат, ал эми уланды мүчөлөр болсо, негизге да (анын ичинде уңгуга да) жана уландылардан кийин да жалгана берет.

Мисалы: ырчы, эмчи, орундук, курдаш деген сөздөрдө куранды мүчөлөр (-чы, -дык, -даш) тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганды; басмакана, башкармалык, саймачы, сырдама деген сөздөрдө куранды мүчөлөр(-лык, -чы, -ма, -кана) туунду негиздерге, башкача айтканда, курандылардан кийин келип жалганды.

Ырдын, үйгө, кызым деген сөздөрдө уландылөр (- дын, -га, -ым) тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганды; ал эми ырчылар, эмчини, орундукта, курдашым деген сөздөрдө болсо, уланды мүчөлөр (- лар, -ни, -да, -ым) туунду негиздерге жалганды, башкача айтканда, сөздөгү куранды мүчөлөрдөн кийин жалганды. Ырчыларга, курдашымдын деген мисалдарда болсо, уланды мүчөлөр (-га, -дын) сөздөрдүн негизине жалганган уландылардан (-лар, -ым) кийин келип жалганды.

Сөздө бир нече куранды мүчөлөр биринин артынан бири келиши да мүмкүн: башкармалык, котормочу ж.б.

Ошентип, кыргыз тилинде атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби: 1) уңгу, 2) куранды, 3) уланды ырааты менен келет. Бул орун тартипте уңгу менен куранды экөө ушундай ыраат катарынан жазбай келет, бир нече курандылар келсе да, сөздөгү курандылар туюндурган маанилерине жараша маанилик ыраат-катары сакталып келе берет. Анткени, уңгу өзүнчө келсе да, уңгуга куранды жалганып келсе да, булар сөздүн негизин түзөт. Ал эми уландыларда болсо, салыштырмалуу туруктуу орун тартиби болот. Атооч негиздерде адегенде көптүк сандын мүчөсү (-лар), андан кийин жакчыл жана жалпы таандык уландылар (-ныкы, -ым, -ың, -ыңыз, -ы, -сы ж.б.), андан кийин жөндөмө (-нын, -га, -ны, -да, -дан) мүчөлөрү жана алардан кийин, адамзаттык атооч болсо, анда жак уландылары (-мын, -сың, -сыз ж.б.) келет. Суроо маанисинин (-бы) мүчөсү сөздүн акырынан орун алат.

Мисалы:

апа-лар апа-лар-ыбыз-сыңарбы
апа-лар-ыбыз (-ныкы) (апа-быз)
апа-лар-ыбыз-дын (апа-быз-сыз-бы)
апа-лар-сыңар (апа-быз-дын)
апа-лар-ыбыз-сыңар (апа-сыңар)
апа-лар-быз (апа-быз-сыз)
   

 

Курандылуу сөздөрдөн мисал келтирели:

ор-ок-чу-лар
ор-ок-чу-лар-ыбыз (-ныкы)
ор-ок-чу-лар-ыбыз-дын
ор-ок-чу-лар-сыңар
ор-ок-чу-лар-ыбыз-сыңар
ор-ок-чу-лар-быз
ор-ок-чу-лар-ыбыз-сыңар-бы

Ошентип, атоочтордо сөз мүчөлөрүнүн биринен кийин бири келе турган орун тартиби негизинен төмөндөгүдөй схемада жүрөт:

Негиз (уңгу же уңгу + куранды) + уланды (көптүк сан, таандык, жөндөмө, адамзаттык атоочтордо жак, суроо мүчөсү). Муну төмөндөгүдөй кылып таблица түрүнө келтирип көрсөтүүгө болот.

1 2 3 4 5 6 7
Атооч
негиздер
(уңгулар).
Мис. эне,
ой, от,
казык ж.б.
-лар -ым (-м)
-ың (-ң)
-ы (-сы)
-ыбыз
(-быз)
-ыңар
(-ңар)
(-лары)
-ныкы -нын
-га
-ны
-да
-дан
-сыз
-сыздар
-ыңыз
-ыңыздар
-(а)т
(-ыш -а -т)
-мын

-быз
-сың
-сыңар
-бы
-чы