Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Конституциялык арыз

КОНСТИТУЦИЯЛЫК АРЫЗ – жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун процесстик каражаттарынын бири. К. а. эгер мыйзам: а) жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин козгосо; б) каралышы сотто же мыйзамды колдонуучу башка органда бүткөн же башталган айкын иште колдонулса же колдонууга жатса пайдаланылат. КР мыйзамы боюнча КР Конституциялык сотуна сунуштама же өтүнүч кат берилет. КР Президенти, КР ЖК депутаттары, КР Өкмөтү, КР Премьер-министри, КР Башкы прокурору жана жергиликтүү кеңештер сунуштама, ал эми юридикалык жактар жана жарандар өтүнүч кат киргизишет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: