Б тамгасынын жазылышы

Б тыбышы эки үндүүнүн ортосунда жылчыкчыл в тыбышына окшош айтылса да, жазууда б тамгасы менен жазылат: ооба, аба, собол ("суроо" маанисиндеги сөз), өбөлгө, обон, үбөлүк, кубаныч, убал, добуш ж.б.

Г тамгасынын жазылышы

1. Сөздөгү же муундагы жоон же ичке үндүүлөрдүн катышына карай г тамгасы эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

2. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы түпчүл г (гы) тыбышын билдирет: ага, агыш, айгыр, бугу, булгаары, гана, жоогазын, жыргал, кургак, шагыл.

3. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: гүл, дөңгөлөк, илгич, кемеге, тегирмен, үгүт, чегедек, эгин.

4. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да г тамгасы орточул г (ги) тыбышын билдирет: газ, галстук, гигиена, госпиталь, градус, агитатор, агроном, бригада.

5. Бир катар сөздөрдө г тыбышы сөздүн эң аягына келгенде, каткалаң к тыбышы сыяктуу айтылат. Бирок, жазууда г тыбышы сакталып кала берет: педагок (айтылышы) - педагог (жазылышы) налок (айтылышы) - налог (жазылышы), диалок (айтылышы) - диалог (жазылышы), демагок (айтылышы) - демагог (жазылышы), залок (айтылышы) - залог (жазылышы).

Ж тамгасынын жазылышы

Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү ж тыбышынын айтылышы бири-бирине туура келбесе да, бул эки тыбыш бир гана тамга аркылуу берилет: жашыл, желек, жигит, жолборс, жөнөкөй, жумшак, жүн, жыгач, жандарм, жюри, пейзаж, мажбур, муктаж.

К тамгасынын жазылышы

Сөздөгү же муундагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к эки түрдүү тыбыштык милдет аткарат.

1. Жоон үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы түпчүл к (кы) тыбышын билдирет: кагаз, как, кайчы, кокту, кокустук, кургак, кызык, аксак, мокок, окуу, сактык, тамак, укук.

2. Ичке үндүүлөр катышып түзүлгөн сөздөрдө жана муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: кедей, кекилик, кийим, кичинекей, көгүчкөн, күлкү, ичке, айыпкер, эшик.

3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген муундарда да к тамгасы орточул к(ки) тыбышын билдирет: кадр, казарма, картон, климат, кодекс, курорт, край, лектор, полковник, тактика, факультет, хоккей, экспонат.

Источник: