Сөздөрдөгү грамматикалык маанилер тиешелүү грамматикалык каражаттар аркылуу ишке ашат. Кыргыз тилинде төмөнкүдөй грамматикалык каражаттар бар:

  1. уланды мүчөлөр: келем (-ым), уулуңа (-ың, -а), кызынын (-ы, -нын);
  2. кызматчы сөздөр: сен жөнүндө, ой тууралуу, мал го, окуу гана, ал үчүн;
  3. сөздүн лексика-грамматикалык маанилер боюнча топторду түзүшү: таш, тамчы, орок, арпа, кагаз, акыл, бакыт өңдүү сөздөрдө грамматикалык заттык маанилер; же-, ич-, кел-, ойно-, сүйлө-, байка- өңдүү сөздөрдө грамматикалык кыймыл-аракет маанилери; беш, он жети, алтынчы, төртөө өңдүү сөздөрдө грамматикалык сан-өлчөм маанилери; кызыл, көк, сулуу, таттуу өңдүү сөздөрдө грамматикалык сын-сыпат маанилери бар;
  4. интонация: мен жайынча туюндуруу мааниси, мен? суроо мааниси, Бол! буюруу мааниси, Кап! өкүнгөндүк маани, Токто, токто! ачууланып буюруу мааниси менен айтылды;
  5. басым: Сатып бересиң. (Басым и тыбышына түшүп, грамматикалык буюруу маани менен айтылды); Сатып бересиң! (Басым экинчи е тыбышына түшүп, сөз грамматикалык өкүм буюруу мааниси менен айтылды).