Меню
Эл-Сөздүк

Конституциялык процесс

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПРОЦЕСС – 1) кеңири маанисинде мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын конституциялык укуктун ченемдери менен аныкталган тариздерде жүргүзүлүүчү баардык ишмердиги; конкреттүү коомдо же дүйнөдө баардык конституциялык-укуктук институттарды өркүндөтүү жана өнүктүрүү процесси; 2) тар маанисинде конституциялык соттордун конституциялык-укуктук талаштарды чечүү жана конституциялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча ишмердиктери. Мындай учурда «конституциялык-сот процесси» деген аталгы да колдонулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: