Этиш сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби атоочтордукунан бир аз башкача болот. Анткени, этиштерде атоочтордон айырмаланган грамматикалык категориялар бар. Анын үстүнө этиш сөздөр – абстракттуу сөздөр. Алардын турпат-көрүнүштөрүн (реалийлерин) көрүүгө, кармоого мүмкүн эмес.

Этиш сөздөрдө да курандылар жалганса, негизге гана жалганат, ал эми уланды мүчөлөр болсо, негизге да (анын ичинде уңгуга да) жана уландылардан кийин да жалгана берет. Мисалы: созгула-, кирин-, сүйүн- деген сөздөрдөгү курандылар (-гыла, -ын) негиздерге (уңгуларга) жалганып келди. Ал эми созгулады, киринбе, сүйүнгөн деген сөздөрдөгү уландылар (-ды, -ба, -ган) туунду негиздерге, созду, сүйбө деген сөздөрдөгү уландылар болсо, тубаса негиздерге (уңгуларга) жалганып турат.

Ошентип, этиш сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн жайгашыш орун тартиби төмөндөгүдөй ыраатта жүрөт.

Негиз (же уңгу), мамиле мүчөлөр, терс маани мүчөсү, чакчылдын мүчөсү (же чакчылдын мүчөсү + жардамчы этиш), чак жана ыңгай көрсөткүчтөрү, жак жана сан көрсөткүчтөрү, өтүнүч жана суроо маанисинин мүчөлөрү.

Муну төмөндөгүдөй кылып таблица түрүнө келтирип көрсөтүүгө болот.

 

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

Этиштик

-ын

-ба

-ып

-ды

-мын

-бы

негиздер

-ыл

 

-ган

-чы

Мис.: уч-,

-ыш

 

-чу

-быз

 

өрдө-,

-тыр

 

-ып

-сың

 

ачыл-,

-кар

 

 

-ыптыр

-сыңар

 

ал- ж.б.

-кыр

 

 

-тыр

-сыз

 

 

-каз

 

 

-ар (-бас)

-сыздар

 

 

-ар

 

 

-гын

ңыз

 

 

-ыз

 

 

-гыла

ңыздар

 

 

өт

 

 

-сын

-(а) т

 

 

 

 

-гай

(-ыш-а-т)

 

 

 

 

 

-мак

 

 

 

 

 

 

-макчы

 

 

 

 

 

 

-са

 

 

 

 

 

 

(-чы)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Этиш сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн биринен кийин бири келип жайгашыш ырааты ушул тартипте жүрөт. Этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн сөзгө жалганыш катар тартиби ушул тартипти сактап келе берет.

Бул, албетте, этиштик негиздерге (уңгуга да) сөз мүчөлөрүнүн мүмкүн болушунча бардыгынын биринен сала биринин ырааттуу жалганыш мүмкүнчүлүгүнө дал келет. Акыйкатында, кыргыз тилиндеги тубаса этиштерге да, туунду этиштерге да алдагы мүчөлөрдүн бардыгы эле жалганып келе бербейт. Тилдин жандуу жүрүшүндө, башкача айтканда, сүйлөшүп жаткан учурда ар бир сөзгө мүмкүн болгон бардык мүчөлөрдү жалгай бербейбиз. Анткени, сүйлөшкөндө ой мааниси менен сөздөр ар кайсы учурда ар башка формада келип колдонулат.

Анан калса, кыргыз тилинде ар кандай этиштик негиздерге сөз мүчөлөрүнүн, айрыкча уланды мүчөлөрдүн жалганыш же жалганбаш мыйзамченемдиктери болот. Жогорку таблицадагы мүчөлөрдүн да айрымдарынын биринен кийин биринин жалганыш же жалганбаш мыйзамченемдиктери бар. Мисалы: өрдө-, уч-, ачыл-, ал- деген сыяктуу этиштик негиздерге (уңгуларга) мамиле мүчөлөрүнүн ичинен -ын, -ыл, -каз, -кар деген түрлөрү жалганбайт.

Этиштин терс маани мүчөсү болсо, өзүнөн мурда келүүчү мамиле көрсөткүчтөрүнүн бардыгына тең жалгана берүүгө жөндөмдүү.

Этиштин терс маани берүүчү мүчөсүнөн кийин чакчылдын -а, -е мүчөлөрү келбейт. Бул көрүнүштүн өзүнчө мыйзамы бар: үндүү тыбыштар менен аяктаган этиштерге чакчылдын -ып жана мүчөлөрү гана жалганат да, -ып мүчөсүнүн баштапкы тыбышы, үндүү тыбыш, сыйлыгышып түшүп калат. Ал эми терс маани мүчөсү үндүү тыбыш менен аяктайт.

Андан кийинки катарда турган чак жана ыңгай көрсөткүчтөрү да өздөрүнөн мурун келе турган чакчыл мүчөлөрдүн баарына эле жалгана бербейт. Булардын ичинен чакчыл мүчөлөрдөн кийин келип жалгана бергени жалгыз гана капыскы өткөн чактын мүчөлөрү болуп эсептелет (-ып, -ыптыр, -тыр). Этиштин чактары менен ыңгайларын билдирген грамматикалык каражаттар (мүчөлөр) өздөрүнөн мурунку катар тартипте турган мүчөлөрдү аттап түшүп эле этиштик негиздерге түздөн-түз барып жалганууга жөндөмдүү мүчөлөр болуп саналат. Мисалы: айтты, бекиген, майлачу, өрдөсө, учар, укмак, ойлогун ж.б.

Чак жана ыңгай мүчөлөрүнөн кийинки катар тартипте келе турган жак жана сан көрсөткүчтөрү болсо, жалгана турган сөз формаларын ылгабайт. Булар да өздөрүнөн мурда келүүчү мүчөлөрдүн айрымдарын аттап барып жалгана бериши мүмкүн, бирок, милдеттүү түрдө чакчыл мүчөлөрүнөн кийин гана жайгашышат. Мисалы: айтамын, бекийт, майлайсыз ж.б.

Ал эми акыркы катардагы суроо маанисинин мүчөсү (-бы) өзүнөн мурда келүүчү грамматикалык каражаттарды эч ылгабайт, бардыгына тең жалгана берет. Өтүнүч маанисин берүүчү мүчө болсо (-чы), экинчи жактын көрсөткүчтөрүнөн кийин гана келет.

Этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби биротоло аныкталды деген ойдон алыспыз. Анткени, бул маселе кыргыз тил илиминде жаңыдан гана7 колго алынып, азырынча өзүнүн изилдөөчүсүн күтүп турат.