7-_. Төл сөздөрдүн аягында б, в, д, ж, г тыбыштары колдонулбайт, бирок өздөштүрүлгөн герб, клуб, араб, гараж, парад, эпилог сыяктуу сөздөрдө сакталат (VII бөлүмдү караңыз).

8-_. Төл сөздөрдө р тыбышы сөз башына келбейт, ошондуктан раазы, рас, раак сөздөрү ыраазы, ырас, ыраак түрүндө жазылат.

Эскертүү: 1. Араб, фарс, орус ж.б. тилдерден кирген кээ бир сөздөр төмөнкүчө жазылат: рамадан, раис, рубаи, рабат, расмий, райкан, руханий.

Источник: