Меню
Эл-Сөздүк

Конституциялык принциптер

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПРИНЦИПТЕР – конкреттүү мамлекеттердин конституцияларында чагылдырылган негиз болуучу башаттар; конституциялык-укуктук жөнгө салуунун объектиси болгон коомдук мамилелердин мазмунун аныктайт. К. п. мамлекеттин жалпы конституциялык түзүлүшүнө да («Конституциялык түзүлүштүн негиздери») жана анын саясий тутуму, адамдын жана жарандын укуктук статусу, мамлекеттин аймактык уюштурулушу, экономикалык тутуму сыяктуу айрым элементтерине (институттарына) да тийиштүү болушу мүмкүн. К. п. конституциянын мазмунун жана аны өрчүтүү максатында чыгарылган мыйзамдарды логикалык жана юридикалык жактан өзүнө баш ийдирип турат. КР Конституциясына ылайык конституциялык түзүлүштүн негизин төмөнкү К. п-тер түзөт: башкаруунун республикалык таризи (республиканизм), элдик эгемендүүлүк, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин артыкчылыгы жана бузулгустугу, бийлик бутактарынын бөлүнүшү.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: