Меню
Эл-Сөздүк

конституция

конституция.

конституция

constitution [консти‘тйуушн]

конституция

[konstitutsiya]
anayasa

Конституция

КОНСТИТУЦИЯ (лат. constitutio – орнотуу, түзүлүш) – баарыдан мурда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жарыялаган жана кепилдеген, материалдык мааниде жазылган актылардын же конституциялык салттардын жыйындысы, ага тете эле коомдук түзүлүштүн негиздерин, аймактык түзүлүшүн жана башкаруу таризин, бийликтин жергиликтүү жана борбордук органдарын уюштуруунун негизин, алардын компетенциясын жана өзара мамилелерин, мамлекеттик символикасын жана борборун аныктайт; формалдуу мааниде жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзам же мыйзамдардын тобу. К. – конституциялык түзүлүштүн баалуулуктары, институттары жана ченемдери, сапаттуу коомдук байланыштарды жана мамлекеттик бийлик мамилелеринин мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун негиздерин ырасмий бекемдөөчү эң жогорку укуктук тариз. Юридикалык жана иш жүзүндөгү К. деген түшүнүктөр айырмаланат. Юридикалык К. материалдык жана формалдык мааниде бул – ардайым жогоруда көрсөтүлгөн коомдук мамилелердин чөйрөсүн жөнгө салуучу укуктук ченемдердин белгилүү тутуму, иш жүзүндөгүсү ошол мамилелердин өзү, б. а. реалдуу болгондор. Таризи боюнча К. кодификацияланган, кодификацияланбаган жана аралаш типтеги болуп бөлүнөт. Эгер ал конституциялык мүнөздөгү баардык негизги маселелерди жөнгө салуучу бирдиктүү жазылган акт болсо кодификацияланган К. болуп саналат. Эгер ошол эле маселелер бир нече жазылган актылар менен жөнгө салынса, анда ал кодификацияланбаган К. болуп саналат. Аралаш типтеги К. парламенттик мыйзамдарды жана соттук үлгү иштерди эле эмес, ошондой эле салттарды жана доктриналык чечмелөөлөрдү дагы камтыйт. К. өзгөртүү ыкмаларына карата ийкемдүү жана ийкемсиз болуп бөлүнөт. Биринчилери жөнөкөй мыйзамдарды кабыл алуу менен өзгөртүлүүсү мүмкүн. Экинчилери – парламент мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн добушун, ал эми айрым учурларда референдум өткөрүүнү, ал өзгөртүүлөрдү федерация субъектеринин белгилүү саны ратификациялашын ж. б. талап кылган атайын татаалдаштырылган жолжоболор менен гана өзгөртүлөт. Колдонулуу мөөнөтү боюнча К. туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.

конституция

зат. Белгилүү бир мамлекетти коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн, шайлоо системасын, мамлекеттик органдардын иштерин, уюштуруу принциптерин, граждандардын негизги укуктары менен милдеттерин белгилөөчү, аныктап көрсөтүүчү негизги закон. СССРдин Конституциясы.

Примеры переводов: Конституция

Кыргызский Русский
Кыргыз Республикасында Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөнтүз колдонулат. Конституция имеет высшую юридическую силу и прямое действие в Кыргызской Республике.
22) жер тилкесине менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер тилкесин өзү каалагандай ээли 22) право собственности на земельный участок - признаются и защищаются Конституцией Кыргызской Республики, настоящим Кодексом, а также другими законодательными актами право человека КР владеть, пользоваться и распоряжаться по своему усмотрению земельный у

Примеры переводов: Конституция

Кыргызский Английский
Кыргыз Республикасында Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана түздөнтүз колдонулат. The Constitution shall have supreme legal force and direct application in the Kyrgyz Republic.
22) жер тилкесине менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер тилкесин өзү каалагандай ээли 22) Title to land plot - recognized and protected by the Constitution of the Kyrgyz Republic, by this Code, and by other legislative acts right of a person of the Kyrgyz Republic to own, use, and dispose at their discretion the land plot belonging to him

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: