Уңгу - сөздүн эң негизги мүчөсү, андан ары мүчөлөнбөй лексикалык маани берип турган бөлүгү.

 

Ал лексикалык маани менен кошо грамматикалык маани да туюндурат. Уңгу туюндурган грамматикалык маанилер көбүнчө жалпы категориялык маани болуп, сөздүн лексикалык маанисине жакын келет. Ошондуктан, сөздүн бул мүчөсүн - уңгуну, лингвистикада семантикалык мүчө (семантикалык морфема) деп да аташат.

Кыргыз тилиндеги уңгу өз алдынча толук кандуу сөз болуп кызмат кыла алат. Мисалы: иш, иш-мер, иш-чи; адеп, адеп-түү, адеп-сиз; ук-, ук-тур-уу, ук-ку-лук-туу ж.б.

Кыргыз тилиндеги уңгуларды маанилерине карата эки топко бөлөбүз: эркин уңгу, байланышма уңгу 

1). Эркин уңгу – кошумча мүчө (морфема) жалганбай турса деле өз алдынча сөз болуп, лексикалык маани бере ала турган уңгу. Мындай уңгулар куранды же уланды мүчөлөр жалганган учурда да, жалганбай турган учурда да өзүнчө лексикалык мааниси менен айтыла берет: тап- (тапты, таппа, тапкыч), ут- (уттум, утук), чач (чачтын, чачым, чачтуу), жай (жайлоо, жайды), ылдам (ылдамда- ылдамдык, ылдамдануу), тегирмен (тегирменчи, тегирменге, тегирменде) ж.б.

2). Байланышма уңгу – жандуу тилде башка бир мүчөнүн (морфеманын) жалганып турушу менен гана колдонулуучу уңгу:

мыкчы, мыкый, тегерек, тоголок ж.б. Мындагы уңгулардын ар бири тутумундагы -чы, -й, -ык курандыларынын жардамы менен гана лексикалык маани берип турат, алдагы курандыларсыз алар айтылган лексикалык маанилердеги сөз болбой калат. Башкача айтканда, мисалдагы сөздөр мык, мыкы, тегер, тогол турпатында колдонулбайт. Акса-, байка-, жайпа-, жалбар-, жалын-, жаңса-, какша-, көксө-, сыла-, таймаш-, тыңша-, чурка-, эңсе- сыяктуу этиштердин уңгулары да – байланышма уңгулар. Булардын тутумундагы куранды мүчөлөр оңой эле ажыратылат, бирок, курандыларын ажыратканыбыздан кийин калган бөлүгү – уңгу – өз алдынча так маани бере албай калат. Бул сөздөр тутумундагы куранды мүчөлөр менен байланышып гана толук кандуу сөз болуп колдонулат, ошондо гана лексикалык маани берет. Ошондуктан, мындай сөздөрдүн уңгуларын байланышма уңгулар деп айтабыз. Кыргыз тилинде байланышма уңгулар абдан эле аз.