58-_.

  1. Адамдын бир сөздөн турган ысымы, аты-жөнү, теги, жашыруун аты, кошумча аты баш тамга менен башталып жазылат: Улан, Нурлан, Кубан, Нур, Урмат, Аян, Кыял, Балка, Жанчар, Чынар, Анар, Асел, Жалын, Толкун, Салкын, Ырыс, Чолпон, Тынай, А.Токомбаев (Балка), А.Убукеев (Кубат) ж.б.
  2. Эки же андан көп сөздөн турган адам аттары баш тамга менен башталып, айтылышынча бирге жазылат: Султанмурат, Эсенгелди, Сатыбалды, Кожакмат, Элтегин, Сонунбала, Мамбеткалыб, Абдыкадыр, Асылбүбү, Өмүргазы, Балыгооз, Саргунан, Жеңижок, Аткантаң, Айсара, Элмира ж.б. 
    Эскертүү: адамга гана тиешелүү өзгөчөлүктү билдирген ылакап аттар Кыз Сайкал, Жаңыл Мырза, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Бала Курман, Акыл Карачач сыяктуу ысымдардын ар бири баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.
  3. Адамдын ысымына, аты-жөнүнө уулу, кызы, келини деген сөздөр (башка тилдердеги оглы, заде ж.б. сыяктуу). кошулуп айтылса, булар кичине тамга менен айрым жазылат: Касым Тыныстан уулу, Буудайбек Сабыр уулу, Назира Аалы кызы.
    Эскертүү: атасынын же чоң атасынын ж. б. атынан кийин тегин деген сөз колдонулса, ал сөз бирге жазылат (Тынчтыкбек Чоротегин, Кожогелди Култегин).
  4. Азамат Алтай, Аман Саспай, Ашым Жакыпбек сыяктуу адам аттарын жазууда адегенде өз ысмын, андан соң атасынын атын жазууга жол берилет.
  5. Кыргыз тилиндеги адам аттарынын аягына ь белгиси жазылбайт: Асель, Назгуль, Эмиль эмес, Асел, Назгүл, Эмил.
  6. Адам аттарына -лык, -чы, чыл, -изм мүчөлөрү уланганда, алар жалпы ат катары колдонулат да, кичине тамга менен жазылат: марксизм, манасчы, лениндик, гегелчил.

59-_. Морфологиялык түшүнүктөргө байланыштуу татаал энчилүү аттардын биринчиси баш тамга, экинчиси кичине тамга менен айрым жазылат: Адам ата, Умай эне, Баба дыйкан, Ойсул ата, Чолпон ата, Камбар ата, Зеңги баба, Коко теңир ж.б.

60-_. Орус же башка тилдерге тиешелүү ысымдар, орус тилинин орфографиясынын нормасына ылайык жазылат: Фердинанд де Соссюр, Хо Ши Мин, Ким Ир Сен, Бонч-Бруевич, Жан Жак Руссо, Салтыков-Щедрин, Иоганн Себастьян Бах ж.б.

Эскертүү: Орус тилинде дж аркылуу белгиленип жүргөн Джек, Джонсон, Кембридж, Джеймс, Джордж Сорос, Джолдошов, Джаныбеков сыяктуу сөздөр кыргыз тилиндеги ж аркылуу гана Жек, Жонсон, Кембриж, Жеймс, Жорж Сорос, Жолдошов, Жаныбеков түрүндө жазылат.

61-_. Урук, уруу, эл аттары (этнонимдер) кичине тамга менен башталып (солто, саяк, кыдык, орус, хакас), татаал түзүлүштөгүлөрү айтылышынча бирге жазылат: сарбагыш, карабагыш, боркемик, каракытай, бешкүрөң, чакчабай, акбилек, элчибай, отузуул ж.б.

Эскертүү: бир сөз ичинде созулма үндүүлөрдү катар жазууга жол берилбегендиктен, "Куу уул" этноними айрым жазылат.

62-_. Астрономиялык энчилүү аттардын жөнөкөй жана татаал түрлөрү баш тамга менен жазылат: Жер, Күн, Ай, Чолпон, Жетиген, Жети Каракчы, Алтын Казык, Үркөр, Саманчы Жолу.

Эскертүү: эгерде жер, күн, ай деген сөздөр астрономиялык энчилүү ат эмес, жалпы ат маанисинде колдонулса, анда кичине тамга менен жазылат. Мисалы: Бир ай болду. Бүгүн күн ысыды.

63-_. Айбанат, куштардын энчилүү аттары (зоонимдер) баш тамга менен башталып, түгөйлөрү бириктирилип жазылат: Акборчук, Аккула, Кербилек, Акшумкар, Бөрүбасар, Чалкуйрук, Гүлсарат, Телтору, Суречки, Сарала.

64-_.

  1. Географиялык жөнөкөй энчилүү аттар баш тамга менен жазылат: Азия, Африка, Антарктида, Европа, Алай, Чүй, Сокулук, Тоң, Кемин, Балыкчы, Нарын, Гүлчө, Жазы ж.б.
  2. Кошмок сөз тибиндеги төмөнкүдөй татаал географиялык аттар (эгер лексикалык маанисин жоготпой, тилде өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөр болсо) арасына дефис белгиси коюлуп, айрым-айрым жазылат: Ак-Сай, Чоң-Сары-Ой, Кырк-Казык, Жети-Өгүз, Базар-Коргон, Кичи-Кум-Бел, Шамалды-Сай, Ысык-Көл, Соң-Көл, Ысык-Ата, Ала-Тоо, Тору-Айгыр, Төө-Ашуу, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кара-Үңкүр, Кум-Төр ж.б.
  3. Эгерде географиялык татаал энчилүү аттардын бардык же айрым түгөйлөрү лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Кеңкол, Каракол, Чаткал, Улакол, Торугарт, Балгарт, Аламүдүн, Алайкуу, Көкөмерен, Каракужур, Мырзаке, Чалдыбар.
  4. Орус тилинен которулуп алынган географиялык аттардын ар бир сөзү баш тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (мындай географиялык аттардын дефис коюлбай жазылышы орус орфографиясындагы эрежелерге негизделет, анткени бул сыяктуу аттар орус тилинде да дефис коюлбай жазылат): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия, Түндүк Америка ж.б.
  5. Кыргыз тилине которулбай алынган (орусча кандай айтылса, ошол калыбынча колдонулуп жүргөн) жана орус тили аркылуу башка тилдерден кабыл алынган татаал географиялык аттардын арасына дефис коюлуу же коюлбай жазылуу жагы орус орфографиясындагы принциптерге ылайык иштелет. Буга төмөнкүлөрдү мисал кылууга болот: Кривой Рог, Ясная Поляна, Усть-Каменогорск, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жанейро, Нью-Йорк, Сан-Франциско.
  6. Географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат: Алай//алайлык, Кашкар//кашкарлык, Ысык-Көл// ысык-көлдүк, Нарын//нарындык.
  7. Айтылышы жана жазылышы ар түрдүү болуп жүргөн географиялык аттар кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык жазылат: Алматы, Анжыян, Кокон, Букар, Дүйшөмбү, Самарканд, Ташкент, Маргалаң, Турпан, Кордой, Жамбыл, Түркстан, Казан, Бакы, Семей, Жергетал, Бешкен, Өскемен, Кызылжар, Түркия ж.б.

Эскертүү:

  1. арал, жарым арал, кырка тоо, жер, деңиз, океан, кысык, дарыя, канал, булуң, көчө, аянт, айыл ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Балкаш көлү, Суусамыр өрөөнү, Жазы дарыясы, Курил аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы, Чоң-Сары-Ой айылы ж. б.;
  2. түндүк, түштүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын тутумунда баш тамга менен башталып, бөлөк жазылат: Түндүк Батыш, Түндүк Чыгыш, Түштүк Чыгыш, Ыраакы Чыгыш, Батыш Европа, Түндүк Вьетнам, Чыгыш Казакстан, Түштүк Чыгыш өлкөлөрү ж.б. Эгерде түндүк, түштүк, чыгыш, батыш деген сөздөр географиялык энчилүү аттардын бүтүмүндө жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат: Кыргызстандын түндүгү, Оштун түштүк тарабы, Ысык-Көлдүн чыгышы, Бишкек шаарынын батыш жагы ж.б.

65-_. Географиялык энчилүү аттар белгилүү жол каттамынын чегин билдирип турган учурда арасына сызыкча коюлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Ош-Эркечтам-Кашкар жолу, Пекин-Үрүмчү-Алматы-Бишкек-Ташкент темир жол каттамы, Бишкек-Москва-Уфа-Бишкек каттамындагы самолет.

66-_. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.

67-_.

  1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.
  2. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин филология жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б.

68-_. Ордендердин, медалдардын аттары тырмакчага алынбай, баш тамга менен, орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым жазылат: Манас ордени, Баатыр эне ордени, Эне даңкы, Эрдик медалы, Даңк медалы.

69-_. Тарыхый окуя, майрамдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Жаңы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Тегеран келишими, Басма сөз күнү, Нооруз майрамы, Орозо айт ж.б.

Эскертүү: майрамдын аты сан менен башталса, сандан кийинки сөз баш тамга менен жазылат: 1-Май, 9-Май ж.б.

70-_. Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орундарын, атайын наамдарды, илимий даражаларды билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү ж.б.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдүү расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

71-_. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, гүлбак, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: "Ала-Тоо" аянты, "Эркиндик" гүлбагы, "Байсуу" кафеси, "Айсулуу" сулуулук салону, "Бишкек" мейманканасы, "Жыргал" мончосу, "Илим" басмасы, "Чолпон" бут кийим тигүү фабрикасы, "Кыял" бирикмеси.

72-_. Адабият, сүрөт, музыка ж.б. өнөр чыгармаларынын, гезит-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, биринчи сөзү баш тамга менен жазылат: "Тоо арасында" романы, "Каныбек" романы, "Сынган бугу" күүсү, "Агым" гезити, "Узак жол" повести.

73-_. Эгерде көркөм чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сөз катары айтылса, алар тырмакчага алынып, ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: "Жаныш - Байыш", "Саринжи - Бөкөй" эпостору, "Козу көрпөш - Баян сулуу" чыгармасы.

Источник: