Меню
Эл-Сөздүк

кый

кый I
кый сүбө ложные рёбра;
кый сүбөңдөн оргуштап, кызыл каның каткан ким? фольк. кто ты, у которого на ложных рёбрах засохла кровь буграми?
кый түгөттүң чарамды фольк. ты вконец измотал меня
кый II
южн.
то же, что кык.
кый III
кый-чый или кый-куу громкие крики, выкрики;
кый-кууга сал- орать, кричать.
кый- IV
1. резать, срезать, рубить (напр. деревья, камыш);
тал кый- резать, рубить тальник;
токой кый- рубить, вырубать лес;
2. резать наискось;
кыя кескен срезанный наискось; нарезанный наискось (напр. о колбасе);
кыйган камыш кулактуу фольк. (о коне) с торчащими острыми ушами (как камыш, срезанный наискось);
кылычын кыя байланып фольк. привязал он себе меч свой наискось;
кыйып карабастан, тике карады он смотрел не в сторону (не косо), а прямо (в глаза);
бозо салган үйдөн кыя өтпөйт мимо дома, где варят бузу, он не пройдёт (зайдёт и выпьет);
кыя баспай алдыңан, кол куушуруп турайын стих. мимо тебя я стороной не пройду, буду стоять, (почтительно) скрестив руки;
кыя тартып өттү он прошёл (проехал) мимо;
эп кый- плотно пригнать; приладить; пристрогать (напр. две доски одну к другой); исправить, приведя в первоначальный вид;
нике кый- сочетать браком; совершить обряд бракосочетания;
кыйган каш брови дугой (у красавицы).
кый- V
не пожалеть, пожертвовать чем-л., рискнуть; осмелиться;
атыңды кыйсаң, маа бер если не жалко, дай мне твою лошадь;
саа берүүгө кыйбай турам я не решаюсь дать тебе; мне жаль дать тебе;
кетүүгө көөнүм кыйбай турат я не решаюсь уйти; мне не хочется уходить;
жолдошторун кыйган жок он пожалел своих товарищей;
ырыс кый- разрушить счастье;
баш кый- сложить голову;
эл үчүн башын кыят за народ он голову свою сложит;
жан кый- не жалеть жизни;
өз жанын кыйбады он на себя руки не наложил;
жанын кыйып ким барат? кто рискнёт жизнью и пойдёт?
кыямын десең, жан мына; төгөмүн десең, кан мына фольк. если решишь (не пожалеешь), так вот душа (убей); если хочешь пролить, так вот кровь;
жанын кыйды
1) он пожертвовал своей жизнью;
2) он наложил на себя руки;
кирерге жер катуу, кыярга жан таттуу погов. умирать не хочется (букв. входить - земля тверда, расстаться - душа сладка);
өмүрүн кыйдың, Кудаке, өрт-жалындуу эрдин, деп фольк. мол, ты, Кудаке, покусился на жизнь пламенного молодца;
жанын кый- лишить (его) жизни;
жан кыйба! помилуй!, не убивай!;
жаманга сени кыя албас фольк. зла он тебе не может причинить; зла он тебе не может желать;
силерди жамандыкка кыйбас жерди өзүм билем я и сам знаю, что он вам зла не пожелает;
аны жамандыкка кыйгысы жок он не хочет ему дурного; он не хочет причинить ему зла;
мени кыйбастыгынан айтып берди он рассказал потому, что не мог не рассказать мне (напр. из уважения);
сапарымды кыйбагын не препятствуй моему пути (моему отъезду);
сага кыйдык пусть достанется тебе; отдаём тебе;
кара жерге кыямбы! фольк. я не хочу предать его земле! (т.е. не хочу его смерти);
сенин көөнүңдү кыйбадым из уважения к тебе, я не мог отказать (или поступить иначе).

кый

кый: кый сүбө
кыйсыпыр түшүү

кый-

кый- (кес-), кыюу, кыят
кыйсыпыр түшүү
кыя баспоо
кыя кетирбөө
кыя тартпоо

кый

кый (кык) (диал.)

кый

кый: кый-чый

кый

I этиш. 1. Кандайдыр бир курал менен кесе чабуу, чаап кесүү; кесип жыгуу (мис., теректи). Байлалуу турган аттардын, Чылбырын кыя чапты эми («Эр Табылды»). Эсиң болсо тыңдагын, Эмилден таяк кыяйын («Мендирман»). [Мусабек] тирөөч үчүн арча кыйып, аны өгүздөргө артып, кыйналчу күндөрүн жомокточу (Сасыкбаев).
2. Тууралап, ылайыктап эп келтирүү, эп келтирип жасоо. Мына Күлүкан менен Макеш өз дооруна эп кыйып койгондой жарашыктуу («Советтик адабият»). Канжар, кулак каз моюн, Чебер уста кыйгандай (Аалы).
КЫЙ II этиш. Кандайдыр бир нерседен кечүү, аябоо, ыраа көрүү, берүү. Гүлайды эч кимге кыйгысы келген жок («Советтик адабият»). Үймөлөгөн буудайды, Бизге кыйып салыңыз («Манас»).
Жанын кыюу — жанынан кечүү, аябоо; өлүмгө баруу, өлүү; өлтүрүү. Көпчүлүк үчүн жан кыйган, Көргүлө мындай баатырды (Осмонкул). Сайышка самап ким чыкса, Жалмап жанын кыям деп («Манас»). Көзү кыйбоо — ыраа көрбөө, бергиси келбөө, колдон чыгаргысы келбөө. Же боругуңду көзүң кыйбайбы? (Сыдыкбеков). Көңүлүн же кадырын кыйбоо — капа кылгысы келбөө, көңүлүнө кароо, кадырын сактоо. [Аныйпа].. чарчап келе жатса да, Мукай менен Сабырдын көңүлүн кыйбай токтоп турду (Таштемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: