-
ДОСУ
-
ДОСУ Ташмат уулу (1930, Жалал-Абад шаары) — манасчы. «Манас» айтууну атасынын бир тууганы Токтаалы Төрөгелди уулунан үйрөнгөн жана эпосту кара сөз түрүндө айткан. Андан: Жакыптын Алайдан Таласка көчүп келиши, Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы эпизоддору жазылып алынган. Д-нун варианты башка манасчылардын вариантынан айрым мотивдери боюнча айырмаланып турат. Анын айтуусунда Абыке менен Көбөш Манастын кулу — туткунга түшкөн калмактар болуп берилет. Көкчө Манастын бөлөсү, ал эми Коңурбай жээни болот. Манас үч жолу өлүп, үч жолу тирилет. Биринчи жолу Көкчөдөн, экинчи жолу Токтобай Орозбай уулунан өлөт. Үчүнчү жолу Кара дөөдөн өлгөндөн кийин Каныкей ага күмбөз тургузуп, дубалына Манастын жеңген душмандарынын аты-жөнүн жаздырып коет. Д. Ташмат уулунун варианты Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.) сакталып турат.
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
- Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш.
- Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
- Досум, дос элек коон үзгөндө, кас болдук бозо сүзгөндө.
- ДОСУМБАЕВ
- Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо, аягыдай эмес.
- Досуң миң болсо да — аз, душманың бирөө болсо да — көп.
- Досуңа сыр айтпа, досуңдун досу бар.
- Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
- Досуңдан төө сура, чыдабаса бээ берет.
- Досуңдун ашын касыңдай же.
- Досуңдун бергенин тишин ачпа.
- Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душманындын бычагы менен кийиз кес.
- Досуңдун тоогун жесең, канжыгасына каз байла.
Found similar words in another language:
RU
- ДОСУГ (ru-ru)
- досуг (ru-kg)
- Досудебная санация (ru-kg)
- Досудебное производство (ru-kg)
- Досудебное следствие (ru-kg)
- Досудебный доклад (ru-kg)
- ДОСУЖИВАТЬ (ru-ru)
- досужий (ru-kg)
- ДОСУЖИЙ (ru-ru)
- ДОСУЛЬ (ru-ru)
- ДОСУНУТЬ (ru-ru)
- ДОСУРМИТЬ (ru-ru)
- ДОСУРОВЕТЬ (ru-ru)
- ДОСУСЛИВАТЬ (ru-ru)
- досуха (ru-kg)
- ДОСУЧИВАТЬ (ru-ru)
- ДОСУШИВАТЬ (ru-ru)
- досушить (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
ДОСУ