78-_. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташылат: ки-теп, бо-ек, то-ют, айтылган-дар, келген-дер, же ай-тылгандар. Созулма үндүү бир гана муун түзгөндүктөн, созулманы бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт; то-олордо эмес, тоо-лордо; бекинү-үчү эмес, бекинүү-чү, за-аркану-учу эмес, заар-кануу-чу.

79-_. Бир муундан турган сөздөрдү бөлүктөргө ажыратып ташууга болбойт: жол, ар, эл, тан, таан, суук, тоо, ээр, тарс, акт.

80-_. Эки муундан турган ага, ата, атак, аалам, аары, араа, эне, эшик, ээле, элек, өмүр, өтүк, ысык, оона, уула, унаа, ишен, имер сыяктуу сөздөр да ташымалданбайт. Анткени бул сөздөрдүн бир үндүү тыбыштан турган муунун сап аягына калтырып, калган бөлүгү жаны сапка ташып жазылбайт. Демек, бул сөздөр а-га, а-та, а-так, аа-лам, аа-ры, а-раа э-не, э-шик, ээ-ле, э-лек, ө-мүр, ө-түк, ы-сык, оо-на, уу-ла, у-наа, и-шен, и-мер болуп, муунга бөлүнүшү боюнча ташылбастан, бирге жазылат.

81-_. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп ташылбайт. Ошондуктан батал-ьон, консул-ьтация, раз-ъезд, под-ъезд болуп ташылбастан, баталь-он, консуль-тация, разъ-езд, подъ-езд болуп ташылат.

82-_. Йоттошкон я, ю, е, ё тамгалары менен келген муундар бөлүнүп ташылбайт: та-я, бо-е, ю-билей, чи-е, акаци-я.

83-_. Үндүү тыбыштардын арасына келген окшош эки үнсүз тыбыштар бири-биринен ажыратып ташылат: та-ккан эмес, так-кан; кана-ттуу эмес, канат-туу; ча-ппа эмес чап-па; ка-сса эмес, кас-са.

84-_. Башкы тамгаларынан кыскартылган БУУ, КУУ, УАК, МАИ сыяктуу сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдап жазууга болбойт. Муундарынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташымалдоого болот: хим-фак, мам-бас (мамлекеттик басма).

85-_. Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан ажыратылып ташылбайт. Т.М.Мамбетжунушовдун, Б.Т.Рысалиевдин жана кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып, мурунку саптын аягына же жаңы саптын башына ташууга болбойт.

86-_. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 10 км, 20 дм, 75 см; 10 т., 100 ц., 125 кг., 67 г.

Жалпы эскертүү: орфографиялык эрежеде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.

Источник: