1. Бириккен сөздөрдүн жазылышы

Тыбыштык түрү өзгөрүп, түгөйлөрү өз ара бириккен сөздөр бирге жазылат: бүгүн, быйыл, кайер, жыңайлак, жылаңач, жылаңбаш, унчук, кайната, байке, агайын, былтыр, бүрсүгүнү, антип, минтип, ушинтип, ошентип ж.б.

2. Кошмок сөздөрдүн бирге жазылышы

44-_. Лексикалык мааниси күңүрттөнүп, өз алдынча колдонулуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган сөздөр менен толук маанилүү сөздөрдүн айкашын түзүп, бир маани берип турган кошмок сөздөр бирге жазылат: карамүртөз, кечкурун, көбүнесе, арабөк, балжууран, карагат, алмончок ж.б.

45-_. Жанаша айтылган эки сөздүн биринчиси уяң үнсүз менен аяктап, кийинкиси каткалаң үнсүз менен башталып колдонулса, каткалаң үнсүз жумшарып айтылат, бирок жазууда ага жол берилбейт жана айрым-айрым жазылат: тилгат эмес, тил кат; коңгарга эмес, кон карга; колгап эмес, кол кап; ишенимгат эмес, ишеним кат.

46-_. Эки түгөйү тең өз алдынча лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн жасалган кошмок сөздөр бирге жазылат: асыресе, тиригарак, жексур, ачкүсөн.

3. Кошмок сөздөрдүн бөлөк жазылышы

47-_. Лексикалык маанисин жоготпой, өз алдынча колдонулуп жүргөн сөздөрдөн куралган кошмок сөздөрдүн ар бир бөлүгү бириктирилбей, айрым-айрым жазылат: көз айнек, алп кара куш, таш бака, козу карын, ат кулак, ай балта, ат тиш, аш казан, айры куйрук, кош ооз, ач көз, көк жал, арык чырай, тогуз кат, үч эм, араң жан, кол жазма, басма сөз, көз караш, кол башчы, жол башчы, көз карандысыз, ак көңүл, кара кер, эл аралык, чыгыш таануу, тил таануу, ден соолук.

48-_. Татаал сандардын ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: он бир, жүз элүү эки, бир миң тогуз жүз токсонунчу, он беш, жыйырма үч, он эки, кырк бешинчи.

49-_. Татаал этиштин ар бир түгөйү айрым жазылат: чуркап кел, жүгүрүп чык, отура тур, уктап ал, күтө тур, сүйлөп жатты, айттырып ий, кете бер, алып барып кел, таап кел, алып барып бере кой, сурап чыга кал, жыгылып кете жаздап барып токтоду, келе жатат ж.б.

Эскертүү: "жат" деген жардамчы этиш кыскарып "ат" болуп айтылса, са негизги этишке уланып, угулушунча бирге жазылат: баратат, келатат ж.б.

2. Төмөнкү татаал этиштердин толук түрүнө да, кыскартылган түрүнө да жазууда жол берилет: алып бар//алпар, алып кел//апкел, алып бер//алпер ж.б.

50-_. Зат атооч менен этиштен, куралган кошмок сөздөр да айрым жазылат: жардам кыл, жардам эт, кол шилте, кол сал, баш ийдир, салам бер, баш тарт, азап чек, өч ал, кол кой, таасир эт, өмүр сүр, курман бол ж.б.

51-_. Кошмок сөз түрүндөгү татаал сын атооч менен тактоочтордун ар бир бөлүгү айрым-айрым жазылат: көк ала, кара күрөң, мала кызыл, кара көк, кызыл чийкил, ак саргыл, сары ала, кара ала, кер кашка, кара тору (татаал сын атоочтор), бир кезде, ар качан, ар күнү, таң эртең менен, эртең менен эрте, таңга маал, кечке жуук, кеч бешимде, түн ичинде, бир паста (татаал тактоочтор).

52-_. Туруктуу сөз айкашынын (фразеологизм) ар бир сөзү бөлөк жазылат: эшек такалаган, тили буудай куурган, кара кылды как жарган, колтугуна суу бүркүү, жумурткадан кыр издоо, камырдан кыл суургандай, мурдун балта кеспеген, талпагын ташка жаюу ж.б.

53-_. Тууранды, сырдык, модал сөздөр, байламта, жандооч, бөлүкчөлөр толук маанилүү сөздөр менен тизмектешин айтылганда, алардын ар бири бөлөк-бөлөк жазылат: өтө кооз, ого бетер, бар эле, сен го, эң сонун, бах чиркин, алуу керек, ат менен келди, адам сымал, киши шекилдүү, ага сөрөй, чогулуштан кийин, мага чейин, тоого дейре, ар нерсе, ар ким, кимдир бироо, эч качан, эч жерде, эч нерсе, ар качан ж.б.

Эскертүү: эчтеке, эчтеме, бирдеңке, бирдеме сыяктуу сөздөр бирге жазылат.

3. Кыскартылган сөздөр жана алардын жазылышы

54-_. Башкы тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөр баш тамга менен жазылат: КУУ (Кыргыз улуттук университети), УАК (Улуттук аттестациялоо комиссиясы).

55-_. Баш тамгаларынан кыскартылган татаал сөздөргө мүчө улаганда, кыскартылган сөздүн айтылышына ылайык мүчө кичине тамга менен жазылат: БУУга, КУУнун, УАКтын, МАИнин, КТРдин ж.б.

56-_. Биринчи муундарынан кыскартылган жалпы татаал сөздөр кичине тамга менен башталып, бирге жазылат: химфак, физприбор, филфак, турфирма ж.б.

4. Кош сөздөрдүн жазылышы

57-_. Кош сөздөрдүн бардык түрү ортосуна дефис белгиси коюлуп жазылат сак-саламат, аман-эсен, күч-кубат, эки-үч, улам-улам, бала-бакыра, ыпыр-сыпыр, тарс-турс, жылт-жулт, жүрүм-турум, каада-салт ж б.

 

Источник: