Уландылар кийинки мезгилдердеги окуу китептерде сөз өзгөртүүчү мүчөлөр деп жазылып жүрөт. Бул аталыш терминдик талаптарга жооп бере бербейт, ошондуктан китепте К. Тыныстанов колдонгон термин, уланды термини колдонулду. Уландылар сөздүн лексикалык мааниси менен жалпы категориялык грамматикалык маанисин өзгөртпөйт. Алар сөзгө жалганып, анын жеке грамматикалык маанилерин өзгөртүп, сөздүн ар түрдүү формаларын жасайт. Мисалы: Кечээ атам менен шаарга бардым деген сүйлөмдөгү ата, мен, шаар, бар деген сөздөрдөгү мүчөлөр (-ым, -га, -ды, -ым) ошол сөздөрдүн лексикалык жана жалпы категориялык грамматикалык маанилерин өзгөрткөн жок. Жаңы, жеке грамматикалык маанилерди алып келди: -ым (атам) жекелик сандагы биринчи жакка таандык маанини; -га (шаарга) багыт маанисин; -ды (бардым) айкын өткөн чак маанисин; -ым (бардым) жекелик сандагы биринчи жак маанисин алып келди.

Кыргыз тилиндеги уланды мүчөлөр булар:

  1. жөндөмө мүчөлөрү (-нын, -га, -ны, -да, -дан );
  2. таандык категориясынын мүчөлөрү (-ым, -ың, -ыңыз, -сы, -ы, -быз, -ңар, -ңыздар);
  3. көптүк санды уюштуруучу мүчө (-лар);
  4. жакты билдирген мүчөлөр (-мын, -быз, -сың, -сыңар, -сыз, -сыздар);
  5. чак мүчөлөрү: -ды, -ган, -ыптыр, -чу ж.б.);
  6. мамиле мүчөлөрү: -каз, -кар ж.б.);
  7. ыңгай көрсөткүчтөрү: -са, -гай ж.б.;
  8. терс маани мүчөсү (-ба);
  9. суроо маани мүчөсү (-бы).

Булардын ар бири жалганган сөзгө тиешелүү грамматикалык маанилерди гана алып келет. Сөздүн формасын эле өзгөртүп, лексикалык маанисин өзгөртпөйт.