Menu
Эл-Сөздүк

Конституциялык сот адилеттиги (конституциялык юстиция)

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АДИЛЕТТИГИ (КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЮСТИЦИЯ) – ишинин негизги милдети мамлекеттик органдар, баарыдан мурда парламент тарабынан конституциянын сакталышын камсыз кылуу жана алар боюнча укуктук жыйынтыктарга алып келүүчү чечимдерди кабыл алуу менен байланышкан конституциялык-укук маселелерин кароо болгон сот органдарынын ишмердиги. Заманбап К. с. а. ченемдик актылардын конституциялуулугун текшерүү менен эле чектелбейт, ал конституциянын, конституциялык укуктардын жана эркиндиктердин артыкчылыктуу өкүм сүрүүсүн камсыз кылууга, бийлик бутактарын бөлүштүрүү принциптерин бекем сактоого багытталган. К. с. а. – конституциялык көзөмөл жүргүзүүнүн негизги тариздеринин бири; конституциялык соттор, жогорку же баардык жалпы соттор тарабынан ишке ашырылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: