Грамматикалык каражаттар сөздүн грамматикалык формаларын уюштурат. Демек, ар кандай грамматикалык маани сөзсүз түрдө белгилүү грамматикалык формалар аркылуу ишке ашат. Грамматикалык форманы сөз формасы деп да айта беребиз.

Сөздүн бир же бир нече жеке грамматикалык маанилер боюнча бири-биринен айырмаланган турлөрү анын грамматикалык формалары деп аталат.

 

Мисалы: жер, жердин, жерге, жерди, жерде, жерден, жери, жерим, жериң, жериңиз, жериме, жериңди, жериңер, жерибиз, жерибизде деген сөздөрдүн бардыгы жер деген бир эле сөздүн ар түрдүү формалары болуп саналат. Бардыгында тең жер деген сөздүн лексикалык мааниси сакталып турат, бирок ар биринин ар башка грамматикалык маанилери бар. Ошентип, грамматикалык формалар сөзгө жаңы грамматикалык маани алып келет дагы, жаңы лексикалык маани жарата албайт.

Кээ бир сөздөр өзгөрүлбөй бир гана грамматикалык формада болот. Мисалы, менен, жана, көздөй, үчүн, да, го, ох, ах ж.б.

Грамматикалык формалар грамматикалык каражаттар аркылуу жана каражаттары жок эле да туюндурулат. Башкача айтканда, материалдык жактан туюндурулган формалар жана материалдык жактан туюндурулбаган (нөл форма) формалар болот.

Грамматикалык маани берип турган башка формалардан атайын тилдик каражаттар жалганып уюшулган сөз формаларын материалдык жактан туюндурулган форма дейбиз. Мисалы, «Акылдуунун  сөзү  кыска,  айта  салса    нуска».  Мындагы Акылдуунун деген сөз формасы өзүнө байланышкан нерсенинөзү) кимге тиешелүүлүгүн билгизип турат. Мына ушул грамматикалык маани атайын тилдик каражат -нын мүчөсү аркылуу туюндурулду. Демек, акылдуу деген сөздүн акылдуунун деген формасы материалдык жактан туюндурулган форма болуп эсептелет. Мисалыбыздагы сөзү деген сөз формасы заттын 3-жакка таандык болуп аталышын билдирип, материалдык жактан -ы (-у) мүчөсү менен туюндурулуп турат. Эгерде, «Китеп билим булагы» деген мисалдагы китеп деген сөз формасын алсак, заттын аталышын билдирди, бирок эч кандай мүчө жалганган жок, башкача айтканда, материалдык жактан туюндурулган жок (нөл форма).

Эч кандай мүчөнүн жардамысыз эле уюшулган грамматикалык форма материалдык жактан туюндурулбаган форма (нөл форма) деп аталат.