KyrSpell 2.0 – The system of spelling checker of the Kyrgyz language for MS Office 2003,2007, 2010 и 2013.

Автор: Руслан Чодоев 21.01.2011

Spell checker spelling checker Kyrgyz language thesaurus (synonym dictionary) and hyphenation in Microsoft Office and other applications. Checking and Hyphenation by standard means, that provides functionality in any application where there is a corresponding function (eg, MS Word, MS Excel, MS PowerPoint, MS Outlook, Outlook Express, etc.)

В рубриках: Downloads

Отзывов (150) на «KyrSpell 2.0 – The system of spelling checker of the Kyrgyz language for MS Office 2003,2007, 2010 и 2013.»

Айдай пишет:
23.03.2011 в 05:43 PM

Эн жакшы программа экен. Эми дайыма колдонуп журом… Рахмат!!!

Niyazi пишет:
26.04.2011 в 06:40 PM

Рахмат Сизге! Алла ыраазы болсун! Албан-албан ийгилик каалайм!

Жанарбек пишет:
25.05.2011 в 10:19 PM

абдан жакшы программа экен.

buka пишет:
07.06.2011 в 09:48 AM

Укмуш жана сонун экен!!! Чоң рахмат! Ишиңиздерге ийгилик! Кудай колдосун!

Marat пишет:
02.08.2011 в 03:19 AM

Рахмат.

Туратбек пишет:
02.08.2011 в 05:36 AM

Мен да колдоно баштадым KyrSpell программаны. Укмуш программа экен! Рахмат.

Крон пишет:
09.08.2011 в 10:10 AM

Чон рахмат сизге!Эн жакшы программа

Мурат пишет:
01.11.2011 в 09:23 AM

Байкелер, силерге миң алкыш! Кыргыздын тарыхында атыңар өчпөсүн!

Bakyt пишет:
24.03.2012 в 03:39 PM

Чоон рахмат! Аллах уй булонуздорго тынчтык, иштериниздерге ийгилик берсин!

Сонун пишет:
26.04.2012 в 01:17 PM

ыРахмат ийгилик сиздеге…

Улан пишет:
02.06.2012 в 06:04 PM

Эн сонун программа экен. Эми дайыма колдонуп журом.Рахмат!!!

Марат пишет:
11.06.2012 в 06:45 AM

Жыргатпадыңарбы, чоң рахмат. Үй-бүлөңуздөрдө ынтымак, молчулук болсун.

Юсуп пишет:
17.06.2012 в 06:22 AM

Издегенимди таптым Рахмат ийгилик сага.

nurba пишет:
23.06.2012 в 11:16 AM

2010 до иштебей жатат

Юсуп пишет:
24.06.2012 в 10:48 AM

текст,
сүйлөмдү толугу менен кантип которсо болот

Руслан Чодоев пишет:
25.06.2012 в 09:01 AM

Нурбек иштебей жатка жонундо толугураак айтып бересизби? анткени эгерде иштебей жатса анын себебин табышым керек.

Жумабек пишет:
28.06.2012 в 01:38 PM

Бул программа World 2010до иштейби?

Жумабек пишет:
28.06.2012 в 01:56 PM

Чон рахмат!!!Кыргызым өнүгө берсин!!!

Барс Би пишет:
13.08.2012 в 08:16 AM

Жуктоп алдым,чон ыракмат, бир ок, кыргыз ариптерин таппай калдым,алар кайсыл баскычтарында коюлган? же кандай баскыч айкалыштары менен басылат? себеби, мурункудай эле Alt+н,о,у Word-до колдонуп жатам,башка программаларда болбойт.

(В комплект программы теперь добавлены раскладки клавиатуры для кыргызского языка (3 шт). Это для тех кому не нравится набирать 3 кыргызские буквы через клавишу Alt+У итд.)

Жообунузга алдын-ала ыракмат

Руслан Чодоев пишет:
16.08.2012 в 08:52 AM

Барс Би саламатсызбы!
Эгерде сиздин ОС системаных 32 бит болсо (Windows XP, же Windows 7) анда клавиатуранын параметрине кирип кыргыз тилинин раскладкасын озгортунуз керек. Башкача айтканда “Киргизский (кирилица)” дегенди очуруп, анын ордуна “Киргизский основная 2″ дегенди орнотосуз. Ал клавиатуралардын тизмесинде бар.
Мен азыр алыс жакта элем (чет жакта). Кичинчерээк тагыраак сайтка жазып коем бул жонундо.

PS:
Эгерде сиз биздин Эл-Создуктогу “bbars” деген колдонуучу болсонуз сизге жаны создорду кошконунуз учун ыраазычылык билдирип коюн дедим эле.
Рахмат сизге – “Эл-Создук” командасы.

Kanat пишет:
17.08.2012 в 08:49 AM

Ушундай эле программа MS Office 2011 Mac үчүн барбы? Болсо, кошуп койгулачы.

Жок болсо, эмне кылса болот Мас компьютерлер үчүн?

Рахмат!

Барс Би пишет:
17.08.2012 в 10:03 AM

Урматтуу Руслан,

Жообунузга ыракмат

Алмаз пишет:
06.09.2012 в 07:03 AM

бул программаны установка кылыш учун интернет созсуз керекпи? мен флэшкага кочуруп алып башка компко установка кыла албайымбы?

Руслан Чодоев пишет:
06.09.2012 в 07:46 AM

Алмаз, KyrSpellди установка кылуу үчүн интернеттин кереги жок. Иштегенде да кереги жок. Флешкага көчүрүп алып койсоңуз болот. Андан тышкары досторуңарга, тааныштарыңарга таркатсаңыз болот.

ШАЙЫРБЕК пишет:
07.10.2012 в 03:38 PM

win7 ге иштебей жататго KyrSpell 2.0

Толя пишет:
01.11.2012 в 04:21 AM

Кыргыз тилинин Windows-1251 жана KOI сыяктуу кодировкалары барбы? Мисалы Win7 кыргыз тилине кайсыл кодировкаларда которулган?

Руслан Чодоев пишет:
01.11.2012 в 06:59 AM

Windows-1251 кодировкасында кыргыздын 3 тамгасында орун жок. Бирок алардын ордуна көбүнчө є ї ў (ө, ү, ң) тамгалары колдонулат. KyrSpell да “по умолчанию” ушул тамгаларды колдонот. Бирок Win7 операциондук системасында UNICODE кодировкасы толук колдонулат. Ал жерде кадимки эле өүң деп жаза бересиңер.

Айтып коюучу нерсе: KyrSpell иштеп баштаганда сөздөрдү анализдеп эгерде сөздөрдө є ї ў тамгалары бар болсо анда сөздөрдүн туура жазылышынын вариантын ушул кодировкада берет, а эгерде андай болбосо unicode кодировкасында берет. Мисалы “көмүрр” деген ката сөзгө “көмүр” деген вариант сунуш кылынат, а эгерде “кємїрр” деген сөзгө “кємїр” деген сөз сунуш кылат.

Руслан Чодоев пишет:
28.11.2012 в 06:53 AM

Шайырбек:
win7 ге иштебей жататго KyrSpell 2.0

Win7 (64bit, MS Office 2010) иштетип көрдүк, сонун эле иштеп жатат. Бир гана расскладка клавиатураны 64 бит версиясын алмаштырыш керек экен.

nazo пишет:
29.11.2012 в 07:18 AM

орното албай жатам…Жуктодум бирок калганына келгенде :((((

Руслан Чодоев пишет:
03.12.2012 в 11:47 AM

Nazo үчүн:

Жүктөгөндөн кийин архивден файлды алып чыгып туруп файлды запускайтеткиле (иштеткиле). Калганы кадимки программаларды койгондой эле коёсуз. Коюлуп бүткөндөн кийин Программы- Тамга-КИТ – KyrSpell деген жерде маалымат жана тесттик файлдар бар. Ошолорду MS Wordдон ачып текшерип көрсөңүз болот. Эгерде дагы эле болбой жатса мага кат аркылуу телефонуңарды жазып жибергиле.

Руслан

Hyp пишет:
25.12.2012 в 06:31 PM

Руслан мырза, программаны жүктөгөндөн кийин, вордду ачып “ккырггызстан” же “умут” деп жазсак астын кызыл менен сызып, бирок вариант сунуштабай жатат, бул маселени кандай чечсе болот?

Руслан Чодоев пишет:
26.12.2012 в 07:39 AM

Нур мырза саламатсызбы! Рахмат сизге жазганыңызга.

“ккырггызстан” бул жерде үч ката бир учурда кезиккендиктен туура вариантын бере албай калды.
1. эки “кк”.
2. эки “гг”.
3. кичине тамга менен сөз башталууда.

умут – жакында карап көрөм. Программадагы алгоритмге ылайык о, у, н тамгаларын (орусча) кыргызча ө, ү, ң тамгаларына алмаштыруу варианты каралган.

Руслан.

Hyp пишет:
30.12.2012 в 05:07 AM

Руслам мырза, Сизден жаңылыктарды күтөбүз. ишиңиздерге ийгилик. Баса, бул сайттан KyrSpell 2.0’дү түшүрүп каалоочуларга коюп берип жатабыз, уруксат бар да?

Руслан Чодоев пишет:
03.01.2013 в 07:05 AM

Нур саламатсызбы!

Албетте уруксаат бар, эгерде жеке өзү үчүн колдонсо, (мисалы үйүндө, же жеке нотникте).

Hyp пишет:
03.01.2013 в 04:51 PM

Руслан мырза, кайрадан Сиздин тынчыңызды алып олтурабыз.
– ворд файл, 125 беттен турат, башка жерден көчүрүлгөн. орфографиялык каталар көп деп текшербей жатат. F7 менен бирден-бирден текшере баштаганда 10-15 түзөтүү/оңдоодон кийин ворд иштебей, дароо жабылып калып жатат. Бул нерсени “тексттин тили орусча” кылып түзөтүү/оңдоодо ворд жабылбай эле иштеп жатат. эмнеден болушу мүмкүн?
– KyrSpell 2.0 иш жеринде колдонсо болобу? (бир канча жерге коюп бердим эле да, ээсинен сурап коёюн)

Айбек пишет:
03.01.2013 в 06:16 PM

программаны озумо орнотуп алсам ( скачать этип) алсам болобу? рахмат!

Айбек пишет:
03.01.2013 в 06:21 PM

жана кантип орнотсом болот?

Руслан Чодоев пишет:
05.01.2013 в 03:48 AM

Нур Саламатсызбы!

“- ворд файл, 125 беттен турат, башка жерден көчүрүлгөн. орфографиялык каталар көп деп текшербей жатат. F7 менен бирден-бирден текшере баштаганда 10-15 түзөтүү/оңдоодон кийин ворд иштебей, дароо жабылып калып жатат. Бул нерсени “тексттин тили орусча” кылып түзөтүү/оңдоодо ворд жабылбай эле иштеп жатат. эмнеден болушу мүмкүн?”

Бул катаны ошол ворд файлды алып текшерип жатканда пайда болгон катаны кармап (подловит) калыш керек, эмне себептен ошондой ката чыгып жатканын билиш үчүн. Эгерде ал силер текшерип жаткан файл “секретный” эмес болсо салып жиберсеңер жакшы болмок, мен бул жерден текшермекмин. Же текстин кайсыл жерине келгенде ворд жабылып калып жатканын билсеңиз текстин ошол бөлүгүн салып жибергиле мага.

“- KyrSpell 2.0 иш жеринде колдонсо болобу? (бир канча жерге коюп бердим эле да, ээсинен сурап коёюн)”
KyrSpell 2.0 – иште колдонуу үчүн (үйдө эмес) лицензия алыш керек. Лицензиянын баасы 1000 сом бир компьютерге (1-5 компьютерге чейин). 750 сом 5-19 компьютерге чейин.

Руслан Чодоев пишет:
05.01.2013 в 03:51 AM

Айбек саламатсызбы!

KyrSpell_2_0.rar файлын компьютериңерге көчүрүп алып анын ичиндеги KyrSpell_2_0.msi файлын алып чыккыла (распаковка). KyrSpell_2_0.msi иштетсеңиз кадимки программаларды орноткондой эле орнотосуз.

Бактыбек пишет:
13.01.2013 в 03:09 PM

Азамат! Кыргыз тилине эң керектүү программа экен. Чыгармачылык, ийгилик каалайм!

Hyp пишет:
22.01.2013 в 06:45 PM

Саламатсызбы Руслан мырза.

тырмакчанын “” жана « » түрлөрү тууралуу суроо бар эле.

колбаскычтын тили RU’да турса тырмакчалар автоматтык түрдө ” ” белгиден « » белгиге өзгөрөт экен. Кыргызчада болсо ” ” белги ” ” белги бойдон кала берет экен. ” ” белгиден « » белгиге өткөрө тургандай кылуу боюнча кандай ой пикириңиз бар?

Руслан Чодоев пишет:
23.01.2013 в 06:09 AM

Саламатсызбы Нур!

Ал Ворддун өзүнүн параметрлеринде өзгөрүш керек.

Бул жөнүндө бул жерде кеңири каралган
http://www.sql.ru/forum/actualthread.aspx?tid=287584

Дастан пишет:
08.02.2013 в 07:26 PM

Чоң рахмат сизге Руслан байке, айдан издеп жүргөнүбүз жерден табылдбадыбы.
http://kyrgyzcha.org/
бул жакта да пикирлешиңиз бар окшойт

dastan пишет:
12.02.2013 в 04:51 PM

office 2013`тө иштебей жатат

Руслан Чодоев пишет:
13.02.2013 в 04:32 AM

Дастан саламатсызбы!

Сиздин office 2013 32 разрядныйбы же 64 разрядныйбы? Аны билиш үчүн Офисс 2013төн “О программе” деген менюну басып билсеңиз болот.
64 разрядный офиске азырынча даяр боло элек. А 32 разрядный офисс 2013кө даяр, бирок текшериле элек. Эгер кааласаңар сиздин компьютериңерден текшерсек болот (эгерде офис 2013 32 разрядный болосо мен сизге салып жиберем ).

Gulnaz пишет:
13.02.2013 в 04:47 AM

Kay jerden kantip ko4urot? Men zagruzki degen jerden ko4ursom bolboy jatat go

Руслан Чодоев пишет:
13.02.2013 в 06:54 AM

Бул жерден http://tamgasoft.kg/download/12/
азыр эле текшерип көрдүп көчүрүлүп жатат.

Нур.М пишет:
13.02.2013 в 06:27 PM

Руслан мырза,
2013түн 32лигинде иштебей жатат…?
2013түн архитектурасы такыр башка окшойт 2003/2007 жана 2010го караганда…

Руслан Чодоев пишет:
14.02.2013 в 04:59 AM

Нур М. саламатсызбы!

Ооба Офисс2013түкү бөлөкчө. Электрондук адресиңерди берсеңер ruslanch@list.ru га жазып жибергиле, же 0543 01-12-00 гө чалсаңыз текшерип көргөнгө.

Омурбек пишет:
16.02.2013 в 04:28 PM

Эн жакшы программа экен сага рахмат Руслан силерден бир сураныч бар эле мен Оштун Озгонунон болом айылда жашайм мен joomla.1.5.21 движогу менен сайт тузуп жаттым эле кыргыз тилинде тузойун десем ал жерде кыргыз тили жок экен жардам бере аласынарбы?

Омурбек пишет:
16.02.2013 в 04:30 PM

Менин адресим owin7@mail.ru

Руслан Чодоев пишет:
17.02.2013 в 05:17 AM

Өмүрбек салам алейкум!

Мен joomla мене пока иштей элекмин.
Бирок “ал жерде кыргыз тили жок” анча түшүнгөн жокмун. Башкача айтканда ал жерде сайттын кыргызча которулушу жок бекен? Же текстер кыргызча жазылбай жатабы?

Омурбек пишет:
17.02.2013 в 07:21 AM

Салам Руслан ал жерде туура айтасын кыргыз тилин поддержка кылбайт экен Баардык движоктордун тилдерин карап чыктым эч бир кыргыз тилинде сайт тузо турган движок жок турбайбы менин айтайын дегеним кыргыз тамгаларын поддержка кылдырыш керек болуп атат. кыргызча уч тамганы айтып жатам. Анализ кылып корсом Тажикстан менен биз Кыргызстан эле калыппыз калган мамлекеттер баары оздорунун плагиндерин чыгарып коюшуптур силер дагы ошондой кылып койсонор жакшы болот эле дегеним бизге окшогон прграммист эмес колдонуучулар оной эле кыргызча сайт тузо беришет эле. Бул программаларга Drupal,WordPress,Joomla. Рахмат.

Элим пишет:
18.02.2013 в 10:06 AM

а мен кантип установить этем??? болбой атат..

Элим пишет:
18.02.2013 в 10:08 AM

выберите программу для открытия этого файла деп атат, а мен кайсы программа менен ачышым керек????

Руслан Чодоев пишет:
18.02.2013 в 04:23 PM

Элим саламатсызбы!

Программа бул жерда RAR архивинде болгондуктан сиз аны архивден алып чыгышыңар керек. Winrar деген программаны жүктөп алып ошону менен ачып анан установка кыласыңар.

Архивдин ичине салгандын да себеби бар. Анткени кээбир браузерлер exe же msi файлдарын жүктөтпөйт.

Hyp.M пишет:
23.02.2013 в 11:52 AM

Дыйканчарбалардыкындагылардансыңарбы

деген сөздү кызыл кылып көрсөтүп жатат 2003, 2007, 2010 & 2013

Руслан Чодоев пишет:
24.02.2013 в 07:48 AM

Ооба, чын эле жок экен.
“Дыйкан чарбалардыкындагылардансыңарбы” деп экиге бөлүнүп жазылышы туура го дейм. “…лардыкындагылардансыңарбы” деген мүчөнү кошуп коем. Бул жанагы “механизациялаштырылгандардансыздарбы” деген сөздөрдүн тизмесине кирет. :-)

Ashar-Invest Capital пишет:
12.03.2013 в 12:42 AM

Силерге чон ыраазычылыгымды билдиргим келет!!! Кантип байланышсак болот?

Руслан Чодоев пишет:
12.03.2013 в 03:20 AM

Саламатсызбы!

Рахмат,
моб. тел. 0543-011-200 чалып байланышсаңыз болот. почта: ruslanch@list.ru

Амангелди пишет:
05.04.2013 в 06:08 PM

Рахмат, Алла ыраазы болсун, чынында пайдалуу иш жасалыптыр, мен дагы жуктоп алдым, токтоп калбай мындай иштер уланса жакшы болот эле!

Медер пишет:
08.04.2013 в 05:25 AM

Саламатсызбы Руслан байке. Бул программа ворддо иштеди, чоң рахмат. Эми ушул программа интернет браузерден иштегендей кылса болобу, мисалы могул коментарий жазып жатканда проверка кыллып берсе.

PS: кыллып – 2 “л” тамгасын жаздым, ушуну ошибка деп көрсөтүп берсе

Данияр пишет:
11.04.2013 в 05:23 PM

Саламатсызбы Руслан байке мен бул программаны көчүрүп алдым бирок иштебей жатат.Жардам бере аласызбы

Руслан Чодоев пишет:
12.04.2013 в 06:46 AM

Данияр салам алейкум!
0543-011200 телефонуна чалсаңыз болот.

Руслан Чодоев пишет:
12.04.2013 в 06:59 AM

Офистин версиясы кандай, windows XP же 7? 32 версиясыбы же 64 ушул жөнүндө жазып жибересизби мага.

niyaz пишет:
18.04.2013 в 01:08 PM

64 бит версия виндоуска кирбей жатат. Ворд 2007. Кир Спелл2 Коюлабай жатат

Руслан Чодоев пишет:
19.04.2013 в 04:46 AM

Нияз саламатсызбы!

Офистин 64 версиясына азырынча даяр боло элек. Бирок Windows өзү 64 бит бирок офис 32 бит болсо иштей берет.
http://tamgasoft.kg/wp-content/files/KyrSpell_2_2_win32.msi ушуну коюп көрсөң.

Данияр пишет:
23.04.2013 в 01:50 PM

Чоң рахат Руслан байке программа үчүн жыргап эле калбадымбы!

Руслан Чодоев пишет:
24.04.2013 в 06:07 PM

Нияз саламатсызбы? 64 бит видновсто иштедиби? жообун айтып койгула.

Нияз пишет:
25.04.2013 в 05:07 PM

Салам алейкум, Руслан байке. “КирСпелл 2″ коё албай койдум. Кыргызча тамга менен терүү аябай зарыл болгондуктан шашкалыктап “КирСпелл 2,2″ версиясынын бар экенин билбептирмин. Бирок, “Раскладка_KG_удобная” дегендин ичин карасам, Кудай жалгап, 64 бит версияга түшө турганын даярдап койгон экенсиз, оңой эле орнотуп алдым. Чоң рахмат сизге! Эми буюрса “КирСпелл 2,2″ версиясын да иштетип көрөм. Сизге чың-ден соолук, иштериңизге ийгилик каалайм!

Айнура пишет:
06.06.2013 в 08:38 AM

Меники windows 8 64bit office 2013 64bit, ушу системге иштейт болду бекен Руслан мырза?

Руслан Чодоев пишет:
11.06.2013 в 10:00 AM

Айнура саламатсызбы!
Тилеке каршы Офис 2013 64 бит системага даяр боло элек. Сиз Офис 32 бит версиясын коюп иштесеңиз болот (эгерде бөлөк тоскоолдуктар болбосо)

Kazybek пишет:
17.06.2013 в 05:54 PM

Ассалоому алейкум ушу комментарий жазган тилкени да кыргыз тилин текшертип койбойсузбу.

Руслан Чодоев пишет:
20.06.2013 в 05:50 AM

Казыбек саламатсызбы!
Колдонуучулар жазган коментарийлерди мен өзгөртө албай. Мен аларды таптакыр эле өчүрө алам. Тексти өзгөртө албайм.

Алмир пишет:
05.07.2013 в 10:14 AM

Саламатсызбы Руслан мырза MS Word 2010 кантип иштетсе болот? иштете албай жатам. мумкун болсо жол жоболорун электрондук дарегиме жонотуп оке аласызбы?

Джапанов Фуркат пишет:
07.07.2013 в 06:37 AM

Я очень рад что наше республика лучше в мире

Зиёдулло пишет:
20.07.2013 в 04:44 AM

Руслан Саламатсызбы!
– программаны жүктөп, колдона баштадым, аябай сонун жана пайдалуу, бирок программаны орнотконго чейинки ворд документтерди орфографиялык каталар көп деп текшербей жатат. F7 менен бирден-бирден текшере баштаганда 10-15 түзөтүү/оңдоодон кийин ворд иштебей, дароо жабылып калып жатат.
– башка шериктериме да коюп берсем, уруксат барбы?
– коммерциялык максатта пайдалангандар боюнча оюңуз кандай?
Кеңештериңизди күтөм…

Руслан Чодоев пишет:
22.07.2013 в 04:54 AM

Зиёдулло, саламатсызбы!

“10-15 түзөтүүдөн кийин иштебей жабылып калып жатат” мага да кызык болуп жатат эмнеден иштебей жабылып калып жатат. Эгерде мүмкүндүк болсо текшерип жаткан тексти (документти) мага салып жиберсеңер. Эгерде документ чоң болсо – иштебей жабылып калып жаткан жерден өйдө жагынан 2 барак ылдый жагынан 2 барак текстин көчүрүп мага салып жибергиле. Бул жерден дебайгер режиминде текшерип ката эмнеден болуп жатканын билиш керек. Салып жиберсеңер бөлөк колдонуучуларга да жардам болмок.

MS Wordун версиясы кайсыл, виндовстун версиясы жана KyrSpell дин жасалган датасын да жазып жиберсең жакшы болот.

Башка шериктештерге коюуу боюнча – эгерде ал шериктериңер жеке өзү үчүн б.а. үйдө жа окууга (коммерциялык колдонуу эмес) колдонсо коюп берсең бболот. Бул программа жеке колдонууга, мектептерге жжана мектепке чейинки мекемелерге бекер. Коммерциялык мекемелерде, бюджеттик (мамлекеттик) ммекемелерге бекер эмес. Лицензиясы 1 компьютерге 11000 сом.(лицензиянын санына жараша, көбүрөөк алса арзан болот.)

Зиёдулло пишет:
24.07.2013 в 08:05 AM

Руслан жооп үчүн рахмат.
– “жабылып калат” деген туура эмес түшүптүр. аныгы – ката бар экендигин кызыл сызык менен көрсөтпөйт. маселе ушунда…
– Лицензияны кимден сатып алса болот?
– жеке өзү үчүн колдонууга жүктөп алган программадан лицензионный программанын кандай айырмасы бар?

Руслан Чодоев пишет:
24.07.2013 в 09:47 AM

“Кызыл сызык мене көрсөтпөй” бул эгерде тексти “кыргыз” тилинде деп вордго көрсөтүлбөй калса керек. Тексти кыргыз тили кылып көрсөтүш үчүн текстин баарын белгилеп анан Язык деген жерде (ворддун ылдыйкы жагында) Киргизский дегенди тандап алыш керек.

– Лицензияны менден сатып алсаңыз болот.
– Лицензионный менен жеке жүктөп алган программанын ортосунда айырма жок. Колдонууда гана айырма. Коммерциялык максатта колдонуу үчүн (жумушта, офисте, атайын редакцияларда ж.б.) анча мынча лицензия төлөп анан иштөөгө болот.

Зиёдулло пишет:
25.07.2013 в 03:38 AM

чоң рахмат Сизге
мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүлүшүнө өз салымыңызды кошуп жатасыз, дагы эле ийгиликтер коштосун Сизди…

Жыргалбек пишет:
04.08.2013 в 06:08 PM

Азаматтар! Ийгилик артынан ийгилик жарата бергиле! Отурду, сопсонун иштеп атат. Кубанычтамын! (Мурун эле кирбей бул сайтка… Досторума бул сайтты шилтемелейм :) )

Руслан Чодоев пишет:
05.08.2013 в 11:52 AM

Рахмат Жыргалбек. Досторуңуздарга сунуштай бергиле.

Искен пишет:
15.08.2013 в 11:16 AM

Чоң ракмат! Сизге албан, албан ийгилик каалаймын!!! Кыргызым өнүүгө берсин!!!
Сунушум бар : Android ке киргизип койгулачы, сураныч! Алдын ала ракмат!!!

Фарух пишет:
05.09.2013 в 02:20 AM

Саламатсызбы, менде Windows 7,MS office 2010, 64 разряддуу системада иштебей жатат. Эмне кылуу керек?
Рахмат!

Акмарал пишет:
05.09.2013 в 10:50 AM

Билимдуу окуучу эмнеге жетишет

Ruslan пишет:
05.09.2013 в 05:34 PM

Фарух саламатсызбы!
“Windows 7,MS office 2010, 64 разряддуу системада иштебей жатат. Эмне кылуу керек?”

Сизд Офис 2010 дун 32 разрядныйын компьютеринерге коюп иштетсеңер болот. Офистин 64 разрядына туура келе турган версиясы чыга элек.

Жамиля пишет:
04.10.2013 в 05:16 AM

KyrSpell бул программанын 64разряддык компьютерге ылайыктуусун таппай жатам. кайдан алсам болот?

Ruslan пишет:
04.10.2013 в 03:06 PM

Азырынча 64 разряддык оффиске даяр боло элек. Буюрса жакында (2-3 айда) даяр болот. Бирок силер wındows 64 бирок MS Offıce 32 разряддыкты орнотуп иштей берсеңер болот.

Николай пишет:
01.11.2013 в 06:29 AM

Здравствуйте, есть замечание, со временем, в офисе 2010 проверка орфографии перестает работать, а если удаляешь его и ставишь офис 2007 то на нем проверка орфографии прекрасно работает, просьба устранить проблему неохото терять лицензию офиса 2010 из-за орфографии которая со временем перестает проверять.

Ruslan пишет:
08.11.2013 в 02:35 PM

Николай привет! Со временем как перестает работать? Выдает какое нибудь сообщения, ошибку? Набираете текст на киргизском языке (при этом текст должен быть помечен как киргизский) и нажимаете F7, в этом случае работает проверка орфографии? Попробуйте в 2010м переустановить KyrSpell. Обычно если происходит ошибка в модуле проверки орфографии Офис его отключает. Видимо у вас такой случай. Можете обратно включить модуль. Я завтра напишу какое именно меню (под рукой нет 2010й версии). Так же посмотрю из за чего ошибка происходит в модуле.

