Грамматикалык түзүлүш сөздүн жана сүйлөмдүн курулушу, уюшулушу деген түшүнүктү берет. Эгерде тилдин тыбыштык түзүлүшүндө фонема катары бири-биринен айырмаланган тыбыштар, интонация жана акцент каражаттары (мис., басым) тууралуу сөз болсо, тилдин лексикалык түзүлүшүндө сөз, туруктуу сөз айкаштары (фразеологизмдер), алардын келип чыгышы, лексикалык көп жактуу маанилери жөнүндө сөз болот. Ал эми грамматикалык түзүлүштө болсо, сөздүн, сөз айкаштарынын жана сүйлөмдүн эмнеден куралгандыгы, алардын өзгөрүү өзгөчөлүктөрү, ички табияттары тууралуу сөз болот.

Типологиялык (морфологиялык) түзүлүшү жактан агглютинациялык тилдер тобуна кирген кыргыз тилинде сөздүн уңгусу бир нече уландыларды кабыл ала берет. Бирок сөздүн сырткы турпаты салыштырмалуу туруктуу бойдон калат. Уңгуга жалганган мүчөлөр (морфемалар) да өз орундары менен маанилерин сактап жүрүп олтурат. Кандайдыр башка грамматикалык маани берүү зарылдыгы пайда болгон болсо, тиешелүү дагы башка мүчө (морфема) өз орду менен келип жалгана берет. 

Мисалы, илгичте, илгичимде, илгичимдеби, илгичтеримдеби деген сөздөрдүн ар бириндеги ар башка грамматикалык маанилерди ар башка мүчөлөр билдирип жатат. Илгичте деген сөз менен кайсы бир буюмдун илинип турганын түшүнүп турабыз. Мына ошол грамматикалык маанини табыш жөндөмөсүнүн -да (-те) мүчөсү билдирип турат, экинчи сөздө (илгичимде) жекелик сандагы биринчи жакка таандык маани кошулду эле, ага таандык (-ым) мүчө жалганды, үчүнчү сөздөгү (илгичимдеби) грамматикалык суроо маанини -бы мүчөсү, төртүнчү сөздөгү (илгичтеримдеби) көптүк сан маанисин -лар (-тер) мүчөсү туюндуруп турат.

Келтирилген мисалдардагы ар кандай грамматикалык маанилерди сөзгө улам жаңыдан жалгана берген ар башка мүчөлөр (морфемалар) билдирди. Алар ошол сөздөгү өзүнөн башка мүчөлөргө кандайдыр өзгөчө таасир тийгизген жок, ар бир жаңы мүчө жалганганда мурункулары өз тыбыштык турпаттарын гана эмес, лексика-грамматикалык маанилерин да сактап жүрүп отурду.

Кыргыз тилиндеги сөздөрдүн түзүлүшүндө мына ушундай кубулуш, агглютинация кубулушу мүнөздүү. Башкача айтканда, кыргыз тилиндеги сөздөрдө уңгуга (негизге) удаа курандылар, уландылар биринен сала бири тыбыштык түзүлүшүн да, маанилерин да сактап, жалганып кете берер мүмкүнчүлүктөр бар.