Грамматика грекчеден которгондо «окуу жана жазуу өнөрү» дегенди билгизет.

 

Грамматика тил илиминде төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат:

  1. Тилдеги сөздөрдүн жана сүйлөмдөрдүн курулушу, ички түзүлүшү. Тилдин ички табияты. Бул маанисинде биз тигил же бул тилдин грамматикалык түзүлүшүн элестетебиз. Мисалы, кыргыз тилинин грамматикалык түзүлүшү.
  2. Тилдин грамматикалык түзүлүшүн, башкача айтканда, сөздөрдүн өзгөрүү мыйзамченемдиктерин, сөз айкаштарын жана сүйлөмдөрдүн типтерин үйрөтүүчү тил илиминин бир тармагы. Бул маанисинде биз тигил же бул тилдеги сөздөрдүн түзүлүшүн, сөз өзгөртүү системасын, сөз айкаштарынын табиятын, сүйлөм түзүлүш мыйзамченемдиктерин, сүйлөмдөрдүн типтерин, түрлөрүн окуп үйрөнүүнү түшүнөбүз. Мисалы, кыргыз тилинин сөздөрүнүн түзүлүшүн, сөз өзгөртүү системасын, сөз айкаштарынын табиятын, сүйлөм түзүлүш мыйзамченемдиктерин, сүйлөмдөрүнүн типтерин, түрлөрүн кыргыз тилинин грамматикасы окутуп үйрөтөт.
  3. Тигил же бул тилдин грамматикалык түзүлүшүн мүмкүн болушунча толук чагылдыра иликтеп жарык көргөн илимий эмгек, же тилдин түзүлүшү боюнча жазылган окуу китеп. Бул маанисинде биз конкреттүү тигил же бул тилдин теориялык маселелерин иликтеген окуу китепти, же эмгекти түшүнөбүз. Мисалы, Кыргыз адабий тилинин грамматикасы (Фрунзе, 1980). Бирок, грамматиканын бул маанилери бирин бири толуктап, кандайдыр ажырагыс биримдикте колдонула берет.