Сөз жасоо мааниси бир же бир нече туунду сөздү өз ичине камтып, алардын бардыгына бирдей таралат. Бул жагынан сөз жасоо мааниси сөз түркүмүнүн жалпы категориялык маанисине окшоп кетет. Бирок, аталган эки маанинин ортосунда орчундуу айырма бар. Сөз түркүмүнүн жалпы категориялык мааниси ошол түркүмгө кирген сөздөрдүн бүтүндөй бардыгына тиешелүү болсо, сөз жасоо мааниси ошол түркүмдөгү сөздөрдүн айрымдарына гана тиешелүү болот. Демек, сөз жасоо маанисинин таралуу чөйрөсү тар. Мисалы: агар-, көгөр-, карар-, жашар-, кыскар- деген атоочтон жасалган туунду этиштер «негиз аркылуу туюндурулган белгиге ээ болуу» деген маани боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турат. Бул - аталган туундулардын сөз жасоо мааниси. Ушул маани аркылуу өздөрү жасалган ак, көк, кара, жаш, кыска сөздөрүнүн маанисинен айырмаланат. Бирок, бул маани этиш түркүмүндөгү бардык этиштерге милдеттүү түрдө тарала бербейт. Ошондуктан, муну жалпы категориялык маани деп кароого мүмкүн эмес, ал тек гана аталган туундуларды өз ичине камтып турат.

Сөз жасоо мааниси сөздүн лексикалык маанисинен да айырмаланат. Сөздүн лексикалык мааниси ал сөздүн керт башына гана таандык болсо, сөз жасоо мааниси эки же андан көп туунду сөзгө таандык болот. Ошондой эле бирдей сөз жасоо маанисине ээ болгон сөздөр, адатта, бирдей сөз жасоо каражаттары менен да мүнөздөлөт. Мисалы: агар-, көгөр-, карар-, жашар-, кыскар- сөздөрүн жасоодо бир гана каражат колдонулду. Ал - атоочтон этиш жасоочу -ар курандысы. Демек, сөз жасоо мааниси куранды мүчө аркылуу берилет, ал эми лексикалык маани бүтүндөй бир сөз аркылуу туюндурулат. Бул жогорудагы эки маанинин ортосундагы дагы бир айырмачылык.