Кыргыз тилинде сөздүн тутумундагы мүчөлөр белгилүү бир орун тартип менен келет6. Анткени, агглютинация дайыма уңгудан (же негизден) кийин маанилик тартип менен биринен сала бири чиркешип келе берген сөз мүчөлөрү аркылуу туюндурулат. Кыргыз тилинде анын ички табиятына ылайык дайыма биринчи орунда, башкача айтканда, сөздүн башталышы болуп уңгу келет.

Кабыл алынган айрым сөздөрдө гана уңгудан мурда жалганган мүчөлөр бар: бейадеп, бейкапар, натуура, найынсап ж.б. Бул көрүнүш деле кыргыз тилиндеги сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн белгилүү тартип менен жайгашыш ыраатына таасир эте бербейт. Болгону ошол саналуу гана сөздөрдө сөз жасоочу каражат (сөзалды мүчө) уңгудан мурда келет: адепбейадеп, капар бейкапар, туура натуура, ынсап найынсап ж.б. Анан калса, сөзалды мүчөлөрү бар сөздөрдүн дээрлик бардыгы башка тилдерден кабыл алынып өздөштүрүлгөн. Алар ошол тилдердеги сөзалды мүчөлөрү бар турпаты менен кабыл алынып өздөштүрүлгөн. Демек, кыргыз тили үчүн мындай сөздөр негиз катары болуп, сөз мүчөлөрүнүн орун тартип мыйзамына карама-каршы келбейт.

Сөздөрдө сөз мүчөлөрүнүн жайгашыш ырааты атоочтордо бир башка жана этиштерде бир башка болот. Себеби, атоочтордогу жана этиштердеги грамматикалык категориялар бири-бирине дал келе бербейт. Башкача айтканда, атооч сөздөр башкача ыкта, этиш сөздө башкача ыкта өзгөрөт. Ошентип, төмөндө биз атооч сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартиби менен этиш сөздөрдөгү сөз мүчөлөрүнүн орун тартибин өз-өзүнчө карайбыз.