Меню
Эл-Сөздүк

Конституциялык мыйзам

КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМ – бир катар өлкөлөрдө конституциялык укуктун негизги булактарынын бири. Бир өлкөлөрдө (француз тилдүү өлкөлөрдө, Румынияда ж. б.) – бул конституцияга өзгөртүү киргизүүчү мыйзам, башкаларда (РФ, Казакстан, КР) К. м. конституцияда каралган маселелер боюнча кабыл алынат. Биринчи учурда К. м. кабыл алуу жолжобосу конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн жолжобосу менен дал келет, экинчи учурда конституцияга өзгөртүү киргизүүдөн айырмаланган, атайын (татаалдаштырылган) тартипте кабыл алынат. Айрым өлкөлөрдө жалпысынан ошол мамлекеттин конституциясын түзгөн мыйзамдардын жыйындысы К. м. (м.: Швеция) деп аталат.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: