Кыргыз тилинде сын атоочтун төрт даражасы бар: жай, салыштырма, күчөтмө жана басаңдатма даража. 

Жай даража Заттын белгисин кандай нормада экендигин билгизип, атайын мүчөлөрдүн жардамысыз, уңгу түрүндөгү сапаттык сын атоочтор аркылуу жасалат: кызыл, сары, ак, көк, кара, жашыл, ачуу, кен, сүйрү жана башка. 

Салыштырма даража Заттагы бир эле белги экинчи заттын белгиси менен салыштырылат. Салыштырууну чыгыш жөндөмөсүнүн -дан жана -ыраак мүчөсү уюштурат. Бал канттан пайдалуу. Замира Берметтен кичине. Москва көп шаарлардан кооз (коозураак). 

Күчөтмө даража Заттардын сын-сыпатын күчөтүп, өтө жогору же өтө төмөн экендигин көрсөтөт да, төмөнкү жолдор менен жасалат.

  • а) эң, өтө, абдан, чымкый, чылк деген ж. б. күчөткүч бөлүкчөлөрдүн жардамы менен жасалат: эң чоң, өтө күчтүү, абдан жакшы, чымкый кызыл.
  • б) сын атоочтун толук кайталанып же кыскарып айтылышы аркылуу жасалат: кыпкызыл, упузун, капкара, сапсары, бийик- бийик тоолор, кооз-кооз үйлөр, сонун-сонункөчөлөр ж.б.
  • в) затташкан сын атоочтор күчтөмө даражаны уюштурат: мыктынын мыктысы, сулуунун сулуу су жана башка.

Басаңдатма даража Заттагы белгинин нормалдуу белгиге жете бербегендигин же анын басандатылып айтылышын билдирет, төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат:

  • -ыш - агыш, көгүш
  • -гыл - киргил, чаңгыл
  • -ылжым, -ылжын - көгүлжүм, көгүлжүн
  • -гыч - саргыч
  • -гылт - кызгылт
  • -гылтым - кызгылтым ж.б.

Источник: