Сөздөрдүн тутумунда, бирөө болобу, экөө болобу, сөз мүчөлөрү (морфемалары) болот. Жалпы лингвистикада сөз мүчөлөрүн морфемалар деп аташат. Морфема (сөз мүчөсү) тууралуу жогоруда айтылды. Кыргыз тилинде маани-мазмундук белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзүп турган сөз мүчөлөрүнүн (морфемалардын) үч түрү бар. Алар:

Уңгу (сөздүн уңгусу, башкача айтканда, сөздүн уңгу мүчөсү).

Куранды (сөздүн куранды мучөсү). Уланды (сөздүн уланды мүчөсү).

Сөз мүчөлөрү (морфемалар) бардык сөздөрдө дайым эле толук катыша бербейт. Кээ бир сөздөр жалаң эле уңгудан турат:

үй, жоо, ат, апа, жүрөк, кулак, баатыр, кумурска ж.б. Булардын ар биринде сөздүн бир гана мүчөсү бар, ал – уңгу. Башкача айтканда, бул сөздөрдөн бардыгы – уңгулар.

Кээ бир сөздөр уңгу жана куранды мүчөлөрдөн турат: уй-чу, жоо-кер, ый-ла-, сөз-мөр, уч-куч, жүрөк-түү, баатыр-дык ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, куранды) турат. Уңгу жана уланды мүчөлөрдөн турган сөз формалары да бар: апа-м, кулак-тын, айт-па, жүрөг-үм, ат-ың ж.б. Булардын ар бири эки мүчөдөн (уңгу, уланды) турат.

Уңгу, куранды жана уланды мүчөлөрдөн турган формалар да бар: кий-им-ди, ой-мог-ум, ач-кыч-ыңыз ж.б. Булардын ар бири үч мүчөдөн (уңгу, куранды, уланды) турат.

Бир нече курандылуу сөздөр да болот: китеп-кана-чы, бас-ма-кана, жаз-уу-чу ж.б.

Бир нече уландылуу сөз формалары да болот: мектеб-иң-е, ата-м-дын, үй-лөр-ү ж.б.

Ошентип, сүйлөмдүн тизмегинде сөздөр өздөрү туюндурган лексикалык жана грамматикалык маанилерине жараша тиешелүү түрдө жалаң гана уңгудан туруп да, курандылуу болуп да жана уланды мүчөлөр менен да уюшулуп, ар кандай формада келе берет: уюм, уйчу, жоокерлер, жүрөккө, жүрөктүү, баатырсың, баатырдык ж.б.

Тилдин жандуу көрүнүшүндө, ошентип, сөз мүчөлөрү кырдаалдарга жараша бири-бири менен айкашып келе берет. Мына ошол айкашууларда сөз мүчөлөрү тыбыштык жактан дайым эле бир калыпта боло бербейт. Уңгу гана тыбыштык өзгөрүүлөргө учурабай туруктуу жашайт2. Ал эми курандылар менен уландылар болсо, ар кандай айкалыштарда өздөрү жалганган уңгудагы үндүү, үнсүз тыбыштардын мүнөзүнө жараша көбүнчө өзгөрүп айтылып колдонулат. Ошентип, курандылар менен уландыларды алар жалгана турган уңгу мүчөлөрдөгү тыбыштарга карата өзгөрүп, же өзгөрбөй айтылыштары боюнча ээрчиме мүчөлөр жана ээрчибес мүчөлөр деп эки топко бөлөбүз.

 

Ээрчиме мүчөлөр

Ээрчиме мүчөлөр тутумундагы үндүү жана үнсүз тыбыштары өзгөрүп кете берген мүчөлөр болуп эсептелет. Мына ошондой өзгөрүүлөргө карата ээрчиме мүчөлөр өз ара

туруктуу мүчөлөр, оошмо мүчөлөр жана сыйлыгышма мүчөлөр болуп да бөлүнөт.

1. Туруктуу мүчөлөр сөздөрдө ар кандай тыбыштык айкалыштар менен келсе да өзүнүн башталыш үнсүз тыбышын сактап жүрүп олтурат. Булар адатта ч, с, м тыбыштары менен башталган мүчөлөр. Курандылардан мисалдар:

-чы: уйчу, короочу, арабачы, ишчи, көмүрчү ж.б. -ча: кыргызча, орусча, жаңыча, эскиче, бүгүнчө ж.б. -ма: басма, оймо, түймө, күрмө, сайма ж.б.

-са: сууса-, акса-, мойсо-, жаңса-; дөңсө, жеңсе, колоңсо ж.б.

-сы: баатырсы-, жакшысы-, кыйынсы-, семизси-, өйдөсү-, улуусу- ж.б.

-сын: мыктысын-, баатырсын-, өйдөсүн-, теңсин-, тыңсын-, акылдуусун-, ишкердүүсүн- ж.б.

-сыра: уйкусура-, алсыра-, кансыра-, этсире- ж.б. -чан: атчан, тончон, күрмөчөн, кийимчен ж.б.

Уландылардан мисалдар:

-са: барса, келсе, окуса, айтса ж.б. -сы: атасы, энеси, окуусу ж.б.

Мисалга алынган мүчөлөрдүн, башкача айтканда, туруктуу мүчөлөрдүн баштапкы тыбышы эч өзгөрүлбөй сактала берет.

2. Оошмо мүчөлөр жалганган уңгунун (же негиздин) акыркы муунундагы тыбыштарга карай өзгөрө берет.

Курандылардан мисалдар:

-лык: тоолук, айылдык, жолдоштук, тердик ж.б. -дай: үйдөй, тоодой, кишидей, аттай, топтой ж.б. -ыра: жаркыра-, калтыра-, күркүрө-, мөлтүрө- ж.б. -коол: тоскоол, өткөөл, ургаал ж.б.

-ла: майла- , музда-, суула-, ойло-, сүйлө-, түздө-, иште-, тиште-, тилде-, жээкте-, даңкта-, айтта- ж.б.

Уландылардан мисалдар:

-нын: үйдүн, эненин, талаанын, иштин, колдун ж.б. -га: балага, тоого, отко, кемеге, кыштакка ж.б. -лар: дарактар, көлдөр, чалдар, энелер, иттер ж.б.

3. Сыйлыгышма мүчөлөр үндүү тыбыш менен аяктаган уңгуга (же негизге) жалганганда баштапкы үндүү тыбышы түшүп калат.

Курандылардан мисалдар:

-оо: ойло- + -оо = ойлоо, байла- + -оо = байлоо ж.б.

-ыш: тааны- + -ыш = тааныш, окшо- + -ыш = окшош, күүлө- + -ыш = күүлөш ж.б.

-ык: какшы- + -ык = какшык, калтыра- + -ык = калтырак, жылтыра- + -ык = жылтырак ж.б.

-ым: кура- + -ым = курам, чыда- + -ым = чыдам ж.б. -ынды: асыра- + -ынды = асыранды, ташта- + -ынды = таштанды, ула- + -ынды = уланды ж.б.

Уландылардан мисалдар:

-ым: эне + -ым = энем, бала + -ым = балам ж.б.

-ыш: ийле- + -ыш = ийлеш: ийлешчи, байла- + -ыш = байлаш: байлашып кой, сана- + -ыш = санаш: санашып кой ж.б.

-ың: ата + -ың = атаң, чана + -ың = чанаң ж.б.

Ээрчибес мүчөлөр

Ээрчибес мүчөлөр уңгунун (же негиздин) акыркы муунундагы тыбыштарга карата өзгөрүлбөй жалганат. Ээрчибес мүчөлөрдүн үнсүз тыбыштары да, үндүү тыбыштары да өзгөрбөй өз турпаттарын сактап келет. Алардын дээрлик бардыгы кабыл алынган мүчөлөр. Булар саналуу гана. Мисалы:

-кор: малкор, жемкор, сүткор, бозокор ж.б. -кеч: кыялкеч, арабакеч, асылкеч, мээнеткеч ж.б. -кер: кызматкер, айыпкер, ишкер ж.б.

-стан: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ж.б. -изм: социализм, жыргализм ж.б.

Сөздүн мүчөлөрү, башкача айтканда, морфемалар (уңгу, куранды, уланды) маани-мазмундары жана сөз тутумундагы аткарган кызматтары боюнча бири-биринен айырмаланышат.