3. Йоттошкон е, ё, ю, я тамгаларынын жазылышы
Йоттошкон е тамгасы төмөнкү учурларда жазылат:
1. Үндүү и тыбышынан кийин йоттошкон йэ тыбышын билдирүү үчүн колдонулат: тиешелүү, тиер-тийбес, чие, чиеленген.
2. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө сөз башында жана үндүүлөрдөн кийин йэ тыбышын билдирет: Европа, Египет, евангелие, траектория, реестр, диета, иероглиф, клиентура, проект, уезд.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөргө үндүү менен башталган же үндүү тыбыштан турган көбүнчө чакчыл -а (-е) мүчөсү уланганда жазууда йе же йэ түрүндө берилбестен, е тамгасы аркылуу гана берилет: кий - киет, чий - чиет, кеңей - кеңеет. Булардын кийет, чийет, кеңейет же кеңейэт болуп жазылышына жол берилбейт.
Кыргыз тилинде ё тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. ё тамгасы уңгу сөздөрдө үндүүлөрдөн, көбүнчө о тамгасынан кийин гана жазылып, татаал йо (й+о) тыбышынын ордуна жүрөт: бое, боек, коен, оен. Бул сыяктуу сөздөр бойо, бойок, койон, ойон түрүндө йо менен жазылбайт.
2. Кой, сой, чой, той сыяктуу аягы -ой менен бүткөн уңгу сөздөргө о тыбышы менен келген мүчөнүн айкалышы йо аркылуу койот, сойот, чойот, тойот болуп жазылбастан, ё тамгасы менен берилет сой-соет, чой-чоет, той-тоет.
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө ё тамгасы төмөнкүчө колдонулат:
- сөз башында үндүүлөрдөн кийин ё тамгасы йо (й+о) тыбыштарынын ордуна жүрөт: елка, заем.
- бир катар сөздөрдө ё тамгасы үнсүздөрдөн кийин о тыбышынын ичке айтылышын билдирүү үчүн колдонулат: вертолет, самолет, суфлер, актер.
- ё тамгасы ф тамгасынан кийин кээ бир энчилүү аттарда жана чет тилдерден кирген айрым сөздөрдө гана жазылат: Федор, шофер.
- орус тили аркылуу кирген бир катар сөздөрдө ж, ч, щ тыбыштарынан кийин ё тамгасынын жазылышы учурайт: дирижер, стажер, зачет, счет, счетчик, щелочь, щетка.
- төмөнкүдөй кабыл алынган сөздөр ё тамгасы менен эмес, йо тамгалары менен жазылат: йод, район, майор, Нью-Йорк.
Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө ю й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы менен берилет: кой+ым - коюм, кой+ын - коюң, той+ын - тоюн, сой+ыш - союш ж.б.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан юу түрүндө жазылат: кой+уу - коюу, сой+уу - союу ж.б.
4. Жазууда ю тамгасы орус тили аркылуу кирген сөздөрдө орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: бюст, жюри, парашют, бюро.
Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк (айак), аянт (айант), баянда (байанда), даяр (дайар), уят (уйат).
2. Аягы й менен бүткөн сөздөрдөн кийин а тыбышы менен башталган мүчө уланган кезде я тамгасы колдонулат: жай+а+т-жаят, кый+а+быз-кыябыз (кыйабыз эмес), жый+ар-жыяр (жыйар эмес).
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө я тамгасы орус тилиндеги маанисин толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, снаряд, идея, маяк.