Грамматика бири-биринен изилдөө максаты жана изилдөө алкагы боюнча айырмаланган эки бөлүмдөн турат: морфология, синтаксис.

Морфология – тил илиминин грамматикалык курулушунун алгачкысы. Ал сөздөрдүн түрдүү грамматикалык касиеттерин ачып, ар кандай грамматикалык маанилерди, грамматикалык мани берүүчү каражаттарды изилдеп үйрөтөт.

 

Синтаксис болсо, тилдин грамматикалык курулушунун андан аркысы. Синтаксисте сөз айкаштары, алардын типтери, айкашкан сөздөрдүн өз ара карым-катыш байланыштары, сүйлөм, сүйлөмдүн түзүлүшү, түрлөрү, мүчөлөрү окутулат.

 

Айрым учурларда грамматика окуу китептерине тилдин фонетика бөлүмүн да кошуп жарыялашат. Синтаксис грамматиканын экинчи бөлүмү болуп морфологиядан кийин окутулат. 

Бул китеп «кыргыз тилинин морфологиясы» деп аталып, мында грамматиканын биринчи бөлүмү, морфология тууралуу гана сөз болот.