24-_. Аягы р тыбышы менен бүткөн сөзгө -лык, -луу, -ла мүчөлөрү жалганганда, мүчөнүн башындагы л тыбышы д тыбышына өтүп да, өтпөй да айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: карлуу//кардуу, түрлө//түрдө, шаарлык//шаардык ж.б.

25-_. Чакчыл -а(-й) мүчөсү уланган сөздөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, жак мүчөнүн кыскарып, -м жана толук -мын болуп айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: келем - келемин, окуйм - окуймун, алам - аламын, барам - барамын ж.б.

26-_. Өткөн чактын - ган мүчөсүнөн кийин 1-жактын жак мүчөсү келсе, булардын -ганмын, -гамын, -гам болуп өзгөрүп же кыскартылып айтылган түрлөрүнүн бардыгына тең жазууда жол берилет: келгенмин - келгемин - келгем, барганмын - баргамын - баргам, окуганмын - окугамын - окугам ж.б.

27-_. Таандык мүчө уланган сөздөн кийин илик, табыш, чыгыш жөндөмө мүчөлөрү келсе, жөндөмө мүчөлөрүнүн кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: энемдин - энемин, энемди - энеми, энемден энемен, энеңдин - энеңин ж.б.

28-_. I, II жактын жекелик мүчөлөрүнөн кийин жалпы таандык -ныкы мүчөсү уланганда, мүчөнүн толук жана кыскарган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: баламкы//баламдыкы, иниңки//иниңдики, агамкы//агамдыкы, эжеңки//эжеңдики.

29-_. Чыгыш жөндөмөдө турган мезгил тактоочтордун кыскарган түрүнө да, толук түрүнө да жазууда жол берилет: байыртан//байыртадан, илгертен//илгертеден, эмитен/эмитеден, азыртан/азыртадан.

30-_. -оо, -уу, -өө, -үү мүчөсүнөн кийин - чы мүчөсү уланып жасалган атооч сөздөр уңгудагы үндүүгө карата өзгөрүп, жазуучу, тергөөчү, ширетүүчү, бургулоочу түрүндө жазылат.

31-_. Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергечү, ширетчу, бакчу, иштечү түрүндө гана жазылат.

Эскертүү: Этиш сөздөрдүн -ычу, -учу, -үчү формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б.

32-_. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн аягы жумшак үнсүздөр - б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес, педагогго; Калининградта эмес, Калининградда; Гамбургка эмес, Гамбургга; Алиевтин эмес, Алиевдин ж.б.

33-_. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат. кок + ыш = көгүш, бак + ар = багар, чап + уу = чабуу, китеп + ы = китеби, бак + ында = багында, топ + ым = тобум ж.б.

Эскертүү: Тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж.б.

34-_. Аягы уяң үнсүз менен бүткөн сөздөргө таандык мүчө уланганда, уңгунун тыбыштык түзүлүшүнүн өзгөрүп да, өзгөрбөй да жазылышына жол берилет: карыным - кардым, мурунуң - мурдуң, эриниң - эрдиң, ийиниң ийниң ж.б.

35-_. Үндүү тыбыш менен аяктаган этиш сөзгө атоочтуктун -ар//-ыр мүчөсү жалганса, бул мүчө уланган муундагы үндүүнүн созулуп айтылыш формасына жазууда жол берилет: иште + ар = иштээр, башта + ар = баштаар, ойло + ар = ойлоор, кара + ар = караар ж.б.

Эскертүү: -ы, -и үндүүлөрү менен аяктаган сөздөргө - ар//-ыр мүчөлөрү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок жазууда буга жол берилбейт: ири + ир = ирир, чири + ир = чирир, байы + ыр = байыр, жиби + ир = жибир, ысы + ыр = ысыр, ээрчи + ир = ээрчир.

36-_. Үнсүз менен аяктаган этишке - ар мүчөсү жалганса, соңку муундагы үндүү созулуңку айтылат, бирок буга жазууда жол берилбейт: бар + ар = барар, кел + ар = келер, сат + ар = сатар, жүр + ар = жүрөр ж.б.

37-_. Аягы м, п тыбыштары менен бүткөн этиш сөздөргө чакчыл - ып мүчөсү жалганганда, уңгу да, мүчө да тыбыштык жактан өзгөрүп, созулуп айтылгандыктан, андай сөздөр угулушу боюнча жазылат: эм + ып = ээмп, сеп + ып = сээп, өп + ып = өөп, чап + ып = чаап ж.б.

38-_. Аягы н тыбышы менен бүткөн сөздөргө к, г, б, м тыбыштарынын бири менен башталган мүчө жалганса, н тыбышынын ң же м тыбышына өтүп айтылышы мүмкүн, бирок жазууда жол берилбейт: түңкү эмес, түнкү; түмбү эмес, түнбү; күңгө эмес, күнгө ж.б.

39-_. Аягы з тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч тыбыштары менен башталган мүчө жалганса, сөздүн угулганындай жазылышына жол берилбейт: сөссүз эмес, сөзсүз; касса эмес, казса; тоссо эмес, тозсо; асчылык эмес, азчылык ж.б.

40-_. Аягы ч тыбышы менен бүткөн сөзгө с, ч, т тыбыштарынан башталган мүчө жалганса, ч тыбышынын ш тыбышына өтүп айтылышына жазууда жол берилбейт: ушсуз эмес, учсуз; кашты эмес, качты; уушта эмес, учта; чашса эмес, чачса ж.б.

41-_. Күчөтмө маанидеги кап-, көп-, кып-, кип-, күп-, жеп-, чоп-, оп-, ып-, жап-, беп- ж.б.у.с. формалар негизги сөз менен бирге жазылат: капкара, капкайдан, капкачан, күпкүндүз, кипкичине, бепбекер, көпкөк, жепжеңил, чопчоң, опоңой, апаппак, жыпжылуу, мупмуздак, ыпысык, жапжалгыз. Ошондой эле тепедентең, тепетең, тападантак, тапатак, чападанчак, чапачак деген сөздөр да бирге жазылат.

42-_. Башка тилдерден өздөштүрүлгөн на-, бей-, анти-, контр-, дисыяктуу префикстер өзү айкашкан сөздөр менен бирге жазылат: бейадеп, бейкүнөө, бейбаш, бейжай, бейтааныш, нааразы, натуура, бейкам, бейкапар, антидүйнө, контрреволюция, диалог ж.б.

Источник: