Menü
Эл-Сөздүк

ход

м.
1. (движение) жүрүү, жүрүш;
ход поезда поезддин жүрүшү;
во время хода поезда поезд жүрүп бара жатканда;
на полном ходу поезда поезд аябай катуу жүрүп бара жатканда;
ход вперёд алга жүрүш;
тихий ход акырын жүрүш;
дать задний ход кетенчиктетүү, артка жүрүү;
ход планет планеталардын жүрүшү;
два часа ходу эки сааттык жол;
2. (работа, совершаемая механизмом) кыймыл, жүрүш, ык, багыт; учуш (самолёта);
ход поршня поршендин жүрүшү;
холостой ход см. холостой;
ход руля ав. рулдун багыты;
плавный ход мотора мотордун бир калыпта жүрүшү;
ход часов сааттын жүрүшү;
по ходу часовой стрелки сааттын стрелкасынын жүрүшүнө карата;
3. перен. (развитие, течение) жүрүш, жүрүү, өрчүш, өрчүү, өсүү, багыт, агым;
в ходе борьбы күрөштүн жүрүшүндө;
судя по ходу вещей иштин жүрүшүнө караганда;
при таком ходе событий окуялардын мындай болуп турганында;
ход истории тарыхтын (тарыхый окуялардын) өрчүшү (багыты);
4. (вход, проход) кире бериш, өтүш, эшик, жол;
чёрный ход короо жактан (көчө жактан эмес) кирме эшик;
парадный ход көчө жакка чыгуучу эшик;
ход со двора короо жактан кире турган эшик;
5. жол;
ходы сообщения воен. окоптордо катташ жолдору;
6. (в игре) жүрүү, жүрүш, ыкма;
ваш ход жүрүш сиздики, сиздин жүрүшүңүз;
чей ход? жүрүш кимдики?;
ход пешкой шахм. пешка менен жүрүш;
ход коня шахм. аттын жүрүшү;
сделать ход конём шахм. ат менен жүрүү, атты жүрүү;
ход тузом карт. туз менен жүрүү, тузду жүрүү;
ловкий ход ыктуу жүрүш, эпчил жүрүш;
7. (ось с парой колёс) ок (кош дөңгөлөк огу менен);
передний ход телеги арабанын алдыңкы огу;
8. (колёса с ободом) алкактуу дөңгөлөк, алкагы бар дөңгөлөк;
коляска на резиновом ходу резина дөңгөлөктүү тырашманке;
на железном ходу огу темир араба;
телега на деревянном ходу огу жыгач араба;
на гусеничном ходу огу гусеницадан турган араба, жылан боор алкак;
9. (время прохода рыбы):
весенний ход рыбы балыктын жазгы өрдөшү, балык өтүүчү убак;
он знает все ходы и выходы ал жолун билет, эбин табат; ал эшик-тешигин бүт билет;
в ход пойти колдоно баштоо; иштетиле, жумшала баштоо;
в ходу или в большом ходу кең түрдө колдонулат, суроосу кең;
это у нас в ходу бул бизде кең түрдө колдонулуп жатат;
пустить в ход
1) (в движение) жүргүзүү;
пустить в ход машину машинаны жүргүзүү;
2) перен. (в употребление) колдонулууга киргизүү;
пустить в ход все средства бардык каражатты колдонууга киргизүү, бардык каражатты ишке жумшоо;
дать ход
1) чему тийиштүү жерге жиберүү (мис. келген арызды текшерүүгө);
2) чему, перен. өстүрүү, өнүгүүгө мүмкүндүк берүү;
ему не дают ходу ага жол бербейт;
идти полным ходом абдан ылдам жүрүү, абдан ылдам өрчүү (баруу);
работа идёт полным ходом жумуш эң тездик менен жүрүп жатат;
с ходу разг. токтобой, жүрүп баратып;
на ходу
1) жүрүп бара жатканда (мис. трамвайдан секирип түшүү);
2) разг. басып бара жатып;
закусить на ходу басып бара жатып тамак жеш;
3) (в действии) иштеп жатат (мис. ишкана);
пойти в ход бир нерсе колдонула баштоо, керектеле баштоо.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: