Меню
Эл-Сөздүк

Конституциялык көзөмөл (конституциялык көзөмөлгө алуу)

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ (КОНСТИТУЦИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ) – мамлекеттеги ошол өлкөнүн мыйзамдарынын ж. б. ченемдик актыларынын конституцияга ылайык келүүсүн текшерүүчү укук коргоо ишмердигинин өзгөчө түрү. К. к. : а) жалпы юрисдикциянын баардык соттор (м.: АКШ, Аргентина, Дания, Япония); б) эң жогорку сот баскычы болуп эсептелген жогорку сот (м.: Австралия, Индия, Канада, Швейцария); в) К. к. башкы функциясы болгон атайын конституциялык соттор (РФ, КР, Австрия, ГФР, Италия); г) соттук эмес мүнөздөгү өзгөчө орган (м.: Франциядагы Конституциялык кеңеш) тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. К. к. объектилери кадимки эле мыйзамдар, конституцияга оңдоолор эларалык келишимдер, палаталардын регламенттери, бийликтин аткаруучу органдарынын (административдик юстиция тармагы болбогон өлкөлөрдө) ченемдик актылары болушу мүмкүн. Мазмуну боюнча К. к. формалдуу (мыйзамдарды жана башка ченемдик актыларды кабыл алуу үчүн аныкталган жолжоболук эрежелердин сакталышы текшерилет), материалдык (мыйзамдардын жана башка ченемдик актылардын маңызынын конституцияга ылайык келүүсү текшерилет), абстрактуу (атайын жүйөсү жок эле ыйгарым укуктуу кайсы бир субъектердин демилгеси боюнча ишке ашыралат), конкреттүү (кандайдыр бир сот ишине байланыштуу ишке ашырылат), алдынала (текшерилүүчү акты күчүнө киргенче) жана кийинки (актынын күчүнө кириши менен) болушу мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: