Тиешелүү грамматикалык каражаттар аркылуу туюндурулуп, бири-биринен айырмаланган жекече грамматикалык маанилердин жыйындысы грамматикалык категория деп аталат.

 

Кыргыз тилинин грамматикасында сан, жөндөмө, таандык, жак, чак, мамиле, ыңгай ж.б. грамматикалык категориялар бар.

Жөндөмө категориясын туюндуруучу грамматикалык каражаттар – жөндөмө мүчөлөрү. Ар бир жөндөмөнүн мүчөсү башка жөндөмө мүчөсүнөн өзгөчөлөнгөн жекече грамматикалык маанини түшүндүрөт. Бардык жөндөмөлөрдүн мүчөлөрү жалпысынан атоо, бир нерсеге тиешелүүлүк, багытталгандык, бир нерсенин орду, эмнеде, каерде экендиги, кыймыл-аракеттин башталган жери сыяктуу жекече грамматикалык маанилердин жыйындысын билдирет. Бул грамматикалык маанилер атооч сөздөрдү сүйлөм ичинде бири-бири менен жана башка сөздөр менен байланыштыруу кызматын аткарып, өзүнчө жалпылыкты түзөт. Мына ушул жалпылыктын негизинде бул каражаттардын грамматикалык маанилери чогулуп келип жөндөмө категориясын түзүп турат.

Жак категориясын туюндуруучу грамматикалык каражаттар – жак мүчөлөрү. Ар бир жактын мүчөсү башка жак мүчөлөрдөн айырмаланган жекече грамматикалык маанилерге ээ. Мисалы, -мын (-м) кыймыл-аракеттин же баяндоонун сүйлөп жаткан тарапка, башкача айтканда, биринчи жакка тиешелүүлүгүн, -сың (-сыз) экинчи жакка тиешелүүлүктү билдирген маани берет. Мына ушул жак мүчөлөрдүн бардыгы жалпысынан тигил же бул жакка тиешелүүлүк маанилерди бергендиктен, алардын грамматикалык маанилери чогулуп келип жак категориясын түзөт.