Меню
Эл-Сөздүк

конституция

конституция I
ж. полит.
конституция (мамлекеттин коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн белгилеп турган негизги закону, негизги башталмалары).
конституция II
ж. анат.
конституция (адамдын же айбандын организминин түзүлүшү жана структурасы);
конституция организма организмдин конституциясы.

конституция

  • баш мыйзам
  • башмыйзам
  • Конституция

    КОНСТИТУЦИЯ (лат. constitutio – орнотуу, түзүлүш) – баарыдан мурда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жарыялаган жана кепилдеген, материалдык мааниде жазылган актылардын же конституциялык салттардын жыйындысы, ага тете эле коомдук түзүлүштүн негиздерин, аймактык түзүлүшүн жана башкаруу таризин, бийликтин жергиликтүү жана борбордук органдарын уюштуруунун негизин, алардын компетенциясын жана өзара мамилелерин, мамлекеттик символикасын жана борборун аныктайт; формалдуу мааниде жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзам же мыйзамдардын тобу. К. – конституциялык түзүлүштүн баалуулуктары, институттары жана ченемдери, сапаттуу коомдук байланыштарды жана мамлекеттик бийлик мамилелеринин мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун негиздерин ырасмий бекемдөөчү эң жогорку укуктук тариз. Юридикалык жана иш жүзүндөгү К. деген түшүнүктөр айырмаланат. Юридикалык К. материалдык жана формалдык мааниде бул – ардайым жогоруда көрсөтүлгөн коомдук мамилелердин чөйрөсүн жөнгө салуучу укуктук ченемдердин белгилүү тутуму, иш жүзүндөгүсү ошол мамилелердин өзү, б. а. реалдуу болгондор. Таризи боюнча К. кодификацияланган, кодификацияланбаган жана аралаш типтеги болуп бөлүнөт. Эгер ал конституциялык мүнөздөгү баардык негизги маселелерди жөнгө салуучу бирдиктүү жазылган акт болсо кодификацияланган К. болуп саналат. Эгер ошол эле маселелер бир нече жазылган актылар менен жөнгө салынса, анда ал кодификацияланбаган К. болуп саналат. Аралаш типтеги К. парламенттик мыйзамдарды жана соттук үлгү иштерди эле эмес, ошондой эле салттарды жана доктриналык чечмелөөлөрдү дагы камтыйт. К. өзгөртүү ыкмаларына карата ийкемдүү жана ийкемсиз болуп бөлүнөт. Биринчилери жөнөкөй мыйзамдарды кабыл алуу менен өзгөртүлүүсү мүмкүн. Экинчилери – парламент мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн добушун, ал эми айрым учурларда референдум өткөрүүнү, ал өзгөртүүлөрдү федерация субъектеринин белгилүү саны ратификациялашын ж. б. талап кылган атайын татаалдаштырылган жолжоболор менен гана өзгөртүлөт. Колдонулуу мөөнөтү боюнча К. туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.
    Перевести через онлайн Переводчик

    Примеры переводов: Конституция

    Русский Кыргызский
    Конституция Кыргызской Республики. Кыргыз Республикасынын конституциясы.
    Конституция имеет высшую юридическую силу и прямое действие в Кыргызской Республике. Кыргыз Республикасында Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөнтүз колдонулат.
    Новая Конституция Кыргызской Республики, принятой в 2010 году, требует пересмотра многих нормативно-правовых актов для включения соблюдение конституционных принципов и гарантированных прав и свобод человека. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы конституциялык принциптерди жана адам укуктары менен эркиндиктеринин кепилдигин камсыз кылуу максатында ченемдик укуктук актылардын чоң массивин кайрадан карап чыгууну талап кылат.
    Законы и постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики принимаются большинством голосов от общего числа депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, если эта Конституция не предусматривает иной порядок их принятия. Эгерде ушул Конституцияда кабыл алуунун башка тартиби каралбаса, мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
    Конституция, принятая в 2010 году, требует новых принципов и соответствующих подходов к религиозной интеграции регулирования свободы, в том числе рассмотрение разнообразия в обществе, светский характер государства, равные права всех граждан и равной Лега 2010-жылы Конституциянын кабыл алынышы жаңы принциптердин камсыздалышын, дин тутуунун эркиндигин жөнгө салууда тийиштүү мамиле кылуулардын киргизилишин, алардын арасында коомдун ар түрдүүлүгүн эске алууну, мамлекеттин жарандык мүнөздө болушун, ар бир адам
    Конституция Кыргызской Республики предусматривает парламентскую систему правления с президентом в качестве главы государства и премьер-министра в качестве главы правительства (исполнительной власти); Председатель избирается всеобщим голосованием сроком на Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекет башчысы катары Президент жана өкмөт башчысы катары Премьер-министр (аткаруу бийлиги) турган Парламенттик башкаруу тутуму каралган; Президент жалпы элдик добуш берүү менен алты жылдык мөөнөткө шайланат.

    Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
    strtoupper(RU)


    Такое же слова на других языках:

    KG


    Похожие слова на других языках:

    KG
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: