87-_. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай! Эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунуңун (Турусбеков). Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс дабыштар Жапарга угулуп турду (Баялинов).

88-_. Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда дефис -ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2008-жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, жыйналыштын 2-маселеси - эмгек тартиби жөнүндө.

Эскертүү:

  1. Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын ХVI-ХVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы. Окуу жылынын III чейреги.
  2. Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: N 69 орто мектеп, N 1 китепкана ж.б.

89-_.

  1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-эчки, 5-6 киши, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында.
  2. Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, "Восток-1" Мерседес-600, Ауди-100, "Союз-9" космос корабли, Пентиум-4 компьютери.

90-_. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр, жандама аныктоочтуу сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө-корреспондент, зоотехник-селекционер, механизатор-айдоочу, акын-драматург, врач-терапевт, премьер-министр, генерал-лейтенант, экс-чемпион, статс-катчы ж.б.

Эскертүү: төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис коюлбай жазылат: башкы кол башчы, улук лейтенант, медицина кызматынын капитаны.

91-_. Пресс-бюро, пресс-конференция, киловатт-саат, тонна-километр, корабль-спутник сыяктуу эки бөлүктөн турган сөздөр да дефис аркылуу жазылат.

Источник: