74-_. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген сөздөр, негизинен, орус орфографиясындагыдай жазылат: жюри, бокс, аффикс, арбитраж, герб, банк ж.б.

75-_. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөр айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкө, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, үтүк, пол, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, шопур, жаркөп, машине, меш, деректир ж.б.

76-_. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден кирген айрым сөздөр кыргыз тилиндеги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп (акыркы тыбышы түшүрүлүп же ага башка тыбыш кошулуп же акыркы тыбыштын ордуна башка тыбыш колдонулуп) жазылышына жол берилет: сутки эмес, сутка; ранг эмес, ранга; танк эмес, танка; ботинки эмес, батинке; каникулы эмес, каникул ж.б.

77-_. Аягы -пп, -тт, -сс, -мм кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү тыбыш менен башталган мүчөлөр айкашса, үч окшош үнсүз катар келбейт, ошондуктан алардын бири түшүрүлүп жазылат: киловатт + да = киловатта, киловат + дан = киловаттан, класс + сыз = классыз ж.б

Источник: