Меню
Эл-Сөздүк

конституция

конституция.

конституция

constitution [консти‘тйуушн]

конституция

[konstitutsiya]
anayasa

Конституция

КОНСТИТУЦИЯ (лат. constitutio – орнотуу, түзүлүш) – баарыдан мурда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин жарыялаган жана кепилдеген, материалдык мааниде жазылган актылардын же конституциялык салттардын жыйындысы, ага тете эле коомдук түзүлүштүн негиздерин, аймактык түзүлүшүн жана башкаруу таризин, бийликтин жергиликтүү жана борбордук органдарын уюштуруунун негизин, алардын компетенциясын жана өзара мамилелерин, мамлекеттик символикасын жана борборун аныктайт; формалдуу мааниде жогорку юридикалык күчкө ээ мыйзам же мыйзамдардын тобу. К. – конституциялык түзүлүштүн баалуулуктары, институттары жана ченемдери, сапаттуу коомдук байланыштарды жана мамлекеттик бийлик мамилелеринин мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун негиздерин ырасмий бекемдөөчү эң жогорку укуктук тариз. Юридикалык жана иш жүзүндөгү К. деген түшүнүктөр айырмаланат. Юридикалык К. материалдык жана формалдык мааниде бул – ардайым жогоруда көрсөтүлгөн коомдук мамилелердин чөйрөсүн жөнгө салуучу укуктук ченемдердин белгилүү тутуму, иш жүзүндөгүсү ошол мамилелердин өзү, б. а. реалдуу болгондор. Таризи боюнча К. кодификацияланган, кодификацияланбаган жана аралаш типтеги болуп бөлүнөт. Эгер ал конституциялык мүнөздөгү баардык негизги маселелерди жөнгө салуучу бирдиктүү жазылган акт болсо кодификацияланган К. болуп саналат. Эгер ошол эле маселелер бир нече жазылган актылар менен жөнгө салынса, анда ал кодификацияланбаган К. болуп саналат. Аралаш типтеги К. парламенттик мыйзамдарды жана соттук үлгү иштерди эле эмес, ошондой эле салттарды жана доктриналык чечмелөөлөрдү дагы камтыйт. К. өзгөртүү ыкмаларына карата ийкемдүү жана ийкемсиз болуп бөлүнөт. Биринчилери жөнөкөй мыйзамдарды кабыл алуу менен өзгөртүлүүсү мүмкүн. Экинчилери – парламент мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн добушун, ал эми айрым учурларда референдум өткөрүүнү, ал өзгөртүүлөрдү федерация субъектеринин белгилүү саны ратификациялашын ж. б. талап кылган атайын татаалдаштырылган жолжоболор менен гана өзгөртүлөт. Колдонулуу мөөнөтү боюнча К. туруктуу жана убактылуу болуп бөлүнөт.

конституция

зат. Белгилүү бир мамлекетти коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн, шайлоо системасын, мамлекеттик органдардын иштерин, уюштуруу принциптерин, граждандардын негизги укуктары менен милдеттерин белгилөөчү, аныктап көрсөтүүчү негизги закон. СССРдин Конституциясы.

Примеры переводов: конституция

Кыргызский Русский
Жаңы конституция боюнча парламенттик шайлоо 2010-жылдын октябрь айында өткөрүлүп, парламентке беш партия кирген. Парламентские выборы в соответствии с новой конституцией были проведены в октябре 2010 года, и пять партий были избраны в парламент.
Эгер 17-кылымдагы Англиянын конституция тарыхына көз чаптырып көрсөңүз, Стюарттардын үй-бүлөсү Британия парламенти менен начар мамиледе болушкан. Если вы посмотрите на конституционной истории Англии в 17 веке, вы узнаете, что Стюарты были проблемы с британского парламента.
2010-жылдын апрель айындагы элдик көтөрүлүштөн кийин, 2010-жылдын июнь айында өткөрүлгөн референдумда жаңы конституция кабыл алынган. Ал президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, Кыргызстанды парламенттик республикага айландырган. После народного восстания в апреле 2010 года, новая конституция была принята в ходе референдума в июне 2010 года сокращение полномочий президента и превращения Кыргызстана в парламентскую республику.

Примеры переводов: конституция

Кыргызский Английский
Жаңы конституция боюнча парламенттик шайлоо 2010-жылдын октябрь айында өткөрүлүп, парламентке беш партия кирген. Parliamentary elections under the new constitution were held in October 2010, and five parties were elected to the parliament.
Эгер 17-кылымдагы Англиянын конституция тарыхына көз чаптырып көрсөңүз, Стюарттардын үй-бүлөсү Британия парламенти менен начар мамиледе болушкан. If you look at the constitutional history of England in the 17th century, you learn that the Stuarts had problems with the British Parliament.
2010-жылдын апрель айындагы элдик көтөрүлүштөн кийин, 2010-жылдын июнь айында өткөрүлгөн референдумда жаңы конституция кабыл алынган. Ал президенттин ыйгарым укуктарын кыскартып, Кыргызстанды парламенттик республикага айландырган. After the April 2010 popular uprising, a new constitution was adopted in a referendum in June 2010 reducing the powers of the presidency and turning Kyrgyzstan into a parliamentary republic.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: