(Русский) Вы можете проверить правильность написания слово в онлайн орфографическом словаре Карасаева.

Автор: Руслан Чодоев 07.12.2020

Sorry, this entry is only available in Russian and Кыргызча.

В рубриках: News

Отзывов (2) на «(Русский) Вы можете проверить правильность написания слово в онлайн орфографическом словаре Карасаева.»

Насипа Мамасалиева пишет:
30.06.2021 в 09:07 AM

Жакшы экен

Mustakim пишет:
14.01.2023 в 10:52 PM

Сезимдер…
Бул көр дүйнөдө сезимдер адам баласына мал мүлктүн алдында төмөнкү даражага түшүп кеткен заманга келип калыптырбыз. Кызыктай бир заман. Кээ бирөөлөр өз сезимдерин бастырып дүйнөлүк байлыкты тандап кетишет, кээ бирөөлөр абройу үчүн сезимдеринен баш тартышат. Кимдир бирөөлөр жөн гана сезимдерди тааныбай калганы үчүн аны байкабай өткөрүп жиберишет экен. Эмнеге тааныбайт?.. Мына ушул суроо терең ойлонууга жардам берсе керек. 21 жашка чыгып өмүрүмдө байкабай жүргөн сезимдер пайда болуп жаткан кез. Бул ойлор өз өзүнөн пайда болгон жок. Айылда досум экөөбүз бир эшекти минип талаага барат элек, картошка сугарып, эртеден кечке ошол жерде ойноп отурат элек, ал кезде көңүл бурбайт экенмин. Азыр ойлоп көрсөм, ошол эшекти бир жерге аркандап койгондо, кечке казыктын айланасын тырмалап оттоп жата берет эле. Казыктын айланасы тегерек болуп жердин топурагы чыгып кетчү, эшектин башын бошотуп койсо ошол өзү чийген айланадан чыкпай жата берчү. Көрсө анын мээсине башынан байланган аркан сиңип калган экен. Барып атайын тартып чыгарбаса ошол жерде жата берчү. Өзүбүздү бир айбанга теңөө бул төмөн көрүнүшү мүмкүн, бирок биздин ойлор көз караш дагы ушул сыяктуу экен. Жашоодо кимдир бирөө пайда болуп, бизди өзүнүн кулк мүнөзү, ой жүгүртүүсү, кээ бирөөлөр жөн гана бар болгону үчүн анын үчүн кичинекей айланадан чыгууга туура келет экен. Ал инсандар өздөрү байкабай калышы да мүмкүн, бирок бир инсандын өмүрүн куткарып калышат. Алар билинбеген баатырлар, сезимдерди ойготуучу баатырлар. Негизинен сезим деген эмне? Эмоциябы? Кубануу, таарынуу, уялуу, же кыска бир убакта өтүп кетүүчү ойлорбу? А балким сүйүүдүр…
Эртең менен ойгонуп өз өмүрүн кыйууну ойлонгон бир инсан кеч киргенде жашоонун даамын жаңы таткан жаш баладай жашагысы келген бир инсанга айлануусу кызык эмеспи? Мунун баарын эмне башкарып турат? Сезимдер эмеспи?.. түйүлгөн ойлор…

 

Оставьте комментарий