Сөздөр лексикалык маани менен катар грамматикалык маанилерге да ээ болот. Кандайдыр ойду туюндуруш үчүн сөздөр бири-бири менен байланышка түшүп сүйлөмгө айланат. Сүйлөмдү жараткан сөздөрдүн мындай карым-катышы грамматикалык маанилердин жардамы аркылуу жүзөгө ашат. Грамматикалык маанилер сөздүн лексикалык маанисин өзгөртпөйт, аны ар түрдүү кырдаалдарга ылайыкташтырат. Мисалы: Эсен, шаар, оку деген сөздөрдүн ар бири өзүнчө лексикалык мааниге ээ болуп турат. «Эсен - киши, шаар - көп калк жашаган жер, оку - катты окуу, билим алуу». Эми ушул эле сөздөр бири-бири менен байланышка түшүп, сүйлөм болуп ойду туюндурду дейли: Эсендер шаарда окушат дегенде ар бир сөздүн лексикалык мааниси сакталды. Бирок Эсен, шаар, оку деген үч сөз бири-бири менен карым-катышка түшүп, грамматикалык маанилерге ээ болду. Сүйлөм болуп, ой туюндурулду.

Грамматикалык маанилерди экиге бөлүп карайбыз:

  1. жалпы категориялык грамматикалык маанилер;
  2. жеке грамматикалык маанилер.

Жалпы    категориялык     грамматикалык     маанилерге

төмөндөгү грамматикалык маанилер кирет: заттык маани, белгилик маани, сын-сыпаттык маани, сан- өлчөмдүк маани, кыймыл-аракеттик маани ж.б. Мисалы, алма, калпак, жылдыз, улак деген сыяктуу сөздөрдүн заттык; кызыл, көк, момун, сымбаттуу, ачуу, узун деген сыяктуу сөздөрдүн сын-сыпаттык;

алты, тогуз, он жети, бешинчи, отуз биринчи деген сыяктуу сөздөрдүн сан-өлчөмдүк; ойно-, же-, бас-, айт-, отур-, тур- деген сыяктуу сөздөрдүн кыймыл-аракеттик; азыр, бүгүн, кечээ, эртең деген сыяктуу сөздөрдүн мезгилдик маанилери жалпы категориялык грамматикалык маанилер болуп эсептелет. Сөздөрдүн жалпы категориялык грамматикалык маанилери алардын лексикалык маанилерине жакын болот.

Жеке грамматикалык маанилерге жөндөмө, сан, жак, таандык, чак, ыңгай, мамиле, даража, суроо ж.б. маанилер кирет.

Мисалы, «Назгүлдүн ыры гезитке чыгыптыр» деген сүйлөмдөгү сөздөрдүн грамматикалык маанилерине талдоо жүргүзүп көрөлү.

Назгүлдүн деген сөздүн грамматикалык маанилери:

1) затты (кишини) атоо мааниси; Бул маани – жалпы категориялык грамматикалык маани. Назгүлдүн деген сөз Назгүл, Назгүлгө, Назгүлдү, Назгүлдө, Назгүлдөн, Назгүлдүн, Назгүлүм, Назгүлүң, Назгүлүңүз, Назгүлүбүз ж.б. болуп ар кандай турпатта өзгөрүп келе берсе да, анын «затты (биерде кишини) атоо» мааниси өзгөрбөйт.

  1. жекелик санда атоо мааниси;
  2. кандайдыр бир нерсени өзүнө тиешелүү кылуу мааниси. ыры деген сөздүн грамматикалык маанилери:
  1. атооч жөндөмөдө атоо мааниси;
  2. жекелик санда атоо мааниси;
  3. 3-жакка таандык кылып атоо мааниси.

гезитке деген сөздүн грамматикалык маанилери:

  1. затты атоо мааниси;
  2. багыт мааниси менен, башкача айтканда, барыш жөндөмөдө атоо мааниси;
  3. жекелик сан мааниси;

чыгыптыр деген сөздүн грамматикалык маанилери:

  1. кыймыл-аракет мааниси;
  2. жекелик сан мааниси;
  3. 3-жак мааниси;
  4. капыскы өткөн чак мааниси.

Бул сөздөрдөгү грамматикалык маанилердин биринчилери жалпы категориялык маанилер, ал эми экинчи, үчүнчү, (төртүнчү) маанилер жеке грамматикалык маанилер болуп саналат.

Сөз түрдүү формада өзгөрүлүп кетсе да андагы жалпы категориялык грамматикалык маани өзгөрбөй кала берет. Жеке грамматикалык маанилер болсо, өзгөрүлө берет. Мисалы, ойно, ойнодук, ойногула деген сөз формаларынын баарында тең, кыймыл-аракеттик маани (жалпы категориялык маани) сакталып турат, жеке грамматикалык маанилер башка-башка болуп өзгөрүп кетти: ойно (2-жак, жекелик сан, келер чакта буюруу маанилери), ойнодук (1-жак, көптүк сан, өткөн чакта жайынча айтылган маанилери), ойногула (2-жак, көптүк сан, келер чакта буюруу маанилери).