Сөздүн уланды мүчөсүн алып таштагандан калган бөлүгүн сөздүн негизи дейбиз.

 

Сөздүн негизи туруктуу болбойт, анын негиз экендиги конкреттүү сүйлөмдө же текстте гана белгилүү болот. Кыргыз тилиндеги сөздүн негизи уланды мүчөлөрдү гана кабыл албастан, куранды мүчөлөрдү кабыл алып, өзгөрүп башка негиз болууга да жөндөмдүү келет. Мисалы: Таалайга дилгир элимдин тарыхын кенен жазбасам. (А.  Токомбаев)  Мисалдагы  таалайга  деген  сөздүн  негизи таалай,     ал эми Таалайлууга теңелбе деген мисалдагы таалайлууга деген сөздүн негизи таалайлуу деп жаңы негиз болду.

Ошентип, сөздүн негизи конкреттүү тексттин өзүндө аныкталат. Койчу койлорду короого айдады деген сүйлөмдөгү биринчи сөздүн негизи койчу, экинчи сөздүн негизи кой, үчүнчү сөздүн негизи короо, төртүнчү сөздүн негизи айда- болот.

Кыргыз тилиндеги сөздүн негизи түзүлүшү боюнча тубаса негиз жана туунду негиз деп экиге бөлүнөт.

1. Лексикалык мааниси жана түзүлүшү боюнча андан ары тутумдарга ажыратылбаган негиз тубаса негиз деп аталат.

Мисалы: эл, ата, комуз, акыл, айт-, ут- ж.б. сөздөр ушул турушунда эле лексикалык мааниге ээ болуп, ар кандай грамматикалык маанилерди кабыл алууга жөндөмдүү. Сөздөрдүн жасалышы үчүн да, сөздөрдүн өзгөрүшү үчүн да негиз болуп кызмат кыла берет. Ич ара мүчөлөргө (морфемаларга) ажыратылбайт. Ошондуктан булар тубаса негиздер болуп саналат.

Тубаса негиз сөздүн уңгусуна дал келет. Билимдүүнүн билими кишиге жугат. Мисалдагы кишиге, жугат деген сөздөрдүн негиздери – тубаса негиздер (киши, жук-). Ал эми кишиге, жугат деген сөздөрдүн уңгусу да киши, жук-.

2. Тутумунда куранды мүчөсү бар, башкача айтканда, куранды мүчө менен жасалган негиз туунду негиз деп аталат.

Мисалы: элчи (эл + чи), айтыш (айт + ыш), өтмөк (өт + мөк), аталуу (ата + луу), комузчу (комуз + чу), акылман (акыл + ман) ж.б. сөздөр ушул турушу менен эле, башкача айтканда, куранды мүчөлөрү менен эле сөздөрдүн жасалышы үчүн да, сөздөрдун өзгөрүшү үчүн да негиз болуп кызмат кылат. Бирок, көрүнүп тургандай, андан ары мүчөлөнөт, башкача айтканда, булардын тутумунда уңгу менен куранды мүчөлөр бар. Булар – туунду негиздер.

Туунду негиз сөздүн уңгусуна дал келбейт. Билимдүүнүн билими кишиге жугат. Мисалдагы билимдүүнүн, билими деген сөздөрдүн негиздери – туунду негиздер (билимдүү, билим), анткени, булардын экөөнүн тең уңгусу бил-, биринчиси билим деген сөздөн (билим деген негизден) -луу курандысы аркылуу, экинчиси болсо, бил- деген сөздөн (уңгудан же уңгуга дал келген негизден) -ым курандысы аркылуу жасалган.

Морфологиялык жол менен сөздөрдүн жасалышы сөздөрдүн негизинен башталат, башкача айтканда, ар кандай куранды мүчөлөр негизге (же тубаса негизге, же туунду негизге) жалганат. Мисалы: ишчи десек, куранды (-чы) тубаса негизге (уңгуга) жалганды; жазуучу десек, куранды (- чы) туунду негизге жалганды. Эгерде андан ары жазуучулар дей турган болсок, бул сөздүн негизи жазуучу болуп, уланды мүчө (-лар) ошого жалганып жатат.