-
Конституциялык түзүлүш
-
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШ – белгилүү мамлекеттин конституциясы жана башка конституциялык-укуктук актылары менен орнотулган жана корголгон социалдык, экономикалык жана саясий-укуктук мамилелеринин тутуму. К. т-тү мамлекеттик түзүлүштөй кароого болбойт. Акыркысынан айырмаланып ал ардайым мамлекетте конституциянын болуусун талаптайт. Элдин эгемендүүлүгү, бийлик бутактарын бөлүштүрүү, жалпы таанылган адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулгустугу жана ажырагыстыгы К. т-түн зарыл белгилери болуп саналат. Мамлекеттик түзүлүш бул белгилерди өзүнө камтыбоосу да мүмкүн.
Найдены по другим направлениям
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Конституциялык түзүлүш