Меню
Эл-Сөздүк

буюм

1. вещь, предмет;
кең түрдө керек кылынуучу буюмдар предметы широкого потребления;
буюм-тайым всякие вещи, пожитки;
2. перен. что-либо стоящее, заслуживающее внимания;
ал үчүн буюм болгон жок (это) для него было пустяком, (на это) он не обратил никакого внимания.

буюм

  • вещь (имущество)
  • имущество
  • БУЮМ

    «Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот» (Осмонкул). Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу, турмуш-тиричиликте колдонмо-жасалга катары пайдаланылуучу нерселер, мүлктөр, эмеректер. Уста-усталардын жекече чыгармасы, чеберчиликте узанып - узданып жараткан нускалары жана үлгүлөрү. Көркөм буюм жаратуу — ал өнөр. «Буюм-тайым», «буюм-терим» деп айтыла берет да, ал (утилитардуу колдонмолук-жасалгалык жана уникалдуу (өтө көркөм, чында көрүнө турган) мааниге ээ болот. Демек, буюмдун жупунусу колдонмо, коозу жасалга катары жашап жагат. Ушундан улам колдонмо-жасалга өнөрү келип чыккан. Азыр бирикмелерде жана турмуш-тиричилик комбинаттарда эки максатты тең көздөп, утилитардык мааниге ээ болгон буюм - сувенирлер чыгарылууда.
          Бир эле буюмду көркөмдөп да, жупунулап да кармоого болот. Андай бөтөнчөлүктөр устанын жана уздун өнөр дараметине байланышат. Ал эми азыркы курулуп, архитектуралык өзгөчөлүктөрү бар бөлмөнүн ичинен белекке берилген буюм-тайымдар өзүнө-өзү орун табат да, ошол эле тапта ал кооздукту да ыроолоп турат.

    буюм

    gear [гиэ];
    manufacture [мэнйу’фэкчэ]

    Буюм

    БУЮМ – жарандык укуктун объектиси, табигый жаратылыштагы же адамдын эмгегинен жаралган тышкы (материалдык) дүйнөдөгү нерсе, мүлктүк укук мамилелеринин негизги объектиси. Б. артүркүн негизде: кыймылсыз (түбөлүк) жана кыймылдуу Б., негизги Б. же дүнүйө, бөлүнгүс Б., аралаш Б., жеке-таандык Б. жана тууган-уруктук белгилер менен аныкталуучу Б. ж. б. у. с. болуп бөлүнөт.

    Буюм

    БУЮМ – саны даана (нуска) менен санала турган өнөржай продукция бирдиги. Б-га жасалып бүткөн жана жасалып бүтөлек өнөржай буюмзаты, а. и. сомдолгон жасалгылар да кирет.

    буюм

    зат.. 1. Күндөлүк үй тиричиликте колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, дүнүйө. Майда-чүйдө буюмдарымдын бардыгын Лайлыкандан берип жибердим (Жантөшев). Кычан.. тогоо, илгич өңдүү майда буюмдарды жасап коёт (Бейшеналиев).
    2. өт. Эчтеме эмес, эч нерсеге турбайт; оңой, опоной. Ушу да буюмбу! Муну арыдан бери бүтүрө салбайбызбы («Ала-Тоо»). [Күлжан].. жаан жааганын буюм көрбөй баратат (Байтемиров).
    Буюм-тайым же буюм-терим — ар түрлүү керектүү нерселер, буюмдар. Буюм-тайым бар беле? — деди карыган аял (Убукеев). Буюм-теримиңерди алып, ушу жерге так саат жетиде даяр болгула (Таштемиров).

    Примеры переводов: Буюм

    Кыргызский Русский
    Буюм укуктары Вещные права
    Буюм укуктарын коргоо Защита вещных прав
    Буюм келип чыккан жердин аталышы Наименования места происхождения товара
    Буюм келип чыккан жердин аталышын укуктук коргоо Правовой охраны наименования места происхождения товара
    Буюм укуктарына карата колдонулуучу укук жөнүндө жалпы жоболор Общие положения о праве, применимом к реальным правам
    Буюм келип чыккан жердин аталышын укуктук коргоо аны каттоодон өткөрүүнүн негизинде берилет. Правовая охрана наименования места происхождения товара предоставляется на основании его регистрации.

    Примеры переводов: Буюм

    Кыргызский Английский
    Буюм укуктары Real Rights
    Буюм укуктарын коргоо Protection of Real Rights
    Буюм келип чыккан жердин аталышы Appellation of the Place of Origin of Goods
    Буюм келип чыккан жердин аталышын укуктук коргоо Legal Protection of the Appellation of the Place of Origin of Goods
    Буюм укуктарына карата колдонулуучу укук жөнүндө жалпы жоболор General Provisions of Law Applicable to Real Rights
    Буюм келип чыккан жердин аталышын укуктук коргоо аны каттоодон өткөрүүнүн негизинде берилет. Legal protection of the appellation of the place of origin of goods shall be provided on the basis of its registration.

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: