21-_. Айрым тыбыштары орун алмашып, эки түрдүү айтылган уңгу сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет: айыр//айры, күмөн//күнөм, убакыт//убакты, кайры//кайыр, бакыт//бакты ж.б.

22-_. Айрым сөздөрдүн бир же бир нече тыбышынын түшүрүлүп же түшүрүлбөй сакталып айтылган эки түрүнө тең жазууда жол берилет: алга//алдыга, кең//кеңири, нак//накта, чуму//чумку, бүкүл//бүкүлү, силк//силки, теңир//теңири ж.б.

23-_. Сөз башында н тыбышы түшүрүлбөй жазылат: найза, намыс, нарк, нокто, начар, нөшөр, ноюбас, ным, нике ж.б. Ал эми нечен-эчен, небак-эбак болуп айтылган сөздөрдүн эки түрүнө тең жазууда жол берилет.

Эскертүү: Бул өңдүү сөздөрдүн толук тизмеси орфографиялык сөздүктө берилет.

Источник: