Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - аңчылык
 

аңчылык

 
занятие охотой, охотничий промысел; звероловство;
аңчылык турмуш охотничий быт;
аңчылык менен күнүгө жаш сорпо ууртап турушат благодаря охоте они ежедневно хлебают свежий бульон.

аңчылык

 
охота

АҢЧЫЛЫК

 
АҢЧЫЛЫК, аң уулоо — эт, май, тери жана башкалар алуу максатында ар түрдүү куралдардын жардамы менен кайберен, илбээсин уулоо. Кыргыздар башка түрк уруулары сыяктуу эле А-ты кесип кылган. Жергебизде айбанат менен илбээсиндин көптүгү жана ар түрдүүлүгү, жер шартынын аларга оңтойлуу болушу А. кесибинин өөрчүшүнө шарт түзгөн. «Манас» эпосунда да башкы каармандар Манастын, Семетейдин А-ка чыгышына байланыштуу урунттуу окуялар кездешет:
Кийик издеп, аң уулап,
Киши жүрбөс улуу тоо,
Тоону басып кадуулап,
Адырдан аркар аталык (Сагымбай Орозбаков, 2.285).

А-тын коллективдүү түрү эпосто салбырын катары айтылат, к. Салбырын.

аңчылык

 
hunt [хант]

аңчылык

 
avcılık.

Аңчылык

 
АҢЧЫЛЫК – табигый эркиндикте жүргөн жаныбарларды аңдуу, издөө жана атып алуу. Ошондой эле, аңчылык эрежесин, ыкмасын, мөөнөтүн сактоо менен, аңчылык жайыттарындагы жапайы жаныбарларды аңдуу жана өлтүрүү (атып алуу, кармоо) дагы А. катары таанылат. Аңчылык түрү менен ыкмасына жараша ал төмөндөгүдөй бөлүнөт: мылтыкчан, өзүмбилемдик, ит агытуу, куш салуу, спорттук, кесипчилик, коммерциялык, олжо. А. жан-жаныбарлардын объектисин пайдалануунун бир таризи болуп саналат.

аңчылык

 
аңчылык, аңчылыгы, аңчылыкка
аңчылык чарбасы

Аңчылык

 
Охота

аңчылык

 
зат. Аң уулоочулук, аң уулоо кесиби; мергенчилик. Арстанбек аңчылыктын жайын, тартибин балдарга айта да коюучу (Мидин). Жаш кар аңчылык үчүн абдан ыңгайлуу (Каимов).


Хотите добавить свой перевод для слово: "аңчылык"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru