1-_. Кыргыз адабий тилинде отуз тогуз тыбыш бар: он төрт үндүү, жыйырма беш үнсүз. Үндүүлөрдүн сегизи - кыска: а, э, о, ө, ы, и, у, ү; алтоо - созулма: аа, ээ, оо, өө, уу, үү; жетөө - жоон: а, аа, о, оо, ы, у, уу; жетөө - ичке: э, ээ, ө, өө, и, ү, үү. Үнсүздөрдүн алтоо - уяң: м, н, ң, р, й, л; сегизи - жумшак: б, в, д, ж, ж, з, г; он бири - каткалаң: п, ф, с, ш, щ, ч, х, к, к, т, ц.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)

2-_. Кыргыз адабий тилиндеги тыбыштарды белгилөө үчүн 36 тамгадан турган Кирилл алфавити колдонулат: Аа, Бб, Вв, Гг, Дд,, Ее, Ееё, Жж, Зз, Ии, Йй, Кк, Ал, Мм, Нн, н, Оо, Өо, Пп, Рр, СС, Тт, Уу, Үү, Фф, Хх, Цц, Чч, Шш, Щщ, ь, Ыы, ъ, Ээ, Юю, Яя.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы N 567 токтомунун редакциясына ылайык)

3-_. Созулма үндүүлөр кош тамга менен белгиленет: аа, ээ, оо, өө, уу, үү. Аары, саат, жаа, жээк, бээ, оор, боор, жоо, өөн, мөөн, төө, уук, суур, буу, жүүн, күү ж.б.