Марасулбек пишет:
15.11.2013 в 08:14 AM

Саламатсызбы! Программаны жуктоп алдым, орноштурдум, бирок кыргыз тамгалары иштебей жатат. Клавиатуранын параметрине да кирдим, кыргыз тилинин “Киргизский (кирилица)” расскладкасын орноттум, анда да иштебей жатат. “Киргизский основная 2″ деген расскладка мендеги компьютердин клавиатуралык параметринен таппай койдум, кайдан кантип тапсам болот. KyrSpell программасын орнотуунун жана иштетуунун жолдорун айтып койсонуз.

Ruslan пишет:
18.11.2013 в 02:36 PM

Марасулбек салам!

KyrSpell 2.0 ичинен расскладканы алып салганмын. KyrSpell раскладкалары менен бул жерден жүктөп алсаң болот – http://tamgasoft.kg/wp-content/files/tamgakit-orfo-2013.exe

Айнагул пишет:
04.02.2014 в 04:33 PM

ырахмат! программаны кочуруп, компко орнотуп алдым. менде peterburg менен жазылган текст бар, ошону текшере алабы?

Айнагул пишет:
04.02.2014 в 04:36 PM

Сиздерде орусчадан кыргызчага текстерди которо ала турган программа барбы?

Доорон пишет:
16.02.2014 в 04:15 AM

Менин ноутбугумда виндовс 8.1 орнотулган. Мен кыргыз 3 тамгаларынан чыгара албай жатам. Кантип кошуп алсам болот?

Жанарбек пишет:
21.02.2014 в 11:17 AM

Саламатсынарбы менде суроом бар, программа негедир колго жазылган текстти (ручной набор)текшере алат экен, эгерде сканерден откорулгон текстерди туура болсо да текшербей жатат.

Ruslan пишет:
23.02.2014 в 06:32 AM

Тексттин тилин “Киргизский” деп белгилеш керек ошондо гана кыргызча текшере баштайт. Балким ошондон болуп жүрбөсүн?

Ruslan пишет:
23.02.2014 в 06:33 AM

Доорон салам алейкум!
Виндовс 8.1 азырынча раскладка клавиатура жасала элек.

Kurs пишет:
17.03.2014 в 03:37 PM

loll

ayana пишет:
21.04.2014 в 10:19 PM

men ech nersege tushuboi jatam dostor bul emne eken aityp bere alasyzdarby??

Руслан Чодоев пишет:
22.04.2014 в 05:43 AM

ayana бул программаны комьпютериңизге койгондон (установка) кийин Word ду ачып кыргызча тексти тергенде же текшергенде (F7 клавишаны бассаңыз текшерет) тексттеги каталарды көрсөтөт, же кызыл сызыкча менен белгилейт.

Иван пишет:
13.05.2014 в 08:36 AM

Добрый день. А для 64 разрядных систем не планируете делать версию?

рахмат сиздерге пишет:
15.05.2014 в 05:13 AM

мен унутуп кетипмин коптон бери колдонбой установка кылгандан кийин параметиринен коштум бирок жазбай жатат го

рахмат сиздерге пишет:
15.05.2014 в 05:14 AM

сураныч эмне кылышым керек эле? Айтып кое аласыздарбы?

Guli97 пишет:
04.06.2014 в 04:09 AM

А планшет, смартфондорго жуктоого болбойбу?
Мен жуктосом ачпай жатат.
Мага абдан керек болчу

Ruslan пишет:
05.06.2014 в 01:31 PM

Андроидке жүктөгөнгө болбойт. Wındows 32/64 бит, МС Офисс 32 бит.

Азизбек пишет:
05.06.2014 в 05:15 PM

Жакшы экен, мага жакты.. силерге рахмат!

Ишикылса пишет:
06.06.2014 в 04:12 AM

Чооооооң рахмат!!!!!

Руслан Чодоев пишет:
09.06.2014 в 11:45 AM

Рахмат!
Колдоно бергиле, досторунарга да айткыла, ушундай программа бар деп.

коля пишет:
21.08.2014 в 08:22 AM

Руслан мырза бул программаны телефонго орното албай жатам кантип орнотом?

коля пишет:
21.08.2014 в 08:29 AM

Андроидке жуктогонго болбойбу ? Менин телефонум андроид.

Ruslan пишет:
23.08.2014 в 06:55 AM

Коля. Андроидке болбойт. Жалаң гана Windows XP-7 32/64 (Офис 32 бит)

Ибрагим пишет:
22.09.2014 в 04:32 PM

Поезде Жалал,-Абаттан туштук.Екинчи куну Токмокко келдик. Тигил жерге жаны стадион курулат. Жайкы каникулда колхоздо иштебейбиз.Биздин кыштакта кыргыздар жана орустар турушат. Оштон келген артисттер концерт беришти.

Эрлан пишет:
05.12.2014 в 09:59 AM

Салам Руслан, кандайсың, орфография боюнча сурайын дедим эле. KyrSpell 2.2 компьютерге орнотуп (MS Word 2007), ал жактан “Кнопка Office” басып, “Параметры Word” деген жерден офисстин тилин (по умолчанию) Киргизский дегенге койгом. Бул вордту ачканда эле кыргызча текстти орфографиясын текшерип баштоо максатында жасагам. Андан тышкары Виндовсдун озунон “Языковой панель” деген жерден “Язык по умолчанию” дегенди дагы Киргизский (удобная) дегенге койгом.Бул компьютер иштеп баштаганда эле клавиятуранын раскладкасы Кыргыз тилинде болот. Эртеси вордту ачсам орфографияны текшерүү тили кайра Русский болуп калыптыр, кыргызчага кайра которуп вордту жапсап ошибка чыгып “закрыть программу” деп чыгып атат (Win 7) ал эми жумушумдагы компьютер (Win XP) ошибка чыкпай эле жөн гана орус тилине которулуп калып жатат. Даяр кыргызча тексттерди катага текшергенде Рецензирование аркылуу абдан убакытта алат экен, андан көрө колго текшерсе бат болот экен. Бул эмнеден болуп жатат? Башында жакшы иштейт дагы өчүрүп күйгүзгөндө кайра орус тилине которулуп калып жатат. Жооп кутөм. Рахмат.

Эрлан пишет:
05.12.2014 в 12:46 PM

Виндовсдун “Язык по умолчанию” деген жерде “Русский” деген туруш керек экен, кошумча Виндовсдогу Орус тилин өчүрбөш керек экен. Эгер “Язык по умолчанию” Кыргызский (удобная) дегенди коюп, руский деген тилди такыр өчүрүп салса, программада кандайдыр бир каршылыктар жаралып, программанын катачылыгына (ошибка) алып келет экен. Менин оюмча бул пираттык Виндовс операциялык системанын айынан болуп жатат го деп ойлойм, анткени Кыргызстанга келген Виндовсдун баары орус тилинде жана пираткалар эмесби, жана ал пираткалар орустар өзүлөрүнө гана ыңгайлаштырып жасап алгандан болсо керек. Орфография жана синоним маселесин чечтим окшойт, кайра эле иштебей калбаса болду :) Азыр эми “Растановка переносов” дегени казгылап көрөйүн. Руслан сага айтаарым, ийгилик каалайм жана бул ишиңди таштаба! Башкаларын билбейм бирок бул модулдар мага абдан зарыл! Анан дагы сураныч, эгер бош убакыт болсо, орфографияны текшерүү, синоним жана растановка переносов дегенди Ворд-сорд офис-мофис дебей эле өзүнчө программа кылып жасап койсон ваще шик болор эле!

Эрлан пишет:
05.12.2014 в 12:50 PM

Айтмакчы, кечинде видео жазып катаны көрсөтөйүн деген бирок, оңдоп алдым окшойт. Эгер орфография кайра иштебей калса видео жазып жиберем, ошондо наглядно болот го дейм :)

Эрлан пишет:
05.12.2014 в 12:53 PM

Сайт боюнча сунуш, жаңы билдирүүлөрдү (комментарий)негизги макалдан кийин эле чыккандай кылып тууралап койсоңор жакшы болор эле, анткени жаңы билдирүүлөрдү окуу үчүн сайттын ылдый жагына скролинг кылуу зарыл болот экен. Жөнөкөй колдонуучулар скролинг кылып жатканда текст абдан көп көрүнүп, аны окуудан баш тартышат (иий мунун баарын качан окуп бүтөм дегендей).

Руслан Чодоев пишет:
08.12.2014 в 09:30 AM

Эрлан рахмат! Вордду ачканда эле кыргызча текшерүү үчүн раскладканы кыргызчага которуп туруп текст жаза баштаганда эле автоматтык түрдө текшере байштайт (кыргызча). Менин компьютеримде ошондой (XP, Офис 2010). Виндовс 7ге көп деле текшерген жокмун. Иштетип көрүп туруп эле кайра өчүрүп салганмын. Анткени көп программаларды кайра коюш керек болчу. Коментарийлер боюнча карап көрөйүн. Өзүнчө программа боюнча – андай программаны (жакшы иштей турган) жасаш бир топ эле кыйынга турат. Бирок жөнөкөй минимум функцисы бар программаны жасаганга болот. Убакыт болсо жасап коём.

Медет пишет:
21.12.2014 в 02:39 PM

Salem kalyn kalai

Медет пишет:
21.12.2014 в 02:41 PM

M.m.w.

Бакыт пишет:
10.01.2015 в 06:28 AM

Салам аллейкум Руслан. Качан win 64 ылайыктап Kyrspell программасын чыгарасын?

Бакыт пишет:
10.01.2015 в 07:06 AM

У меня на ноутбуке стоит Word 2010 32 разрядный. При установке программы Kyrspell на раскладке клавиатуры показывает кыргызский, а на панели не отображается. Кто нибудь знает в чём причина?

Бакыт пишет:
08.02.2015 в 04:08 AM

Салам аллейкум Руслан! Сиз кыргыз тилин телефонго ылайыктап чыгарсаңыз эң сонунун болот эле. Смстерди жана башка кат алышууларды жазарда баардыгы орус тили менен жазышат. Кыргыз тилинде жазсак кандай сонунун болот эле.

Руслан Чодоев пишет:
09.02.2015 в 05:36 AM

Бакыт алейкум салам! Сиздин сурооңуз орундалды. 64 бит версиясын сайттан жүктөп алып иштете бергиле.

Руслан Чодоев пишет:
09.02.2015 в 05:40 AM

Жамиля саламатсызбы! KyrSpell дин 64 бит версиясы чыкты. Сайттан жүктөп алып иштей берсеңиз болот. Азырынча Windows 7 64 бит, Офис 2010 64 битте текшерилди. Сиздики бөлөк версия болсо программанын иштөөсүнүн жыйынтыгын айтып койгула.

Бакыт пишет:
09.02.2015 в 05:51 AM

Чоң рахмат Руслан! KyrSpell дин 64 бит версиясы чыканына абдан ыраазымын, жакшы иштеп жатат.

жанарбек пишет:
02.06.2015 в 07:25 AM

саламатсызбы мага бардык сотрудниктердин компьютерлерине орфографияны текшеруу тапшырмасы коюлду эле, озумдукуно койдум бирок башка компьютерлерге коё албай жатам 32 битная скачивайтетип атам. коюлбай атат эмне кылуум керек.

Руслан пишет:
10.06.2015 в 12:12 PM

Жанарбек, саламатсызбы!
Коюлуп жаткан компьютерлердин ОС кайсыл версия? XP, win7? Жана орнотулган MS Officтин да версиясы кандай. Эгерде офис 64 битный болсо 64 битныйды коюш керек.

New KG пишет:
24.07.2015 в 08:13 PM

Салам Эн жакшы программа экен. кудай буйруса ОС Win. кыргызча которуп алсак эн жакшы болгону туру. Ийгилик

Seil пишет:
09.09.2015 в 09:43 AM

Урматтуу Руслан! Саламатсызбы? Менде мындай проблема болуп жатат.
Windows 7 Professional Office 2010. 64битный болбой койду. 32 битный коюлду. успешно завершено деп коюлду, бирок колдоно келгенде иштебей атат. Мурда колдонуп иштегем бул программа менен. Азыр иштебей атат. Алдын ала рахмат.

Чодоев Руслан пишет:
12.09.2015 в 05:56 AM

Сейил саламатсызбы. Мага 0557 751129 тел чалсаңыз, балким жардам бере алам.

gulzar пишет:
19.01.2016 в 03:43 PM

саламатсызбы Руслан мен установка кыла албай койдум
аябай аракет кылдым

Тилек пишет:
16.11.2016 в 05:56 PM

менде windows7 word1013 Киргизская (кирилица) бар бирок разкладка клавиатуры…Киргизская удобная деген болук жок болупжатат кандай табам ?

Тилек пишет:
16.11.2016 в 06:04 PM

менде windows7 word2013 киргизская(кириллица) бар , бирок киргизская удобная жок болупжатат, кандай кылсам ,??

Руслан Чодоев пишет:
22.11.2016 в 07:28 AM

Тилек салам!
http://tamgasoft.kg/download/15/
же http://tamgasoft.kg/wp-content/files/tamgakit-orfo-2013.exe жүктөп алып Киргизская удобная дегенди установка кылып иштетсең болот. Эгерде түшүнүксүз болсо бул видеодон көрсөң болот, кандай кылып иштетиш керек экенин – https://www.youtube.com/watch?v=_Di-CuY8pg0

Эрнист пишет:
04.01.2017 в 09:21 AM

Салам Руслан. Макинтошко койсок болобу?

Ширин пишет:
10.08.2017 в 01:07 PM

Саламатсызбы! Мен установка кылсам дагы каталар табылбай жатат. Эмнеден улам болшу мүмкүн?Видеодон көрүп баарын ошондой кылып орноттум эле…Жооп күтөм. Рахмат!

Чынара пишет:
16.08.2017 в 12:47 PM

Office 2010’до иштебейт окшойт.

Эрлан пишет:
27.01.2018 в 08:15 PM

Саламатсызбы Руслан мырза! Office 2016га качан кыргызча шрифт чыгат? Негизи койсо болот 2013тү деле, бирок ал текшербейт. Орфографиясы болсо мыкты болмок. Мен жакын арада болооруна ишенем. Ишиңизге ийгилик.

Руслан пишет:
21.02.2018 в 11:39 AM

Эрлан саламатчылык.
2013 де текшерет кыргызча орфографияны. 2016га азырынча чыга элек, жакында буюрса чыгарам.

Аида пишет:
06.05.2019 в 03:49 PM

Саламатсызбы, мен программаны орноттум, бирок эч нерсени текшербей жатат. клавиатура кыргыз тилинде турат. Правописаниеде орус тилин которо албай жататм.

Руслан пишет:
11.05.2019 в 05:44 PM

Аида ворддогу текстти кыргыз тили деп белгилединерби?
Такыр болбой жатса WatsUp 0557751129 жазсанар болот.

Гулина пишет:
26.05.2019 в 10:55 AM

Установочная программа для KyrSpell 2.3 с раскладками клавиатур

не могу установить. Все время говорит ошибка сети

чынгыз пишет:
27.11.2019 в 07:48 AM

Ассаламу алейкум достор! Oktom times 2003 прог. каерден көчүрсө болот?

Жамал пишет:
02.12.2020 в 05:37 PM

Саламатсыңарбы!
Көптөн бери жакшы эле иштеп жаткан. Бүгүн текшербей калды эмнегедир. Ворд 2013, 32 бит. Өчүрүп, кайра орноттум анда да иштебейт. Исправить деп да көрдүм. Тилдин жанында (киргизский) “флажок” турат, подключено дейт. Мүмкүн болушунча жардам бери койсоңор.

Руслан Чодоев пишет:
07.12.2020 в 06:11 PM

Жамал саламатсызбы?
Текшерип көргүлө орус тилинде текшерип жатабы? Балким “Не отображать орфографические ошибки” деген галочка орнотулуп калган? Же F7 басып текшерип көрүңүз.
Булар жардам бербесе жазып койгула бул жакка.
“Тилдин жанында (киргизский) «флажок» турат” – демек орфография модулду word тапты, бул жерде иштебегени бөлөк себептен болуп жатат го…

Жамал пишет:
14.12.2020 в 07:37 PM

Саламатсызбы, Руслан! Орус тилин да, англис тилин да текшерип жатат. Кыргызчаны текшербей койду. Галочка жок “не отопбражать” дегенде. Эмне себептен болуп атканын түшүнбөй койдум. Көптөн бери эле иштеп жаткан сонун эле. Жакында эле текшербей калды, бирок анда жанагы мен айтып аткан флажок жок болуп кеткен. Программаны өчүрүп, кайра орноткондон кийин пайда болду. Бирок текшербей эле. Ыракмат!

 

Оставьте комментарий