Зат атоочтор жакталбайт, жак мүчөлөр менен да өзгөрбөйт. Жак мүчөлөр этишке гана таандык. Бирок адамзаттык зат атоочтор баяндоочтук милдет аткарганда гана жак мүчөлөрдү кабыл алат. Демек, зат атоочтун баяндоочтук милдет аткаргандагы жак мүчөлөр менен өзгөрүшү зат атоочтун жакталышы деп аталат: мен студентмин, сен студентсиң, биз студентпиз, силер студентсиңер ж.б.

Жекелик санда

 

Жагы, түрү

Жекелик санда

I жак – мен

II жак – сен (жөнөкөй түрү)

II жак сиз (сылык түрү)

III жак- ал

-мын, -мин, -мун, -мүн

-сың, -сиң, -суң, -сүң

-сыз, -сиз, -суз, -сүз

 

 

Көптүк санда

 

Жагы, түрү

көптүк санда

I жак – биз

II жак – силер (жөнөкөй түрү)

II жак сиздер (сылык түрү)

III жак- алар

-быз, -биз, -буз, -бүз

-пыз, -пиз, -пуз, -пүз

-сыңар, -сиңер, -суңар, -сүңөр,

-сыздар, -сиздер, -суздар, сүздөр

 

 

Источник: